- Талайбек Жаркынбаев, Ош мамлекеттик университетинин “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
Мойдунбек ким болгон?
"Мойдунбек теги кыргыз кыпчак Алымкул молдонун буйругу менен Алымбек датканын көзүн тазалаган Чотон баатырдын урпагы болгон" деген эл арасында аңыз кеп бар. Бирок Ноокат районунун Мырза-Найман айылынын тургуну, Мойдунбектин урпагы Нарбаев Абдисалам (71 жашта) аксакалдын айтымында, Мойдунбек уруусу найман болгон, ал эми уруусу каңды Чотон баатыр менен туугандык байланышы жок.
Чотон баатырдын эки кызынан башка уул болгон эмес экен. Кыязы эки доордо жашаган эки тарыхый инсандын мекендеген жери Ноокаттын Кызыл-Жар аймагы болгондуктан "урпагы болгон" деген уламыш жаралса керек. Ошол учурдагы орус маалымат булактарында, тергөөнүн материалдарында Осмонали уулу Мойдунбектин ысымы бурмаланып Муэтдин Усман Алиев, ал эми “мужахиддер” (басмачылар) тарабында Мухиддинбек деген ысым менен эскерилет.
Коммунисттик пропаганда таптык күрөштүн алкагында совет элинин эс-тутумуна Мойдунбекти “каракчы”, “канкор”, “талап-тоноочу”, “зордукчу”, сыяктуу кылмышкердин образын жаратты. Азыркы тапта деле Мойдунбекти мына ушундай образда кабыл алгандар жок эмес.
Бирок “амир лашкар башы” Шермухаммадбектин (Көршермат, теги өзбек, 1893-1970-жж.) эскерүүсүндө, тоолук кыргыз корбашыларынын ичинен Мойдунбек менен Жаныбек казы орус баскынчыларынан Түркстанды боштондукка чыгаруу кыймылынын жигердүү согушкери болгон.
Чындыгында Фергана өрөөнүндөгү басмачылардын кыймылы жөнүндө бир канча илимий концепция бар. Алардын ичинен таптык күрөш теориясынын алкагындагы советтик концепция бүгүнкү талапка жооп бербейт. Алардын догмалык таңуулоолорун постсоветтик мейкиндиктеги жаңы багыттагы изилдөөлөр четке кагып келет.
Түркстандагы эгеменчилердин “басмачылар кыймылы” аталган саясий жана аскердик күрөшү, алгачкы баскычта дал ушул эгеменчи жана антибольшевиктик топтордун ийгиликтерине коштолуп жүргөн. Кызыл Армиянын алгачкы курамын түзгөн армян тектүү дашнактар менен орустардын Дыйкандар армиясынын жергиликтүү бейкүнөө элге карата жасаган бир катар зордук-зомбулуктары менен кандуу кыргынынын кесепетинен жергиликтүү калктын ичинде Кеңеш бийлигине жана орусиялыктарга карата ишенбөөчүлүк, иренжүү сезимдери күч алган. Дал ушул шартта Түркстандагы жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү басмачылардын катарына ыктыярдуу кошулганы да азыр ачыкка чыкты. Эң жогорку чиндеги “лашкар башчылар” (башкы командачы) Мадаминбек менен Шермухаммадбек Фергана өрөөнүндөгү көзөмөлдү 1920-жылдын жаз айларына чейин кармап турган. Албетте, жергиликтүү калк эгеменчил Мадаминбек менен Шермухаммадбектин армиясын моралдык жана каржылык жактан колдоп кубаттаганы да анык.
Бул тарыхый маалыматтар, албетте, постсоветтик мейкиндикте көмүскөдө жаткан архив булактарынан алынып, талданып массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып, андан ары терең изилдөөгө багыт алды. Архив булактарынан сырткары түркиялык тарыхчы окумуштуулардын эмгегинде да басмачылардын кыймылы тууралуу маалыматтарга күбө болдук.
Али Бадемжинин жазгандары
Түркиялык кесипкөй журналист, тарыхчы Али Бадемжи Түркстан чөлкөмүндөгү басмачылардын кыймылы боюнча тарыхынын экинчи томдугуна “амир лашкар башы” Шермухаммадбектин эскерүүлөрүн киргизген. Али Бадемжи 1966-жылы Адана шаарында Шермухаммадбектен жана анын бир тууганы Нурмухаммадбектен маек алган Түркиядагы белгилүү окумуштуу. Соңку учурда Жаныбек казынын зайыбы Адалаттан, жөкөрү Кенжебай паңсаттан, дегеле Түркстандан Түркияга куугунтукталып барган бозгундардын көпчүлүгү менен баарлашкан.
Окумуштуу Али Бадемжи “амир лашкар башы” Шермухаммадбекти эскерүү маегине шилтеме жасап, Мойдунбек корбашы менен кантип куда-сөөк болуп калгандыгын мындайча баяндайт:
“... Шермухаммедбек өзүнө Нурмухаммедбекти алып чыгышка сапар алды. Максаты - аймак башчылары жана ошол эле учурда Жаныбек казы менен Мухиддинбек менен жолугуп, алар менен кеңешкенче, жакында жарыялануучу Улуттук өкмөттүн курамын бекитүү боюнча алардын макулдугун алуу эле. Өзгөндүн Кара-Шоро аймагында жайгашкан Жаныбек казынын жанына экинчи күнү кечинде жетишти. Жаныбек казы менен макулдашып, ошол күнү дароо эле Навкаттагы (Ноокат) Мухиддинбекке бара турган чечим кабыл алынды. Бардыгы чогуу жолго чыгышты. Шермухаммедди Навкатта корбашылар тосуп алышып, Мухиддиндин үйүнө алып барышты. Мухиддин Бек дагы күчтөрүнүн башында болчу жана үйдө анын энеси Курбан Дадха Хоканддан келген орус тыңчысы Таракулав (Назир Төрөкулов – Түркстан БАК төрагасы болгон, Мойдунбектин сотунда мамлекеттик каралоочу катары катышкан - автор) менен кызуу сүйлөшүп жатыптыр. Ширмедди эки тарап да тааныбайт эле.
Таракулав Курбан Дадхага Советтер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн сунуштап, сөзүнүн бир бөлүгүндө мындай деп айтып жатты:
"Биз кыргызбыз. Алар өзбектер. Сиздерди куткарууну каалайм. Ширмед сыяктуу орустар менен күрөшүүдөн баш тартыңыздар. Биз Ферганага каалаган кызматка дайындайбыз (Мойдунбекке кызмат орун сунуштап жатса керек – автор)". Курбан Датка: "Өзбек кыргыз баарыбыз бир элбиз жана орус каапырларга душманбыз. Биз тынчтыкка келбейбиз, ошондой деп айт орустарга", - деп, Таракуловду кууп жиберди. Окуяга күбө болгон Ширмедбек абдан ыраазы болду. Аз өтпөй, Мухиддин Бек келгенде, Ширмедбек: "Өзүңдүн жакшы энең бар экен", деп Мухиддинбектин энесине болгон жылуу пикир айтып, Мухидинбектин бардык аракеттерди колдой турганын убадалады. Ошол күнү Ширмедбек Мухиддинбектин кызын бир тууганы Нурмухиддинбекке нике кыйып, Ширмедбек менен Мухиддинбек куда сөөк тууган болуп калды”. (Bademci, Ali. (2001). 1917-1934 Türkistan Milli Hareketi. Korbaşilar ve Enver Paşa. Cilt I, İstanbul: Ötüken Neşriyat (2). s. 276)
Бул тарыхый фактыны өзбекстандык тарыхчы, профессор К.Раджапов да бышыктайт. Менимче, өзбекстандык профессор Али Бадемжинин эмгегине таянса керек. Оболу, Мойдунбек “амир лашкар башы” Мадаминбектин (теги түрк) кол алдындагы эң ишенимдүү корбашчылардын бири болгон.
Бир кезеңде Мойдунбек менен легендарлуу күжүрмөн офицер Сулайман Күчүков Мадаминбек менен бирге Кеңеш бийлигине моюн сунуп, согуш аракеттерин токтоткон. Бирок, корбашчыларга жарыялаган мунапыстын кепилдигине ишенбеген Мойдунбек кайрадан большевиктерге каршы кол курап, согуш аракеттерин күчөттү.
Ошондой опурталдуу күндөрдүн биринде Мадаминбек менен теңтайлашкан Шермухаммадбек, кызыл армияга моюн сунган Мадаминбекти чыккынчы катары айыптап, Калкожонун (теги уйгур) колу менен көзүн тазалаган кабар Фергана чөлкөмүнө желдей тарады. Маркум Мадаминбектин кол алдындагы түрктөрдөн, кыпчактардан, кыргыздардан куралган корбашчылардын Шермухаммадбекке болгон нааразычылыгы күчөп, анын кол алдындагы өзбектерден, уйгурлардан куралган корбашчылар менен жаңжалдын оту тутанып, кандуу кагылышууларга чейин жеткендигин профессор Али Бадемжи кеңири чагылдырган.
Жаатташкан эки тараптын башын бириктирип, кызыл армияга каршы улуттук фронттун позициясын бекемдөө вазийпасы, албетте, мартабасы акырындык менен жогорулап бараткан амир лашкар башы Шермухаммадбектин мойнуна жүктөлгөндүгүн тирешкен эки тарап тең баамдап сезе баштады. Терс аяктанып баш ийбеген айрым таасирдүү корбашчылардын алдына Шермухаммадбек өзү барып, сөз менен муютуп, таарынычтарын жазып, каапырларга каршы Алланын жолуна аттанган жихадка (ыйык согушка) шыктандырган даават менен алектенди.
Мойдунбек менен кудалашуунун чоо-жайы мына ушул ымала түзүүнүн амалы эле. Бул тээ эзелтен түрк, монгол доорунан келе жаткан кудалашуу салты. Күчтүү тарап баш ийбеген тарапка кулдук уруп кызын алып же кызын берип, дипломатиялык мамилени чыңдаган салттык ыкма эле. Шермухаммадбек мына ушул салтты эске салды.
Бирок Мадаминбектин өлүмүнөн улам жарака кеткен жаңжалдын жиги бүтөлгөн жок. Кайрадан ырбады. Жаңжалдын жайын Али Бадемжи китебине “Ферганадагы ачарчылык жана кыргыз-өзбек чыры” деген бөлүмчөгө киргизген. Ал чырдын чыгышын мындай сүрөттөйт:
“...1922-жылдын кышынын катаалдыгы менен ачарчылыкка кошумча болуп большевиктердин дагы бир айла амалы абалды ого бетер татаалдаштырды. Алар өзбек, кыргыз элин бөлүп жаруу кутумун уюштурду. Алай тоолорунда кыргыз корбашчыларын көзөмөлдөгөн Мухиддинбек менен Анжиянда шеит кеткен Парпибектин ордун ээлеген теги өзбек Исраил корбашынын ортосундагы таасир талашуу, тирешүү күчөдү. Мурда уюштурган кутумда Шир Мухаммед Бек Мухиддин Бектин кызын Нурмухаммед Бекке нике кыйып, куда-сөөк болуп жаңжалды алдын алып, эки элдин ортосундагы ынтымакты сактап калган эле. Бул ирет Мухиддин Бек менен Исраил Бектин ортосундагы кагылышууларга өзбек, кыргыз корбашчылар да тартылып жатат. 1922-жылдын оор шарттарында өзбек-кыргыз кагылышуусу эмир-ул-Лашкер Шир Мухаммед Бекти катуу бушайман кылды. Себеби бул оюн улуттук күчтөрдүн бири-бирин талкалап олтуруп, большевиктердин кийлигишүүсүз эле, өздөрүнүн кыйрашы менен аяктамак. Шир Мухаммед Бек өзүнүн резиденциясындагы Түркстан улутук кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Төрөкул Жанузаков менен Султанбек Токтобаевден бул маселени тез арада чечүүнү талап кылды. Жаатташкан эки тарапты жараштырууга булардын да күч кубаты жетпеди. Бул жаңжалды Шир Мухаммед Бектен башка эч ким токтото алмак эмес.. 1922-жылдын февраль айында Шир Мухаммед Бек Мухиддин Бек менен Исраил Бекти бетме-бет жолугуштуруп, бул иш большевиктер атайын уюштурган кутум экенин.., мындай көрүнүш кайталанса абал өтө кооптуу болорун эскертти. Акыры, эки лидер Шир Мухаммед Бектин көз алдында жарашышты. Ошентип, азырынча бул маселе басылгандай болду. Бирок келечекте дагы көйгөйлөрдү алып келери бышык эле... (Bademci, Ali. (2001). 1б917-1934 Türkistan Milli Hareketi. Korbaşilar ve Enver Paşa. Cilt I, İstanbul: Ötüken Neşriyat (2). s. 313)
"Мадаминбектин өлүмүнө күнөөлүү эмесмин"
Али Бадемжинин пикириндеги биринчи кутум (провокация), кыязы, Мадаминбектин өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуялар мерчемделип жатса керек. Анткени советтик көркөм, тарыхый адабияттарда Мадаминбектин өлүмүнө Шермухаммадбектин тиешеси болгондугу тастыкталып келет.
Ал эми Шермухаммадбек ошол күндөрдөн тартып эле Мадаминбекти большевиктер карасанатайлык менен өлтүргөндүгүн, бул өзүнө карата большевиктер атайын жасаган кутум болгондугун жар салган. Али Бадемжи ушул кутумду эске алып жатса керек. Ал эми Мойдунбек менен Исраилдин ортосундагы жаңжалдын чыгышына жасалган большевиктердин кутумунун майда баратын чечмелеген эмес.
Айтмакчы, Шермухаммадбек 1960-жылдын аягында “Америка добушу” үналгысына “Мадаминбектин өлүмүнө мен күнөөлүү эмесмин. Кызыл армиянын командири Зиновьев Мадаминбекти атып, дарыяга салып жиберген”, («Курбаши Шермухаммадбек» Избранные статьти. Узбекстан. ИАЦ МГУ. 22.12.2008.) деп маек курган.
Али Бадемжинин китебинде Мадаминбек Калкожого колго түшкөнү, ал жерден Лутфулла максум менен Саип каарынын коштоосунда штабга жиберилгендиги маалымдалат. Штабда Мадаминбек Шермухаммадбекке жолукканга чейин эле так ушул эки кароолбеги колу менен муунтуп, акырында атып өлтүрүп, Бухарага качып, дайынсыз жоголушат. (Bademci, Ali. (2001). 1б917-1934 Türkistan Milli Hareketi. Korbaşilar ve Enver Paşa. Cilt I, İstanbul: Ötüken Neşriyat (2). s. 269).
Али Бадемжи бул эки адам кайсы тараптын буйругун аткаргандыгын ачыктаган эмес. Ошондой опурталдуу учурда Кеңеш бийлигине моюн сунуп өткөн корбашчылардын Шерммухаммадбектин колуна туткун катары түшкөндөрүнө кечирим болгон эмес. Дароо эле бакан ооз, саткын, чыккынчы катары атылган. Мадаминбек деле ошондой жазалоонун курмандыгы болгон деп эсептейбиз. Басмачылар кыймылы боюнча адис, өзбекстандык профессор К.Раджабов деле мына ушундай пикирди карманат. (Ражабов К. Фаргона водийсидаги истиклолчилик харакати: мохияти ва асосий ривожланиш боскинчилари. -Ташкент, 2015. -113 б.)
Фергана аймагындагы большевиктер үчүн оор кырдаалды баалап РСФСРдин Эл Комиссарлар Кеңеши 1919-жылы 11-августта Түркстан майданын (фронтун) түзүп, анын жетекчилигине М.В.Фрунзени дайындаган. 1919-жылы 8-октябрда жогорудагы органдын демилгеси менен Түркстан комиссиясы түзүлөт.
Тажрыйбалуу, саясий билими жетик большевиктер менен толукталган бул комиссия кырдаалды иликтеп чыгып, Фергана облусундагы тажрыйбасыз ревкомдордун жана реакциячыл маанайдагы, коммунисттик идеология тууралуу таптакыр түшүнүгү жок дашнактар менен толукталган Кызыл гвардиялык топторунун акылга сыйбаган иш-аракеттерин ашкерелейт. Комиссиянын жыйынтыгына ылайык айрым кызыл командирлер революциялык трибуналга тартылат, армян тектүү дашнактардын кошууну таркатылат, Дыйкандар армиясы куралсыздандырылат. Фергана өрөөнүндө вакыф мүлкү, казылыктар кандайдыр бир деңгээлде калыбына келтирилет.
Ошентип Түрккомиссиянын мындай ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жергиликтүү калктын бөлүгүндө Кеңеш бийлигине карата ишеним акырындап жаралып, айрым жерлерде жергиликтүү тургундар басмачыларды колдоодон баш тарта баштаган. Түрккомиссия басмачыларга каршы күрөш өнөктүгүнө жергиликтүү калктын өкүлдөрүн тартмайынча ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес деген пикирин Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине (БАК) билдирген. 1920-жылы 15-майда Түрк БАКы, Түркстан майданынын революциялык аскердик кеңеши менен биргеликте чыгарган декретине ылайык, Советтик Түркстан республикасын коргоо максатында жергиликтүү калктын белгилүү тобун куралдандыра баштаган. (Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.) Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. –Ош, 2024. 47-48 бб.)
Ферганадагы басмачылар
Ошол учурда Фергана чөлкөмүнүн басымдуу шаарлары басмачылардын көзөмөлүндө болгон. Түркиялык окумуштуу Али Бадемжи ири кыргыз, кыпчак корбашчылардын аскеринин санына токтолот:
“Мухиддин Бек (кыргыз, уруусу найман) Алай кыргыздарынын башчысы катары күрөшкө кирген. Анын командирлери төмөнкү аймактарда болгон: Яйпанда Жаңыбай Бек (35 жаш), Гереванда Осмон Миңбашы (30 жаш), Медреседе Бекмурат (33 жаш), Бөрүдө Серкар Ата (50 жаш), Кыргыз-Атада Молдо Сыдык (55 жаш), Каравулда Нурмухаммед Бинбашы (45 жаш), Алайда Тохтамухаммед Бек (30 жаш), Медреседе Жармат Максум (35 жаш), Булакбашта Молдо Хожа Бек (40 жаш), Найманда Ахмед Али Бек (35 жаш), Каракоргондо Аскар Бек (30 жаш) — булар Мухиддин Бектин карамагындагы аймактык командирлер болгон.
Наманган аймагынын мүчөлөрүнүн башчысы Аман (теги кыргыз кыпчак) Пехлевандын (палван) карамагында төмөнкүлөр болгон: Ашабада Рахманкул Бек (40 жаш), Балыкчыда Йолдаш Чартак (30 жаш), Хожаабадда Сатыбалды Казы (32 жаш), кайрадан Балыкчыда Рузмухаммед Бек (27 жаш), Туста Хажы Төрө Бек (35 жаш), Мамаханда Байтуман Бек (35 жаш).
Эң узак убакыт бою күрөш жүргүзгөн жана Өзгөн аймагындагы кыргыз жоокерлеринин башчысы болгон Жаны Бек Казынын (кыргыз, уруусу басыз) кол астында төмөнкүлөр болгон: Алайкулда Шемси Бек (30 жаш) жана Кичикөп Бек (34 жаш), Күршапта Кадыр Бек (35 жаш) жана Мухаммед Ибрахим (30 жаш). Bademci, Ali. (2001). 1б917-1934 Türkistan Milli Hareketi. Korbaşilar ve Enver Paşa. Cilt I, İstanbul: Ötüken Neşriyat (2). s. 192).
Ошол эле учурда Кызыл аскер командири И.Алеев Мойдунбектин аскеринин курамына токтолот:
“Муэтдинге каршы согуштук операциянын алдында анын аскери 4000ге жеткен. Алардын 2000 аскеринде үч линиялуу (трехлинейка) жапон, анличандардын куралы болгон. Бирок ок-дары жетишкен эмес. Муэтдинге жакын жигиттеринде 10-15 патрон болсо, катардагы жоокерде 2-3 патрондон ашкан эмес. Муэтдиндин аскеринин курамы кыргыздарды, өзбектерди, түрктөрдү, тажиктерди камтыган. Кыргыздардан куралган басмачылар уруулук белгилери боюнча эки топко бөлүнгөн. Биринчи “ичкиликтер” тобунда Муэтдин баш болгон Усман, Бекмурат, Нурмат миңбашы ж.б., экинчи тобунда “отуз уул” тобуна Жаңыбай, Абдурахман, Саркар, молдо Токо, Шермат кыргыз, молдо Сыдык ж.б. болгон. Ал эми үчүнчү топко Ахматали менен Аскарали башчылык кылган түрктөр, өзбектер жана тажиктер кирген. Муэтдиндин эң жакын жөкөрү “ичкилик” тобун жетектеген Нурмат миңбашы, экинчи жөкөрү “отуз уул” тобун жетектеген Жаңыбай болгон. (Алеев И. К разгрому Муэтдина \\ Красная Звезда.1922, №4.).
Соттук тергөөнүн маалыматында Жаңыбай Бабашбаев "ичкиликтердин кыпчак уруусунан болгон" деп катталат.
Согуштан чарчаган жергиликтүү калк Кеңеш бийлигине ыкташып, басмачыларды колдоодон баш тартуу менен айрым аймактарда басмачыларга каршы ыктыярдуу кошуундар түзүлө баштады. Болгондо да коммунисттер уруулардын ортосундагы эзелтен жаралган араздашууларга, тирешүүлөргө кайрадан жик салып, бири-бирине каршы койду.
Түркстан комиссиясынын төрагасы К.С.Атабаев 1922-жылы 5-майда Фергана облусунун партиялык жыйынындагы баяндамасында: “Мойдунбек ичкилик уруусунан болгондуктан ага каршы “отуз уул” уруусунун мартабалуу төбөлдөрү Кадырбек Камчыбеков менен Жамшидбек Карабековду каршы койдук... анткени эрегишкен эки уруунун ортосундагы мамиле эзелтен эле жакшы эмес эле (менимче ошол кезеңде элдин эс-тутумунда кыттай сакталган Алымбек датка менен Чотондун уламышын эске алган го – автор). Адегенде Гүлчөдө өзүн өзү коргоо кошуунун түзүп 150 курал бердик, экинчи кошуунду Жалпакташта, үчүнчүсүн Көк-Артта, төртүнчүсүн Базар-Коргондо уюштурдук. Жалпы кошуундун саны миңге чукулдады. Кыргыздардын бул ыктыярдуу атчандар кошууну кыргыздардын өзүн өзү коргоо штабына бириктирилип, бирикме кошуундун башына Кадырбек Камчыбековду дайындадык...
Кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунунун чабуулуна туруштук бере албай 60 жигити менен Нурулло Максым, 85 жигити менен Батырбек корбашы, 19 жигити менен Чүрөк корбашы, 76 жигити менен Молдо Доорон корбашы, 12 жигити менен Кубат корбашы Кеңеш өкмөтүнө моюн сунуп берди. Муэтдинбек бардык тарабынан курчоого алынды. (Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.) Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. –Ош, 2024. 122-123 бб.)
Мойдунбекти колго түшүрүү
Кыргыздардын ыктыярдуу атчандар отрядынын кол башчысы Кадырбек Камчыбековдун кысымына кабылган Мойдунбектин өз кошуунунун ичинде да ынтымагы ыдырап, ич ара тирешүү күч алган. Ошол опурталдуу күндөрдүн биринде Мойдунбек өзүнүн аскер кошуунуна Каратегин аркылуу Ооган тарапка өтүп кетүүнү сунуштайт. Кеңеш өкмөтүнө өтүп кетүү паитин көздөгөн “отуз уулдан”, түрктөрдөн куралган басмачылардын тобу көшөрүп каршы болушат. Мойдунбек бул топтун кутумдук амалдарын алдын ала сезери менен алардын куралын тартып алып, ичкилик уруусуна таркатып берет. Мойдунбектин бул кылыгына нааразы болгон “отуз уулдун” өкүлдөрү Абдрахман, Саркар, Шермат кыргыз, Сыдык молдо, Осмон, Бекмурат корбашылар Булакбашы кыштагынан насили түрк Ахмедали менен Аскарали, Кызыл-Кыядан Имат менен Байзак корбашылар Кеңеш өкмөтүнө өз ыктыяры менен багынып берди. (Алеев И. К разгрому Муэтдина \\ Красная Звезда.1922, №4.)
Кыязы, басмачыларга каршы Ош уездиндеги кыргыздардын ыктыярдуу атчандар отрядынын кол башчысы Кадырбек Камчыбековдун, Мойдунбектин мужахиддеринин ичиндеги уруулук бөлүп-жаруу тактикасы натыйжалуу болсо керек.
Аскердик күч-кубатынан тайган Мойдунбек 6-июнда курал-жарагын бекитип, ыңгайы келгенге чейин багынып берүү чечимине келди. Бирок Мойдунбектин өз адамы эле бекитилген курал-жарагынын дайынын кызыл аскердин башчыларына жашыруун жеткирет. Кызыл Армиянын жетекчилиги куралдарын тапшырууга макулдугун берген корбашчылардын кеңешин чакырат. Мойдунбек бул кеңештен чочулап, кыргыздардын Атчандар отрядынын командири Кадырбек Камчыбековду жана Фергана облусунун аскердик штабынын төбөлү Болотниковду өлтүрүп, Ооганга качууга камданат. Мойдунбектин амалын сезип калган Кадырбек чечкиндүүлүк менен кол салып, Мойдунбекти колго түшүрөт. Бул кармашта Мойдунбектин бир сакчысы өлүп, экөө качып кетүүгө үлгүрөт. Колго түшкөн Мойдунбекти бир нече жан-жөкөрлөрү менен 12-сентябрда Түркстан фронтунун Аскердик трибуналы атайын поезд менен Ферганага алып кетет. Аскердик трибунал тергөөнү Ошто жүргүзүүнү туура табат. Ошол учурда Ошто, Кара-Суу станциясында согуштук абал жарыяланып, Ферганадан Кара-Сууга чейин Мойдунбекти, жан-жөкөрлөрүн бронпоезд менен алып келишти. Ал жерден Атчандар полкунун коштоосу менен Ошко жетишти. Москвадан дайындалган сот мүчөлөрү убагында келбегендиктен жана жергиликтүү адвокаттар сот жараянына катышуудан баш тартуусунан улам сот иштери кечеңдей баштады. Ошентип 21-сентябрда саат 15:00дө Сулайман тоонун чыгыш этегинде Хазрабаттал аянтында 150 күбөнүн катышуусунда сот жараяны башталды. Мойдунбектен башка штаб төбөлү Жаңыбай Бабашбаев, корбашылар, Саид кары Төрөкулов, молдо Токо Алиев, Исхак Нисанбаев, Камчы Темирбаев, Өмүрзак Шорокожоев, Сатыбай Маматназаров жана төрт нөкөрү соттолуп жатты.
Соттун төртүнчү күнү аянтка 4 миңден ашуун адам чогулуп, күбө катары чакырылган молдо Муххамед Умаров:
-Эгерде булар азыр атылбаса, биз жер которуп Мекеге көчүп кетебиз, - деген талабын койду.
Чогулгандар соттолгондорду улам кысмакка алып, кол салуудан да тайбай турду. Аламан топту ортодогу аскерлер кайра-кайра артка сүрдү.
26-сентябрда Мойдунбекке жана анын жети жөкөрүнө атууга өкүм чыкты. Нурмат миңбашы Ошко жакындап калганы угулат. Өкүмдү Москва бекитиши керек эле. Нурмат миңбашыдан чочулаган Аскер трибуналы өкүмдү дароо аткаруу жөнүндө кошумча токтом токуй коюп, аталган аянтта атып жиберишти. (П. Камерон. Ликвидация банд Муэтдина и Рахманкула. // Чекисты огненных лет. -Фрунзе, 1976. 62-69 бб.)
Акырындык менен басмачылардын кыймылы элдин колдоосунан ажырай баштады. 1922-жылдын аягында күч кубатынан алсыраган “амир лашкар башы” Шермухаммадбек, бир тууганы Нурмухаммадбек (Мойдунбектин күйөө баласы) менен 500 мужахинин коштоосунда Бухарага барып баш калкалады. 1923-жылы жаз айларында Ооган жерине чыгып, андан ары Индия аркылуу 1956-жылы Түркиянын Адана шаарына жер которуп кетишти.
Нурмухаммадбек 1921-жылы Мойдунбектин кызына үйлөнгөн. Чоң уулу Абдулхамид СССРде калып, экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон. Өзү 1983-жылы 10-январда Түркиянын Адана шаарында көз жумган. Экинчи уулу Анварбек азыр үй-бүлөсү менен (балдары Шермухаммадбек, Нурмухаммедбек чоң аталарынын атына коюлган, кызы Сабира) АКШын Нью-Жерси штатында жашагандыгын профессор К.Раджапов массалык маалымат каражаттарына шардана кылды.
Кызыл Армиянын чыңдалышы менен Фергана өрөөнүндөгү эгеменчилердин Түркстанды боштондукка чыгаруу кыймылынын биринчи этабы 1922-1923 жылдары аяктады. Ал эми кыймылдын экинчи этабы 1927-1930 жылдардын орто ченине чейин созулуп, локалдык формада, пассивдүү мүнөздө жүрдү. Бул этапта Түркстанды боштондукка чыгаруу идеясынын актуалдуулугу жоголгон кезең эле. Анткени Кеңеш бийлиги кубаттанып, эл массасы жаңы Кеңеш бийлигинин пайдубалын курууга бел байлап калган.
Анжиян, Ош уездинин тоолуу аймактарында Жаныбек казыга баш ийген Гаип, Ади, Айтмерек паңсаттар, Наманган уездине караштуу Ала-Бука, Чаткал тоолорунда Истанбек корбашыга (уруусу могол) баш ийген Алыбай, Сулайманкул, Мадумар, Мирбали, Насырхан төрө паңсаттар, кыймылдын экинчи этабында согуштук аракеттери менен Кеңеш бийлигине кооптуу абалды түзүп турушту. Бирок паңсаттардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тыңчылардын көмөгү менен кармалып, атылды. Жаныбек казы 1928-жылы Чыгыш Түркстандан (Кашкар) башпаанек сурап жашап турду. Өмүрүнүн аягында Пакистандын Гилгит аймагына жер которуп кетти.
Шерине