Каракол шаарынын тургуну Дилбара Муратова аарыларды жасалма уруктандыруу ыкмасы аркылуу көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал балдын сапатын жана көлөмүн арттыруу үчүн аарыларга кам көрүп, анын түрлөрүнө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.
"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү боюнча түшүндүрмө берди. удьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин көрсөттү.
"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү (тархетка) боюнча түшүндүрмө берди. Жарандык авиация агенттиги кыйраган учак Кыргызстандын аба кемелеринин реестринен жыл башында чыгарылганын билдирди.
Алайдын Чоң-Каракол айылындагы тургундар көмүр казууга келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылууда.
АКШнын Флорида штатында “Милтон” бороонунан улам миллиондон ашуун турак-жай жарыксыз калды. Эки миллиондон көп киши коопсуз жактарга чыгарылды. 10-октябрга караган түнү бороондун күчү бар аз басаңдап, ылдамдыгы саатына 145 чакырымга жетүүдө. Азырынча кырсыкта эки киши каза болгону кабарланды.
Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Ноокат районундагы медреседе 14 жаштагы баланы бычактаган деп шектелген 16 жаштагы өспүрүм бир айга камалды.
Казакстандык эколог Арман Утепов Сырдарыяны жана бүтүндөй Аралды экосистемалык ыкма сактап кала алат деп эсептейт. Адис башка нерселер менен катар дарыядагы бардык гидротехникалык курулуштарды алып салуу керек деп, аларды тирүү организмдеги канды бөгөп туруучу тоскоолдуктарга салыштырат.
Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин казууга даярдык башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-сентябрда аймактагы иш сапарынын жүрүшүндө бул жерде титаномагнетти өндүрүү башталарын, өлкөнүн казынасына чоң каражат түшөрүн билдирди.
Кыргызстандын айылдарынын 56% таза суу түтүктөрү жок экенин Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирет. Миңден ашуун айылдын тургундары чоң дарыялардан же булактардан суу ичет. “Азаттык” Ысык-Көлгө сапар тартып, айылдардагы абал менен таанышып келди.
Тастубек – Арал деңизинин жээгиндеги балыкчылардын чакан айылы. Арал тайыздап, тартылып кеткенде бул жерде жашоо токтоп кала жаздаган эле. Көк-Арал дамбасы курулгандан кийин деңиздин түндүк бөлүгүнө суу кайра толуп, балыкчылар да кайтып келишти.
Суусамыр жайлоосуна Чүй менен Талас облустарынан онго чукул райондун малчылары чыгат. Соңку кездери жайытты каптаган алтыгана маселеси тынбай көтөрүлүп келет.
Дагы жүктөңүз