20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын, азыр анын кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатканын билдирди.
Баткендин борборунан 130 чакырымдай алыс, тоо арасындагы кышы узак, электр энергиясы жете элек, автоунаа каттабаган Зардалы айылына келерки жылы асканы боорлой автожол салынмай болду. Президент Жапаров бир тилкелүү жолдун долбоору даярдалып жатканын жарыялады.
Батыш Казакстан облусуна караштуу Орал шаарынан он чакырымдай алыстыктагы Желаево айылынын эли суу ташкындын экинчи толкунуна даярданууда. Анткени коңшу Орусия Урал дарыясына (казакча Жайык) агызган суу кескин көбөйүп, өзөн боюндагы айылдарды суу каптаган.
Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын чек арасын мурдагы абалына кайтарууну көздөп жатат. Парктын бир топ бөлүгү жеке менчикке өтүп, турак жай курулган эле. Үй салып алгандардын катарында аткаминерлер да бар.
Кыргызстанда Сүрөтчүлөр бирлигинин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюмдун салттуу жазгы көргөзмөсү ачылды. Анда живопись, графика, скульптуралык ондогон эмгектер коюлду. Алардын ичинде экология, эркиндик темаларына кайрылган сүрөтчүлөр арбын.
11-апрелде Бишкектин четинде оор жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары нааразылык акциясына чыкты. Алар Бишкек мэриясынын оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө киргизген чектөөсүнө да нааразы болуп, иш таштады.
Орусиянын Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор болуп тургандыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
Дүйнөдөгү экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-сапка жайгашып, Борбор Азия боюнча да эң акыркы орунда калды. Анткен менен өкмөт экологияны коргоо иштери жүргүзүлүп, буга удаа эле экологиялык туризмге көңүл бурулуп жатканын билдирүүдө.
Орус аскерлеринин Харьковго жасаган дрон чабуулунан төрт киши набыт кетип, 12 киши жараат алды. Бишкекте үч баланын энеси мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды. Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы бийликтен абакта жаткан сегиз журналистти бошотууну талап кылды.
Ысык-Көлдүн Корумду айылында ветеринардык дарыгерлердин үй-бүлөсү жашайт. 35 жыл бою мал доктур болуп иштеген Баякеевдерди Түп районунда дээрлик баары тааныйт.
28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамалдан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алган. Мындан тышкары 154 социалдык имараттын, жеке турак жайдын чатыры талкаланганы маалым болду.
28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарак кулап, автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты.
Дагы жүктөңүз