6-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда 10 айдан бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошовдун ишин караган сот 15-февралга калды. Ишкер сотто ага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук” деп айтты. Ага былтыр 25-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүм билемдик” беренеси менен иш козголуп кармалган.
Ноокат районунда жашаган каарманыбыз Муслима 47 жашта. Анын күйөөсү экинчи аялга үйлөнүп алганда үй-бүлөсү бузулган. Азыр Муслима курстарда окуп, долбоорлорго катышып, өзүн өнүктүрүп, турмушта запкы жеген аялдарга жардам берсем деген мүдөөсү бар. Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.
Кыргызстанда укук коргоочулар абактагылардын саламатыгына гумандуу мамиле болушу керектигин айтып, жабык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп келишет. Жаза аткаруу кызматы журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, абактагы атайын оорукананы көрсөттү.
Көз карандысыз медианын 11 кызматкеринин жапырт эки айга камалганы Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин болгон эмес. "Азаттык" камалган журналисттердин жакындарына кезигип, алардын ой-пикирин билди.
23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Бул бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачат.
Сузактын Көк-Арт айыл аймагынын тургуну, күйөөсүнөн таяк жеп, ооруканага түшкөн 38 жаштагы келиндин абалын дарыгерлер "туруктуу оор" деп баалап жатат. Облустук милиция келин мурда дагы үй-бүлөсүндө ур-токмокко кабылып жүргөнүн билдирди. Келиндин күйөөсү убактылуу камалып, иликтөө жүрүүдө.
Сагындык Нурымбетов өз мекенинен качууга аргасыз болгон. Ал былтыр апрель айына чейин Өзбекстандын автономиялуу облусу болгон Каракалпакстандын Кегейли районунда жашаган. Ушу тапта үй-бүлөсү менен Казакстандын Актөбө шаарында баш калкалап жатат.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка атайын кызматтын көңүл бура баштаганы "Кыргызстанда кыз-келиндердин көйгөйү улуттук коопсуздук маселесине айландыбы?" деген суроону күн тартибине чыгарды.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган айрым саясатчылар жакындарына басым күчөгөнүн айтып чыгышты.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады. Алардын маселеси парламенттин жалпы жыйынында көтөрүлдү.
Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Дагы бир кишинин психиатриялык ооруканадагы "күчтөп дарылануу" мөөнөтү узарды. Ал өзү куландан соо экенин айтууда.
Дагы жүктөңүз