5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү.
Апрель айында Таласта сел жүрүп, элдин чарбактарын суу жууп кетти. Адатта сел коркунучу төмөн аймактагы селдин кесепеттери эсептелип, анын себептерине саресеп салынууда. Жергиликтүүлөр экологиялык нормалар аткарылбай, көзөмөлдүн жок болгону суу каптоого себеп болгонун айтышууда.
2022-жылы мамлекетке өткөн Майлуу-Суу лампа заводу былтыр 6% үстөк менен 1 млрд сом насыя алган. Ал акчага жаңы мештер, айнек банка чыгаруучу машине алынып, заводдун ишин жандантуу аракети болууда. Соңку жылдары жумушчулардын саны кыскара баштаган. Учурда заводдо 1400 киши эмгектенет.
Баткендеги "Айгүл таш" мамлекеттик коругу 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында ири иш-чаралардан баш тартууга тапшырма бергени кабарланды.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Бакытбек Мамбетов гидропоникалык ыкманы өздөштүрүп жатат. Сүт багытындагы уйларды багып жаткан фермер соңку жылдары кургакчылыктан улам чөп аз болуп жаткандыктан тоюттун жаңы түрүнө кызыга баштаган.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында сел, суу ташкындардын кесепети жөнүндө маалымат берди. Сел болгон маалда ал жана министрдин башка орун басары чет өлкөгө кандай иш сапары менен барганын да түшүндүрдү.
Жаратылыш кырсыгы коңшу Казакстанды да убайга салды. Бул өлкөнүн батышында Орусиядагы Ирикла суу сактагычынан суу Жайык дарыясына агып чыкканы чукул кырдаал оорлошту.
Акыркы жумаларда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана ансыз да ташкындан жапа чеккен Казакстандын аймактарында сел жүрүп, бир катар чыгымдарга алып келди.
Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кыргызстандагы бир нече айылдарды сел каптады. Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ишемби жана жекшембидеги селден аймакта бир киши каза таап, дагы бир киши чагылган тийип көз жумду.
Ошто селдин кесепетинен эки адам каза болуп, 150гө жакын турак жай жабыркады. Украина АКШдан 61 млрд доллар жардам алат. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен эл аралык издөөдө жүргөн ишкер, “KG Group” компаниясынын ээси Имамидин Ташов кайра кармалды.
2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкыны жана сел менен коштолуп, адам өмүрү кыйылууда.
Дагы жүктөңүз