Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 9-октябрдан бери Түркиянын беш ири шаарында 50 киши жасалма алкоголдук ичимдиктен мүрт кеткенин билдирди.
Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну Нурлан Жоробеков он беш жыл мурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборун ачкан.
Ош шаарынын тургуну Самара Абдыкеримованын уулу Тоюланга үч жашында аутизм диагнозу коюлган.
Деги, COVID-19 илдети күчөп, социалдык көйгөйлөр улам тереңдеген сайын кризисти башкарууга жөндөмдүү өкмөткө жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңешке муктаждыгыбызды сезип жатабызбы? Буга кантип жетишүүгө болот? Гүлдана Мурзакулдун блогу.
Кыргызстанда соңку бир жума ичинде коронавирустан 20 киши каза болду. Оору акыркы күндөрү күчөп, июнь айындагы көрсөткүчкө жеткени калганы айтылууда. Дары-дармек кайра тартыш болбойбу? Ооруканалар жана дарыгерлер даярбы? Медициналык кызматкерлердин абалы кандай?
Кыргызстандын азыркы тапта тукум улоочу ден соолукка болгон мамилеси мындан 10-15 жылдан кийинки демографиялык процесстерге түздөн-түз таасир этет.
Пандемияда жакындарынан айрылган ондогон киши чогулуп, өлүмдүн себептери, июнь-июлдагы дарылоо протоколдорун Саламаттык сактоо министрлигинен талап кылууда.
Акыркы жумаларда расмий статистика боюнча өлкөдө коронавирус кайра көбөйдү.
“Эргене” фонду өлкөдөгү аялдардын эмчек, жатын рагын алдын алыш үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен көчмө санарип маммограф алып келди. Бул машине эми өлкөнүн аймактарын кыдырып, 40 жаштан өйдө аялдардын эмчек, жатын өсмө оорусуна текшерип, эрте аныктоону ишке ашырмакчы.
Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 8-сентябрдан бери биринчи жолу 100 кишиден ашты.
Кыргызстанда коронавирус боюнча расмий статистикадан күмөн санагандар көп.
Дагы жүктөңүз