Африкадагы эң таза мамлекет
Руандага алгачкы жолу барган туристтердин көпчүлүгү бул өлкөдөгү шаар-кыштактардагы адаттан тышкаркы тазалыкка таң калышат. Биз ал жакка бараарыбызды уккан айрым тааныштар: “Африкадагы эң таза өлкө” деп окуганын айтышкан.
Жыл бою аба ырайы орточо +23-28 градустун тегерегиндеги Руанданы чет элдик саякатчылар “Түбөлүк жаздын мекени” деп да коюшат. “Миң дөңсөөнү байырлаган эл” деп да сүрөттөшөт, анткени аймагы чын эле жапжашыл бак-дарак, кофе, банан, чай, анар, апельсин жана башка жер-жемиши жыш өскөн дөңсөөлөр кыркасынан куралган аймак. Азыр башкалаа Кигалинин борбордук райондорунда эскирип урайын деп калган, же сырты акталып-сырдалбай бозоргон имарат табуу кыйын. Ири жыйындар залы (Convention Hall), заманбап стадион, жаркыраган бийик мейманканалар, офис, соода борборлору, окуу жайлары, сапаттуу салынган зымыраган автожолдору - өлкөгө чет жактардан ири көлөмдөгү инвестиция тартылып жатканын айгинелейт. Эң башкысы – Руанданын бийликтери өлкөдө тазалыкты улуттук идеологияга айландырганы көзгө урунат. Эртели кеч жолго чыксаңыз, жолдордун четтерин шыпырып-тазалап, бак-дарак, чөптөрдү кыркып жакшыртып жүргөн сары желеткечен кызматкерлер сөзсүз учурайт.
“Түбөлүк жаз мезгилинде” жашаган өлкөдө целлофан баштык, пластик идиштерге 2008-жылдан бери тыюу салынган. Желим бөтөлкөгө куюлган суу сатып алсаңыз болот, аларды чогултуп кайра иштете турган заводдору бар, андай бөтөлкөнү жапайы жаныбарлар ээн-эркин жашаган улуттук парктарда колдонууга тыюу салынган. Улуттук паркка машине менен кирээрде иче турган суу куюлган өзүнүздүн идишиңиз бар экенин көргөзүү керек. Тогуз күндүк сапарыбыз маалында бир да жолу акыр-чирик толгон күркө, же челектерди кой, көчөдө жаткан кагаздын калдыгын көргөн жокпуз. Тиричиликтин бүтпөгөн калдыктары ар бир үйдө сорттолуп, аларды ташып кайра иштеткен 15 менчик ишкананын бирине өткөрүлүп турат.
Руанда, албетте, туристтерди дүйнөдө сейрек кездешкен горилла маймылдары байырлаган тоолору, пил, жираф, арстан жана башка жүздөгөн жапайы жаныбарларды көрүш үчүн барган туристтерди да өзүнө тартат. Улуттук паркта жөө баса албайсыз, уруксат алган унаада жай айдап бейкапар өз ара аралашып оюн салган жаныбарларды четтен карап, сүрөткө, видеого тарта аласыз.
Умуганда – коомго кызмат кылуу салты
Руандада бийликтегилер элди бириктирип, ортодогу ынтымакты чыңдоонун дагы бир көрүнүшүн – Умуганда деп аталган улуттук саамалыкты киргизишкен. Ар айдын акыркы ишембисинде эртең мененки 8ден 11ге чейин үч саат бою коңшулаш жашаган жамааттар шаар-кыштак дебей чогулуп алып коомдук иштерге тартылышат. Көпчүлүгү жаш-кары дебей тырмоок, чалгы, орокторун көтөрүп алып көчөлөрдү, парктарды тазалашат. Айрым жамааттар жокчулуктан кыйналган үй бүлөнүн короо-жайын тазалап, турак жайын оңдоп-түздөө иштерин колго алса, айрым менчик клиникалар үч саат бою элдерди акысыз дарылап, дагы башка коомдук жайлар жаш балдар менен улгайган адамдарга бекер тейлөө сунуш кылышат. Үч саат бою машине айдоого болбойт, такси, коомдук транспорттун (миңдеген мотоциклчен таксисттер дагы) баары иштебейт, эл ошого көнүп, чукул иштерди алдын-ала пландаштырып алышат. Албетте, тез жардам, полиция өндүү чукул кызмат көрсөтчү мекемелерге Умуганда учурунда да иштөөгө уруксат.
Биз Кигалиде Умуганда маалында көчөлөрдө тунжурап тынчтык орноп, чымчыктар сайрап, адамдар ары-бери жөө басып жүргөнүн, ар бир райондо чогулган жамааттар жалпы максатка ылайык тандалган иштерди жасап жүргөнүн көрө алдык. Көчөнү тазалоо, бак-дарактарды кыркып айлана-чөйрөнү жакшыртуу иштеринин аягында ар бир жамаат өзүнчө чогулуп жыйын куруп чогуу чече турган иштерди талкуулап, биргелешип чай ичип, же ырдап эс алганын да көрө алдык. Кантсе да, Умуганда илгери Советтер Союзунда жылына бир жолу уюштурулчу ишембиликтерди эске салды. Кээ бир байкоочулар бул эми элди мажбурлап ай сайын коомдук ишке тартуу десе, башкалары мындай саамалык жамааттарды бириктирүүгө, жалпы улуттук идеологияны, ынтымакты бекемдөөгө салым кошот деп макташат. Биз менен маектешкен руандалыктар Умуганда алар үчүн сыймыктанчу салт экенин белгилешти.
Көчөлөрү жаркыраган Руанда Кыргызстандан кедейби?
Руанданын ички дүң өндүрүмүн киши башына бөлгөндө жылына миң долларга барабар, Кыргызстандан дээрлик үч эсе төмөн. Акыркы 3-4 жылда экономикалык өсүшү жогорку саптарга чыгып, 7-10%дан ашкан. Кантсе да, континенттеги эң таза, эң ыкчам өнүгүп бараткан өлкө аталган Руандада бизге жолуккан айыл, шаардагы адамдар жашоосуна ыраазы, бар-жогуна каниет экени сезилип турду. 1994-жылкы геноцид маалында тутси жамааты күнү-түнү кырылып жатканда Улуттар уюму баш болуп токтотпой карап турган айыбы үчүн андан кийинки жылдары ондогон мамлекеттер, эл аралык уюмдар ири инвестицияларды жумшаганы эл аралык баяндамаларда айтылат.
Башкалаа Кигалиде издеп жүргөн дарегимди көчөдөгү бейтааныш аялдан сураганымда, ал колумдан кармап жетелеп алып, “жүр, мен сени ошол жерге жеткирип койом” деп керектүү жерге жеткиче колумду койо берген жок. Бизде бейтааныш аялдар бири-биринин колунан кармаган адат өөн учураса керек. Мага негедир биз жакта жоголуп бараткан бир жылуу мамиленин көрүнүшүндөй сезилди. Жапайы жаныбарлардан коркпой жашагандай эле бейтааныш кишилерден чочубай жашагандын белгисидир.
Көп өлкөлөрдө жапайы жаныбарлар зоопарктарда темир тордо камалып, адамдар жеке чек арамды бузба деп кол кармашпай калганын эстеп кетип аң-сезимибиз Африка тууралуу толгон-токой стереотип, калыптанган көз караштын курчоосунда калганыбызды сездим. Нечен кылым өнүккөн Батыштын колониясы болгон, кулчулуктун чынжырында жашаган Руанда жана башка африкалык мамлекеттер азыр өз алдынча өнүгүү жолдорун издеп, колониалдык аң-сезимди артта калтыруу тууралуу талкуулардын чордонуна айланып бараткан кез. Ошондой жыйын, талкууга катышуу – биздин да башкы максатыбыз болчу. Геноциддин сабактары, коңшулаш Конго жана башка аймактарга тамырлап кеткен "геноцид идеологиясы" тууралуу кеп эмки материалда болсун.
Шерине