Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

"Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз". Мамбеттурду Мамбетакун алтымышта


Профессор Мамбеттурду Мамбетакун. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Заманабыздагы чыгаан кыргыз таануучулардын бири Мамбеттурду Мамбетакундун 60 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

Көп багыттуу жаратмандык иш-аракети менен заманбап кыргыз таанууга (анын ичинде фолклор таануу, тил таануу, манас таануу, адабият таануу, кыргыз этнографиясы, кыргыз ономастикасы жана башка тармактарга) бараандуу салым кошууга үлгүргөн Мамбеттурду Мамбетакун мырза эми гана алтымыштын кырына чыгууда.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында (КЭР). 14-июль, 2014-жыл.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында (КЭР). 14-июль, 2014-жыл.

Ал 1965-жылы аяк оона айынын (сентябрдын) 20сында Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарына караштуу Tегирмети айылынын Kорумдук кыштагында туулган.

Биз чакан блогубузду анын 60 жылдык торколуу тоюна карата жарыялоону эп көрдүк.

Элдик орошон тагдыр кыттай куюлган ыр

Бир чакан ыр менен тарыхый тагдырды да, мүдөөнү да, жаркын болочокту да чагылдырууга болобу? Кайран Мамбеттурду Мамбетакун, – биздин терең кадырлаган Макебиз, – өзүң дал ошондой ыр жарата алганыңа тен берем.

“Чү” деген эле жерде “Биз” аттуу ырың кыргыздын этностук маданиятынын бейрасмий “паспортторунун” бири болуп калган ак калпакты атай кетет:

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз...

Эсимде, дал ушул ырды алгачкы жолу мен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна (ШУАР) илимий сапарда болуп, силерге жолугуп кайткан этнограф, академик Абылабек Асанканов агабыздын Бишкекте тарыхчылардын чакан чөйрөсүндө ырдоосунда эшиткен элем.

Ушунчалык өзгөчөлүгү менен жанды арбаган бул ырда:

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,

Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.

Энесай узатканда аттар семиз,

Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык...” – деген саптар да бар.

Энесай демекчи... Тээ 1982–1984-жылдардан тартып ал кездеги Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин бир беткей идеологиялык цензурасы “маоисттик гегемондук саясатка каршы болуу” деген жарамсыз чакырыкка тушалып алып, Кыргызстандагы тарыхчыларга “Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы – теңир-тоолук кыргыздардын тарыхына эч тийешеси жок тарых” деген азыркы тапта өтө күлкү келерлик жобону Кыргызстандагы тарых илимине расмий таңуулаган болчу.

Профессорлор Мамбеттурду Мамбетакун (солдо) менен Тынчтыкбек Чоротегин. Нарын облусу, Кыргызстан. 28-май, 2015-жыл.
Профессорлор Мамбеттурду Мамбетакун (солдо) менен Тынчтыкбек Чоротегин. Нарын облусу, Кыргызстан. 28-май, 2015-жыл.

Албетте, залкар жазууулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов, туңгуч чыгыш таануучу Өмүркул Караев, этнограф Имел Молдобаев, тарыхчы Мидил Жамгырчинов сыяктуу улуу муундун өкүлдөрү ошол 1980-жылдардын башында эле бул идеологиялык таңуулоого каршы чыгышкан.

Мурдагы Советтик Орусиядагы археологдор Юлий Худяков, Дмитирий Савинов, Галина Длужневская, этнограф Астайбек Бутанаев, тилчи Эдгам Тенишев сыяктуу жана башка чыгаан окумуштуулар дагы Энесай Кыргыз каганатынын тарыхый доору теңир-тоолук кыргыздар үчүн дагы, Энесайда, Кең Алтайда байырлап жаткан хакас, шор, алтай-кижи, тыва жана башка тектеш элдер үчүн дагы орток тарыхый барак экендигин ырааттуу тастыктап жазышкан.

Айтылуу “Кайра куруулар” доорунда кыргызстандык жаш тарыхчылар да Энесай Кыргыз каганатын жерип салууга каршы өз үндөрүн кошо башташкан.

Ал эми тарыхчы Анвар Байтур (01.8.1938 – 06.1.1991) баш болгон кытайлык кыргыз айдыңдары кыргыз тарыхынын Чыгыш Евразиядагы кең жана бирдиктүү мейкиндигин ошол 1980-жылдары деле бирдиктүү тарыхый чөлкөм катары таамай чагылдырып келишкен.

Жогорудагы “Энесай узатканда аттар семиз” деген ыр сабы дал ушундай тарыхнаамалык ойго жетеледи.

“Ата Бейиттеги” ыр саптары

"Ата-Бейиттеги" таштагы ыр саптарынын басымдуу бөлүгү М.Мамбетакундун “Биз” деген ырынан алынган. Т.Чоротегин тарткан сүрөт. 02-сентябрь, 2016-жыл.
"Ата-Бейиттеги" таштагы ыр саптарынын басымдуу бөлүгү М.Мамбетакундун “Биз” деген ырынан алынган. Т.Чоротегин тарткан сүрөт. 02-сентябрь, 2016-жыл.

Ал эми 2016-жылдын 2-сентябрында “Ата Бейит” эскерүү жайында жаңы ачылган эстеликтер тобунун ачылыш аземине барып катыштым.

Бул эстеликтер тобу 1916-жылдагы кыргыз элинин орусиялык оторчуларга каршы кубаттуу улуттук боштондук көтөрүлүшү учурунда каармандык менен согушуп мерт тапкан жана ушул көтөрүлүш кандуу жазаланган соң башталган алааматтуу Улуу Үркүндө набыт кеткен бабаларыбызга багышталган.

Ошол эстеликтердин биринде ташка чегилген төмөнкү саптар өзгөчө көңүл бурдурду.

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жарык болуп түгүлдүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз.

Кырылып бара жатып тирилдик биз”.

(Мында Мамбеттурдунун ырынын түп нускасындагы “сөгүлдүк биз” сөзүн “чачылдык биз” деген сөз айкашына алмаштыруунун, менимче, эч кажети деле жок болчу, анткени “сөгүлдүк” сөзү көп мааниге, анын ичинде “жиктелдик”, “ыдырадык” деген маңызга ээ. Булут – сөгүлөт, ыдырайт. Ал эми “Кырылып бара жатып тирилдик биз” деген кошумча сап – Шакебизге таандык).

Шакебиз, – б.а. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Шайлообек Дүйшеев агабыз, – бир аз “чачын тарап” койгон бул ыр саптары – Мамбеттурдунун “Биз” аттуу жогорудагы даңазалуу ырынан алынган.

Бул ырга Макебиздин бир тууганы, кытайлык кыргыздардын белгилүү композитору Мамбетжума Мамбетакун элестүү обон чыгарган.

Жогоруда учкай айтылгандай, Абылабек агабыз бул ырды бизге алгач ырдап берген эле.

Азыркы тапта Макебиздин ушул ыры чек аралардан кесип өтүп, төгөрөктүн төрт бурчундагы кыргыздардын арасында ырдалып келет, ал эми анын таасын саптары Бишкектин түштүк-чыгыш ыптасындагы Чоң-Таштын дөңсөөсүндөгү “Ата-Бейит” эскерүү жайынын төрүндө түбөлүккө чегилип калды.

Сөз таануу жана фолклордук казына

Мамбеттурду инибиздин сөз байлыгы, менимче, “Карасай сөздүктөгү” байлыкка тең болсо тең, айтор, андан кем калышпайт. Себеби Макебиз кыргыз тилинен тышкары тектеш казак, уйгур, өзбек тилдерин жана ханзу тилин мыкты билет. Ал “Карасай-сөздүктү” да мыкты өздөштүргөн, өз эмгектеринде кыргыздардын Кытайдагы диалекттерине таандык терең байлыкты бөксөртпөстөн чагылдырып да келет.

Мамбеттурду ар бир сөзгө астейдил маани берген инсан. Ал Кыргызстанда акын Токтогул Сатылган уулунун сүйүүгө арналган даңазалуу ырынын бир сөзү бурмаланып айтылып жүргөнүнө көңүлүбүздү бурган.

Маселен, Макебиз: Токтогулдун аксылык сулуу Алымканга арналган ырындагы “атка бир салган жүлдөйсүң” – деген ыр сабын “Атка бир салган дилдейсиң” деп ырдап жүрөсүздөр, деги дилди (жүрөктү) кантип эле атка салынчу жамынчы кылышсын! – деп күлгөнү эсте. (Мында “жүл” – айымдардын ээринин көрпөчөсүнүн үстүнөн салынчу өтө назик, жеңил жана кооз килемче же башка үлбүрөгөн жибек кездеме жабуу. – ТЧ). Бул жаатта ал Бишкектеги сыналгыда да чыгып сүйлөп айткан.

Айтмакчы, 2023-жылы 7-октябрда (тогуздун айынын 7синде) Борбордук Азиядан келген жоон топ окумуштуулар жана өнөрпоздор анатолиялык (бул тарыхый аймакты түрк туугандлар Анадолу дешет) кесиптештер менен чогуу Түркиянын Ван дубанындагы Эржиш ооданына караштуу Улуу Памир айылындагы бир маданий иш-чарага катышып калдык. Ал иш-чараны түркиялык Сиирт университетинин профессору, тарыхчы Гүлниза Айнакулова вандык жергиликтүү бийликтер менен биргелешип уюштурган.

Бул иш-чара маркум Рахманкул хандын (1913–1990) жетекчилигиндеги ооган кыргыздарынын тобунун Ван аймагын көздөй журт которуусунун 41 жылдык мааракесине арналган. Бул маданий кечеде таланттуу өнөрпоз ырчы жана комузчу карындашыбыз Нур Капарова Токтогул Сатылган уулунун “Алымкан” ырын аткарды. Бул окуяны эскерген себебим – аталган ырдагы “жүлдөйсүң” деген сөздү Нур айым абдан таамай айтып аткарды.

Демек, Макебиздин сынын туура кабыл алган өнөрпоздор Ала-Тоодо да арбып барат.

Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору профессор Мамбеттурду Мамбетакун).
Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору профессор Мамбеттурду Мамбетакун).

Тарых, этнография жана санжыра

Бир катар кытайлык кыргыз айдыңдары көөнө доордон берки кытайлык жазма эстеликтердин кыргыздар тууралуу маалыматтарынын ханзуча тексттерин кыргызча котормосу менен чогуу бир эле китепке сыйдырып, 2014-жылы Үрүмчү шаарында жарыялашкан. Профессор Мамбеттурду Мамбетакун бул хрестоматиялык булак таануучулук жыйнактын башкы түзүүчү болду. (Караңыз: Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014.).

Бул таберик болуп калган китепте кыргыз тилиндеги чыгыш таануу тармагы үчүн өзгөчө алгылыктуу ономастикалык жаңы табылгалар бар. Мисалы, көчмөн хун дөөлөтүндөгү өкүмдарды туюнткан “шанүй” сөзүнүн ордуна “теңиркут” сөзү, “Маодун шанүй”, “Чжичжи шанүй” ысымдарынын ордуна өкүмдардык даражасы кошуп айтылчу “Багтуг теңиркут”, “Тезек теңиркут” сыяктуу киши аттары жана башка аталыштык окуу варианттары сунушталган.

1990-жылдардын экинчи жарымында Мамбеттурду Мамбетакун таанымал германдык кыргыз таануучу, илим доктору Гундула Салк айым менен чогуу Кытайдын түндүгүндөгү айтылуу манжуриялык (хейлуңжаңдык) Фу-Йү кыргыздарына илимий саякатка чыгып, тарыхый Манжурияда мекендеп калган бул бир туугандарыбыз жөнүндө этнографиялык, фолклордук жана тил таануу жаатындагы баа жеткис эмгекти биргелешип жазып, Батыш Европада англис тилинде жарыялашканы эсибизде.

Макебиз кытайлык кыргыздардын санжыра айтуу өнөрүн да көңүл чордонунда кармайт. 2014-жылы 13-июлда бир катар кыргыз этнографтары Макебиз менен чогуу айтылуу кытайлык кыргыз санжырачысы, кийин көзү өткөн Төлөк Төрөкан (Tölök Törökan uulu; 1932 – 2018) аксакалдын үйүнө барган элек.

Кытайлык кыргыздардын санжырачысы Төлөк Төрөкан менен Тынчтыкбек Чоротегин жана Мамбеттурду Мамбетакун баарлашууда. Аңыз кыштагы, Артыш, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР 13-июль, 2014-жыл.
Кытайлык кыргыздардын санжырачысы Төлөк Төрөкан менен Тынчтыкбек Чоротегин жана Мамбеттурду Мамбетакун баарлашууда. Аңыз кыштагы, Артыш, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР 13-июль, 2014-жыл.

Бул санжырачы аксакалыбыз ошол тапта КЭРдин ШУАРындагы Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун Артыш аймагына таандык Каражүл айылынын курамына кирген Аңыз деген кыштакта байырлап жаткан болчу. Макебиз анын санжыралык варианты КЭРдеги илимпоздор тарабынан кылдат иликтенип жатканын бизге маалымдаган.


Өлөң таанууда дың казуу

Мамбеттурдунун кыргыз адабият таануусуна жана фолклор таануусуна кошуп жаткан көөнөргүс салымдарынын бири – ак-тоолук (КЭРдин Чыгыш Памириндеги) кыргыздардын өлөң айтуу өнөрүн терең изилдеп тим болбостон, бул өнөр түрүн сактап калуу үчүн Кытайда мамлекеттик деңгээлде каржылык көмөк уюштурууга жетишкендиги болду, десек эч жаңылышпайбыз.

Макебиз казак жана уйгур көркөм адабиятын мыкты билгендиктен, алардагы өлөңгө окшогон фолклордук байлыкты терең аңдап, кыргыздардагы өлөң айтуу өнөрүн өзүнчө бир жанр катары системалуу изилдөө иштерине башат ачкан.

КЭРдеги Ак-Тоо (Чыгыш Памир) кыргыздары өлөң айтуу маалында улуттук бийге түшүүдө. Бектур Илиястын сүрөтү. XXI к. башы.
КЭРдеги Ак-Тоо (Чыгыш Памир) кыргыздары өлөң айтуу маалында улуттук бийге түшүүдө. Бектур Илиястын сүрөтү. XXI к. башы.

Бул өлөң айтуу – азыркы тапта да оозеки адабият менен жазма адабимяттын ой берметтерин жетик ыр саптары аркылуу калың элге төкмөлүк ыкмада жайылтуунун кереметтүү аргасы болуп кала берүүдө.

Негизинен ичкилик кыргыздарда кеңири жайылган өлөң айтуу өнөрү Түндүк Ооганстандагы жана алыскы Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздарда да кезигет.

КЭРдин Ак-Тоо аймагындагы илимий сапарыбыздын маалында ошол айтылган өлөңдөрдүн арасында ат-башылык Казыбек Мамбетиминдин каламына таандык саптарга окшоп кеткен ойлор учурагандыгын айтсам, Макебиз бул оюмду туура көрүп, Казыбектин айрым ой учкундары да ооздон оозго, муундан муунга өтүп, азыркы кытайлык кыргыздарда кеңири таркалган өлөңдөрдө деле учурап калаары заманбап фолклордогу демейдеги көрүнүш экендигин ырастаган.

Манас таануудагы бараандуу ишмердиги

Көп тарамдуу фолклор таануучулук иликтөөлөр жүргүзүп келе жаткан Мамбеттурдунун эң бараандуу салымы, албетте, манас таануу багытына таандык.

Анын кытайлык кыргыз манасчылары жаатындагы жалпылама эмгеги да манас таануудагы өзгөчө саамалыкчыл эмгек болуп саналат.

Макебиздин манас таануу жаатындагы өзгөчө маанилүү эмгектеринин бири Бишкекте да жарык көрдү. (Караңыз: «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), М.А.Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. – Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. – 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – (“Тарых жана мурас” түрмөгү).

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана артыштык илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун (сол жакта) менен. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана артыштык илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун (сол жакта) менен. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры

М.Мамбетакун 2011-жылдын декабырнан тартып Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогиикалык университетинде манас таануу багытындагы борборду жетектеп турганда, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын илимий кызматташтыгын андан ары арттырып, манас таануу жаатында бир катар эл аралык илимий жыйындарды уюштуруп жүрдү. Ал өзү да шериктери менен чогуу Кыргызстандагы (Талас, Бишкек, Нарын, Жалал-Абад ж.б. шаарлардагы) манас таануу (анын ичинде жусуп мамай таануу) эл аралык илимий жыйындарына жана Кыргыз каганатынын тарыхына арналган жана башка илимий шеринелерге ырааттуу катышып келди.

Ал кездеги жаш илимпоздор – Адыл Жуматурду (солдо), Орозбүбү Сатиш кызы жана Мамбеттурду Мамбетакун залкар манасчысы Жусуп Мамайдын үйүндө. Үрүмчү ш., 1997-жылдын ноябры.
Ал кездеги жаш илимпоздор – Адыл Жуматурду (солдо), Орозбүбү Сатиш кызы жана Мамбеттурду Мамбетакун залкар манасчысы Жусуп Мамайдын үйүндө. Үрүмчү ш., 1997-жылдын ноябры.

Мамбеттурду Мамбетакун 1994-жылдан тартып 2018-жылга чейинки аралыкта кытайлык манасчылардын чыгармачылыгын, кыргыз адабиятын жана кыргыз этнографиясын изилдөө үчүн КЭРдин ШУАРына барган ала-тоолук илимпоздорго данакер катары ырааттуу көмөк кылып жүргөнүн дурус билебиз.

XXI кылымдын онунечу жылдары Кытайдын Шинжаң педагогикалык университетине караштуу Манас” изилдөө борбору (ал кездеги жетекчиси –– профессор Мамбеттурду Мамбетакун) жана башка кытайлык илимий институттар германдык таанымал окумуштуу, эпос таануучу, кыргыз тилин мыкты билген полиглот профессор Карл Райхлга баалуу сунуш менен кайрылышкан.

Алар Карл агайдан “Манас” эпосунун Жусуп Мамайдын айтуусундагы вариантынын текстин кыргыз тилинен англис жана немис тилдерине которуусун өтүнүшкөн.

Профессор Карл Райхл бул сунушту жан дили менен кабыл алып, Жусуп Мамай айткан “Манас” эпосунун бир катар бөлүмдөрүн англис жана немис тилдерине которуп, четинен жарыялай баштаган.

Биз билгенден, анын котормо ишинин оодук бөлүгү бүткөрүлдү. Тек, кыргыз жана немис тилдеринде бир том (2014) жана кыргыз жана англис тилдеринде эки том (2014, 2015) жарык көргөнүнөн жакшы кабардарбыз. 2018-жылдан кийин, сыягы, анын котормо ишине каржылык колдоо убактылуу токтотулуп калгандай.

Албетте, буга чейин профессор К.Райхл жарыялоого үлгүргөн котормолорду каржылоону уюштурууга да Макебиздин зор эмгеги бар.

Кыргызстандык саякатчы илимпоздор жана студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30-июль, 2015-жыл.
Кыргызстандык саякатчы илимпоздор жана студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30-июль, 2015-жыл.

Эр эмгегин эл баалайт

Кытай Эл Республикасында Мамбеттурду Мамбетакундун илимий салымдары жогору бааланып, ал өз Ата Мекенинде бир нече сыйлыктарга арзыган.

Алардын бири – анын 2000-жылы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунда “илимге эмгеги сиңген адис” деген наамга ээ болушу эле (ал кытайлык кыргыздардын ичинен алгачкы болуп ушул наамга арзыган). Андан мурда, 1996-жылы, ал КЭРдин илим жаатындагы жаштар сыйлыгына да татыган.

Албетте, коңшу Кыргызстанда дагы анын эмгеги дурус бааланып келет. Маселен, Макебизге Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору наамы берилгенде, чечекейибиз чеч боло сүйүнгөнүбүз эсимде.

Азыркы тапта КЭРдеги Адыл Жуматурду, Токтобүбү Ысак кызы, Жумак Кадыр, Өргүл Жапар кызы, Макелек Өмүрбай Кармыштегин, Мамбетжума Мамбетакун, Амантур Абдырасул, Жаркын Турсун, Ву Жанжу, Сыйар Кален, Ысакбек Бейшенбек, Аскар Жунус, Аалы Сүйүнбай, Алымжан Абыкерим, Токтонур Аамат, Токтосун Асанбек, Токтокан Ысмайыл кызы, Амирбек Сатыбалды уулу, Токобай Бостонтегин, Мамбетайса Мамбеттурган, Эрзат Адыл уулу, Сайыпбек Аалы уулу, Тургуналы Турсунаалы уулу Мамай, ошондой эле сөөгү дунган, эти кыргыз Мухаммед Ху Чжэнхуа, манас таануучу ханзу илимпозу Лаң Йиң айым жана башка кыргыз таануучу айдыңдардын арасында Мамбеттурду Мамбетакундун аброю өзгөчө зор экендигин 2014–2015-жылдары өзүм күбө болгон элем.

Ушул учурда Мамбеттурдунун тагдырында биз убактылуу жаман түш сыяктуу өтүп кетет ко, деп ишенген бир бороондуу күндөр каптап турат, бул жөнүндө мурда жазган элек жана аны тереңдеп жазып отургубуз келбейт. Кыргызстандык айдыңдар Макебизге тилектештигин ырааттуу билдирип келишет.

Маараке ээсине кут каалайбыз

Мамбеттурдунун тез арада кайрадан арабызга кошулуусун жана КЭР менен Кыргызстандын илимий көпүрөсүн андан ары чыңдаган көпүрө кызматын мындан ары дагы ырааттуу аркалай беришин тилейбиз.

Чынында да ал КЭРдин чыныгы атуулу катары өз өлкөсүнүн кыргыз таануу жаатындагы илимий жетишкендиктерин бүт дүйнөгө жайылтууга опол тоодой жеке салымын кошуп келгенин бардлыгыбыз таасын билебиз.

Солдон оңго: Мамбеттурду Мамбетакун, немис илимпозу Гундула Салк, Гүлсайра Йасин. КЭР. 1996-жыл
Солдон оңго: Мамбеттурду Мамбетакун, немис илимпозу Гундула Салк, Гүлсайра Йасин. КЭР. 1996-жыл

Макебиздин өмүрлүк жаншериги Гүлсайра Жасын карындашыбыз Үрүмчүдө аман-эсен туруп жаткандыгын, бала-чакасы бакыбаттыкта жашап жатышкандыгын жана башка жагымдуу жаңылыктарды быйыл үйрөнүп, ак дилден кубандык. Ылайым анын үй-бүлөсүнө да кут келе берсин!

Эми, Макебиздин “Биз” деген ырынын кайырмасына кайрадан көз чаптыралы.

Күтүүнүн ченеми болот,

Оо курбум сапарга аттан.

Күтүүнүн ченеми болот,

Кыргыздар дүйнөгө,

Кыргыздар дүйнөгө аттан!

Ушул “дүйнөгө аттан!” деген саптар коңшу шериктеш өлкөлөрдө байырлап жаткан жалпы улутубуздун, – анын ичинде төгөрөктүн төрт бурчуна ыктыярдуу жана тынч журт которуп жатышкан миллиондогон кыргыздардын жана болочокку муундардын өкүлдөрүнүн, – көөдөнүнө табериктей жазылып калат ко, деп ойлойм.

Мамбеттурду Мамбетакун менен Тынчтыкбек Чоротегин Ак-Чий шаарында. КЭР. 10-июль, 2014-жыл.
Мамбеттурду Мамбетакун менен Тынчтыкбек Чоротегин Ак-Чий шаарында. КЭР. 10-июль, 2014-жыл.


Сиздин өмүр көчүңүз да жакшылыкта ырааттуу улансын, Мамбеттурду иним! Бакыбаттыкта, чың ден соолукта, өзүңүздү сүйгөн жана өзүңүз сүйгөн кишилердин арасында 110 жаштын чайын ичиңиз! Ар дайым Сизди Манас бабабыздын арбагы колдосун!

Ылайым болочокто Ала-Тоодо дагы, Кытайда дагы, ушул саптар жазылып жаткан Чехияда дагы чогуу баарлашып, даам сызышууну Сиз экөөбүзгө Теңир насип этсин!

19.09.2025.

Шерине

XS
SM
MD
LG