Жумгал районундагы Байзак айылында темир чапканды үй бүлөлүк мурас катары өздөштүргөн уста бар. "Менин баяным" сынагына Кочкор районунун тургуну Медербек Жумабеков жиберген.
Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну, колунан көөрү төгүлгөн уста Турсун Шамшиев эскиге жан киргизет.
Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын мергенчиси Келдибек Исмаилов өз айылдаштарын ит-куштан коргойт.
Көзү азиз, колу чебер
Жашы элүүдөн ашып калcа дагы жалгыз өмүр кечирип, турмуштун кыйынчылыктарына туруштук берип келе жаткан Жигитаалы байкенин баяны. "Менин баяным" сынагына Автандил Абдыкадыр уулу жиберген тасма.
Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну майып Үсөн Макашевдин жашоо үчүн күрөшү.
Жапондордун "Чай ичүү каадасында" биздин ата-бабаларыбыздын бозо ичүү каадасында кездеше турган окшоштуктар көп экенин ушул тасма аркылуу Сезим кызым экөөбүз салыштырып көрөлү дедик.
Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну 1996-жылкы Самат Эгембердин жашоосу тууралуу видео баян. Самат тубаса майып. "Менин баяным" сынагына Арсен Муратаалы уулу жиберген.
Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылынын күндөлүк жашоосунан көз ирмем. "Менин баяным" сынагына Асел Жураева жиберген тасма.
Ош облусундагы Кара-Cуу айылындагы дүлөй балдар окуган, түштүк аймагы боюнча жападан-жалгыз атайын мектеп бар. Бул сюжет ошол мектептин бир күндүк жашоосун чагылдырат. "Менин баяным" сынагына Шавкат Умаров жиберген тасма.
Насыйкат эне уулунан ажырап жалгыз калган. Улгайып калган эне күндөлүк турмуштун ыгын таап, Бишкектин чекесинде жашайт. "Менин баяным" сынагына Айжамал Болотова жиберген тасма.
Балыкчы шаарындагы Куликовдордун үй бүлөсү тагдырдын оор сыноосунан кийин ушул күндөрү өлбөстүн күнүн көрүүдө. "Менин баяным" сынагына Билимбек Бактыбек уулу “Манас“ университетинин 1-курсунун студенти жиберген.
Дагы жүктөңүз
No media source currently available