Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Борбор Азия: Климаттык кризис кызматташууга мүмкүнчүлүк


Таластагы Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл
Таластагы Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл

Борбор Азия климаттык өзгөрүүнүн оор кыйынчылыктары менен бет келүүдө.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Борбор Азия климаттык өзгөрүүнүн оор кыйынчылыктары менен бет келүүдө. Бүтүндөй айылдарга коркунуч масштабдуу суу ташкындары, сел кырсыктарынан тартып, түшүмдүү жерлерди ээн чөлгө айландырган кургакчылык – глобалдык жылуулуктун кесепеттери барган сайын күч алып, аймактын экономикалык өнүгүүсү гана эмес, социалдык жана саясий туруктуулугу дагы чоң коркунучта.

Чөлкөм мындай чакырыктарды артыкчылыкка айландырып, бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бура турган жаңы өнүгүү стратегиясын кантип таба алат? Бир гана жооп бар: «жашыл» технологиялар жана туруктуу өнүгүү багытты. Борбор Азиянын беш өлкөсү климаттык тобокелдиктерди ийгиликтүү жеңип, туруктуу келечекке карай ишенимдүү кадам таштап, ийгиликтүү үлгү жаратуу үчүн эмне кылышы керектигин жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү боюнча эксперт Ильяс Жумабаев талдайт.

Катаал реалдуулук

Кургакчылыктын күчөшү, аномалдуу ысык, суунун жетишсиздиги, чаңдуу бороондор сыяктуу экстремалдуу аба ырайы кубулуштары – мунун баары Борбор Азия үчүн жаңы реалдуулук болуп калды. Бул өзгөрүүлөр айыл чарбасына, өнөр жайга жана инфраструктурага түздөн-түз зыян келтирип эле тим болбостон, социалдык чыңалуунун күчөшүнө, калктын миграциясына, социалдык чыңалууга алып келүүдө.

Адамдык да, каржылык да жоготуулар жыл сайын өсүп, аймактын өнүгүүсүнө, калктын жашоо сапатын жакшыртуу аракеттерине олуттуу доо кетирүүдө. Климаттык чакырыктардын экономикалык кесепеттери да барган сайын даана сезилип жатат.

Эл аралык каржы кору эгер чукул чаралар көрүлбөсө 2060-жылга чейин Борбор Азия жыл сайын ИДӨсүн 6,5% чейин жоготушу мүмкүн деп эскертет. Бул сандар аймактын климаттын өзгөрүшүнө карата алсыздыгынын өсүп жатканын жана анын кесепеттерин адаптациялоо жана жумшартуу боюнча шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтүп турат.

Суу кризиси – олуттуу чакырык

Климаттын өзгөрүшү жана калктын санынын өсүшү шартында барган сайын курчуп бараткан суу кризиси өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Керек болсо суунун башында турган Кыргызстан өзү да өткөн жылы катуу кургакчылыкка дуушар болду. Бул көйгөйдүн масштабын жана анын аймактын бардык өлкөлөрүнө тийгизген таасирин даана көрсөтүп турат.

Борбор Азиядагы жылуулуктун темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашып түшөт. 2100-жылга карата аймактагы орточо температура 2,6–6,8°Cге, ал эми жайкы температура 3,3–8,7°Cге көтөрүлүшү божомолдонууда. Бул таза суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришине себеп болууда. Science журналынын изилдөөсүнө ылайык, Борбор Азияда мөңгүлөрдүн чегинүүсү тездеп, 2035–2055-жылдары эң жогорку чегине жетиши күтүлөт. Божомолдорго ылайык, 2050-жылга карата аймакта мөңгүлөрдүн үчтөн бири, ал эми кылымдын аягына чейин жарымынан көбү жок болуп кетиши мүмкүн.

Мөңгүлөрдүн жок болуусу катастрофалык кесепеттерге алып келет. Азия өнүктүрүү банкынын болжолу боюнча, 2050-2100-жылдарга карата Сырдарыя жана Амударыя бассейниндеги суунун көлөмү 30-40% кыскарат. Бул айыл чарбасы, өнөр жай жана аймактын бүтүндөй экосистемасы үчүн олуттуу кесепеттерге алып келип, социалдык чыңалуу жаратышы мүмкүн.

Кризисти күчөткөн кош сокку

Ресурстарды натыйжасыз пайдалануу жана демографиялык өсүш көйгөйдү ого бетер курчутууда. БУУнун маалыматы боюнча, региондун калкы 2050-жылга карата 100 миллион кишиге жетиши мүмкүн. Демек, жаратылыш ресурстарына, өзгөчө сууга болгон талап күчөйт. Азыр Борбор Азия өлкөлөрүндө жан башына суунун жетиштүү запасы бар. Бирок суу жетиштүү болгону менен ал коромжу колдонулат.

Дүйнөлүк тамак-аш жана айыл-чарба уюмунун маалыматына карасак, аймактын өлкөлөрү сууну керектөө боюнча дүйнөдө алдыңкы ондукка кирет. Ал эми айыл чарба продукциясынын бирдигин өндүрүү үчүн өнүккөн өлкөлөргө караганда 2,5–3 эсе көп суу коротот. Демек, экономиканын бардык тармактарында сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, суу ресурстарын башкаруунун заманбап технологияларын жана ыкмаларын киргизүү зарылдыгы даана көрүнүп турат.

“Жашыл” келечекке карай жол

Климаттык кризистин күчөшү, ресурстардын тартыштыгы шартында аймактын бир дагы өлкөсү кыйынчылыктарды жалгыз жеңе албайт. “Жашыл” технологияларды киргизүү, ресурстарды туруктуу башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен аракеттер зарыл.

Кызматташуунун негизги багыттары болуп энергиянын натыйжалуулугу, кайра жаралуучу энергетика жана «жашыл» айыл чарбасы жаатындагы билим жана технологиялар менен алмашуу, ошондой эле жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болушу керек.

«Жашыл» экономикага өтүү олуттуу инвестицияларды талап кылат. Мамлекеттик жана жеке каражаттарды тартуу зарыл. Бирок эл аралык каржы механизмдерин пайдалануу андан дагы маанилүү. Анткени Борбор Азия өлкөлөрү климаттык чакырыктарды өз алдынча чечүүгө чамасы келбейт. Бирок «жашыл» каражаттарды тартуу үчүн инвесторлордун тобокелдиктерин азайтууга жана жагымдуу инвестициялык климат түзүүгө багытталган бирдиктүү саясат жүргүзүү маанилүү.

Жакында эле Самарканд шаарында өткөн «Борбор Азия жана Европа Биримдиги» саммитинде лидерлер өзгөрүп жаткан климатка ыңгайлашуу жана таза энергетикага өтүүнү тездетүү жаатында кызматташууга умтуларын тастыкташты. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул багыттар боюнча биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан 2030-жылга чейин энергиянын натыйжалуулугун эки эсе көбөйтүү жана кайра жаралуучу энергия булактарынын кубаттуулугун үч эсе көбөйтүү боюнча глобалдык демилгеге кошулганын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Борбор Азия жана Европа Биримдиги» саммитинде сүйлөп жатып өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоону күчөтүү боюнча конкреттүү чараларды сунуштады: «Климаттык каржылоону биринчи кезекте климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу, аларга ыңгайлашуу жана «жашыл» экономикага өтүүнү камсыз кылуу үчүн өз ресурстары, технологиялары жана каржысы жетишсиз болгон эң аялуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн муктаждыктарын жана приоритеттерин канааттандырууга багыттоо зарыл». Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу болгон тоолуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, европалык өнөктөштөрдү Борбор Азия өлкөлөрүн колдоону күчөтүүө чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Европалык өнөктөштөрдүн дагы бир демилгени – «жашыл» энергетика, инновациялар, транспорт, инфраструктура жана агрардык сектор жаатындагы ири аймактык долбоорлорду илгерилетүү үчүн Инвестициялык платформаны ишке киргизүү боюнча колдоосуна ишенебиз».

Кыргызстандын тышкы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорго алмашуу боюнча демилгеси да колдоого татыктуу. Бул механизм «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууга кошумча ресурстарды тартуу жана аймактын өлкөлөрүнүн карыздык жүгүн азайтууда натыйжалуу каражат болуп калышы мүмкүн.

Туруктуу келечекке ачкыч

Аймак жашыл инновациялык ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө инвестицияларды тартышы керек, бул аймакка туруктуу жана гүлдөгөн болууга жардам берет:

Жаңыланып туруучу энергетиканы өнүктүрүү: Борбор Азия кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бул жерде гидроэнергетика негизги ролду ойнойт. Кыргызстан ушу тапта чакан ГЭСтерди активдүү куруп, аны менен ири "Камбар-Ата-1" ГЭСин да курууда. Ал эми Өзбекстан күн энергетикасына активдүү инвестиция салууда, 2030-жылга чейин электр энергиясынын жарымынан көбүн кайра жаралуучу булактардан өндүрүүгө умтулуп жатат. Бул күйүүчү майга болгон көз карандылыкты азайтууга, эмиссияларды кыскартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Энергияны жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү: Энергия өндүрүү менен баары жакшы болот дейли, бирок эгерде бардык энергия натыйжасыз сарпталса, анда эмне пайда? Суу менен абал ого бетер татаал, ал көбөйбөйт. Ал эми талааларга же керектөөчүлөргө жетпей коромжу болгон суунун көлөмү абдан чоң. Ошондуктан экономиканын бардык тармактарында, өзгөчө сууну эң көп керектеген айыл чарбасында ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды активдүү киргизүү зарыл. Бул – тамчылатып сугарууну колдонууну, кургакчылыкка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүнү жана суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу. Энергиянын натыйжалуулугунда имараттарды жылуулоо сыяктуу жөнөкөй каражаттар чоң үнөмдөөгө мүмкүндүк берип, бул энергияны азыраак сарптоого мүмкүндүк берет.

Акылдуу” айыл чарбасын өнүктүрүү: Дрондор, сенсорлор жана маалыматтарды талдоо сыяктуу заманбап технологияларды колдонуу айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатууга, сууну жана жер семирткичтерди керектөөнү азайтууга, ошондой эле продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

“Жашыл” шаарларды куруу: Экологиялык таза транспорттун түрлөрүнө, энергияны үнөмдөөчү имараттарга, жашыл көчөттөргө артыкчылык берилген «жашыл» шаарларды куруу зарыл. Катуу тиричилик калдыктары жана саркынды сууларды кайра иштетүүгө дагы өзгөчө көңүл буруу керек.

Туруктуу туризмди өнүктүрүү: Борбор Азия уникалдуу табият жана бай маданий мураска ээ. Мындан улам регионго кызыккан саякатчылардын саны жыл санап өсүүдө. Туруктуу туризмди жүргүзүү менен аймак экологиялык тобокелдиктерди азайта алат.

Кортунду

Пандемия жана саясий кризистер соңку беш жылда дүйнөнүн көңүлүн туруктуу өнүгүү маселелеринен алагды кылып койду. Бирок көйгөйлөр эч жакка кеткен жок жана алардын чечилишинен адамдардын жашоо сапаты көз каранды. Бул алыстагы эмес, жакынкы келечектеги, керек болсо азыркы күндөгү тобокелдиктер.

Климаттык кризис – бул коркунуч гана эмес, Борбор Азия үчүн мүмкүнчүлүк дагы.

Аймактын өлкөлөрү күч-аракетин бириктирүү, өнүккөн өлкөлөрдүн активдүү колдоосу жаңы форматтагы «жашыл» Борбор Азияны кура алат.

Кызматташтыкты чыңдоо, инновациялык чечимдерди киргизүү, экономиканы диверсификациялоо аркылуу аймактын бардык тургундары үчүн туруктуу келекчекти куруу менен Борбор Азия туруктуу өнүгүү жаатындагы технологиялар жана ноу-хау борбору катары үлгү болуп калмак. Бул институционалдык инвесторлордун келишине шарт түзүп, “узак акчага”, ошондой эле туруктуу туризм үчүн ашыкча төлөөгө даяр болгон туристтердин агымына жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул дүйнөлүк тенденцияларды белгилөө жана дүйнөнүн көңүлүн Борбор Азияга буруу мүмкүнчүлүгү.

Шерине

XS
SM
MD
LG