Орусия коронавирустун Британияда алгач катталган түрү табылганын айтты. Чехтер карантиндик чектөөлөргө нааразылык билдиришти. Жапонияда бул вирустун жаңы түрү Бразилиядан келген туристтерден аныкталды.
Бишкектик активисттер ыштын терс таасирин айтып, бийликтен чара көрүүнү талап кылышууда.
АКШ бийликтери Трамптын COVID-19 илдетинен набыт болгондордун саны боюнча айтканын төгүндөштү. Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жүрүмү акырындап күч алууда.
Индия 2-январдан тартып COVID-19 илдетине каршы жапатырмак эмдөө алдында машыгуу өткөрүп жатат. Ал эми келээрки аптадан тартып бул өлкөдө Оксфорд университети / AstraZeneca вакцинасы менен жапатырмак эмдөө иштери башталмакчы.
Быйыл дүйнө жүзүндө калк саны 7 миллиард 875 миллион кишиге жетиши мүмкүн. Ал эми BioNTech-Pfizer вакцинасы быйыл 650 миллион кишини гана эмдөөгө жетиши күтүлөт, ошондуктан BioNTech компаниясы өз дарысын кошумча өндүрүү аргаларын ойлонуштурууда.
Кыргызстан 2020-жылы коронавирус алааматына жана саясий жоопкерчиликсиздикке байланыштуу зор жоготууларга кириптер болду. Эми элита гана эмес, жалпы жарандык коом жакынкы өткөндүн сабагын алууга тийиш. Бакыт Асановдун блогу.
Дүйнөнү каптаган оору, карантиндеги жашоо жана Беларустагы миңдеген киши катышкан нааразылык чаралары... Мунун баары “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" сүрөтчүлөрүнүн кадрларында сакталган окуялар. Эмесе, 2020-жылдагы мыкты сүрөттөр менен таанышыңыздар.
Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк масштабдагы эпидемия менен күрөшүүдө. Түмөндөгөн адамдарга оору жугуп, миңдеген адамдар каза тапты. Жалпы карантин, жабык чек аралар, бейтаптарга орун жетпей кыйналган ооруканалар менен стационарларга айланган мектеп, кафелер...
Евробиримдик коронавируска каршы эмдөөнү жекшембиде расмий баштады. Эксперттердин белгилешинче, калктын 70% эмделгенден кийин жамааттык иммунитет пайда болот. БУУ жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоо маселесин көтөрдү.
Дагы жүктөңүз