Жапондордун "Чай ичүү каадасында" биздин ата-бабаларыбыздын бозо ичүү каадасында кездеше турган окшоштуктар көп экенин ушул тасма аркылуу Сезим кызым экөөбүз салыштырып көрөлү дедик.
Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну 1996-жылкы Самат Эгембердин жашоосу тууралуу видео баян. Самат тубаса майып. "Менин баяным" сынагына Арсен Муратаалы уулу жиберген.
Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылынын күндөлүк жашоосунан көз ирмем. "Менин баяным" сынагына Асел Жураева жиберген тасма.
Ош облусундагы Кара-Cуу айылындагы дүлөй балдар окуган, түштүк аймагы боюнча жападан-жалгыз атайын мектеп бар. Бул сюжет ошол мектептин бир күндүк жашоосун чагылдырат. "Менин баяным" сынагына Шавкат Умаров жиберген тасма.
Насыйкат эне уулунан ажырап жалгыз калган. Улгайып калган эне күндөлүк турмуштун ыгын таап, Бишкектин чекесинде жашайт. "Менин баяным" сынагына Айжамал Болотова жиберген тасма.
Балыкчы шаарындагы Куликовдордун үй бүлөсү тагдырдын оор сыноосунан кийин ушул күндөрү өлбөстүн күнүн көрүүдө. "Менин баяным" сынагына Билимбек Бактыбек уулу “Манас“ университетинин 1-курсунун студенти жиберген.
Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Максатбек ата-энесин, өз үй бүлөсүн эч нерседен кар кылбай багат. 1-топтогу майып болсо дагы эртеден кечке талбай эмгектенет. "Менин баяным" сынагына Темир Азем уулу жиберген тасма.
Азизбек Усманжан уулу Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде окуйт.
Аксы районундагы Жерге-Тал айылынын кичинекей тургундары Адилет менен Назима чоң энесине кадимкидей кол кабыш кылып, Орусияда иштеген ата-энесин күтүшөт. "Менин баяным" сынагына Алыбай Үркүнов жиберген тасма.
Бишкектен 15 чакырым алыстагы айылдардын биринде жоктон бар кылып, күнүмдүк жашоосун жолго салып келаткан Залкарбек жана апасы тууралуу видео тасма. "Азаттык" радиосунун "Менин баяным" сынагына Асел Жураева жиберген.
Борбор калаабыздан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Мирлан аттуу тургуну тамак-аш тизмесине жаңылык киргизди.
Мал багуунун ысык-суугу жөнүндө тасманы "Менин баяным" сынагына Бексултан Абибакир уулу жиберген.
Дагы жүктөңүз
No media source currently available