Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.
Кыргызстанда коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыкка” курган маегинде айтты.
"Азаттык+" бул жолку берүүсүн бизнесин жаңы идея, жаңы технология менен баштаган жаштарга арнады.
10-майда улуттук валюта - сом 24 жашка толду. Сомдун учурдагы сапаты жана куну кандай?
Ысык-Көлдө "ITF-Ысык-Көл" жармаңкеси өткөрүлүп, аны менен кошо жайкы туристтик мезгил расмий ачылды. Бул иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтүп, анда 100дөн ашуун эс алуу жайлары менен туристтик компаниялар эс алууга даяр болгонун жарыя кылышты.
"Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan") деп аталган көргөзмөдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүк, кийим-кечеден тартып, жеңил жана оор техникага чейин кардарларга сунушталды.
Нарындык дыйкандар көп жылдан бери жакшы түшүм ала албай убара. Бул көйгөйдү чечүү максатында үрөн чарба өкүлдөрү чогулуп жыйын курушту. Дыйкандарга адистер үрөндү жакшыртууну, жер семирткичтерди пайдалануунун сырларын айтып беришти.
Совет доорунда Кыргызстандын башкы байлыгы болгон уяң жүндүү ак койдун тукумун көбөйтүүнү Кочкорлук Уларбек Абдырасулов колго алды. Азыр анын короосундагы койдун саны миңден ашып калды. Ал өндүрүшкө жүнү абдан зарыл ак койду асыроо тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп турат.
Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу айдоочулар жана соодагерлер бийликке карата нааразылыктарын билдирүүдө. Соодагерлер Кытай визасын ала албай товарсыз калып, насыялары төлөнбөй жатканын айтса, айдоочулар кыргыз-кытай чек арасынан өтүүдөгү кыйынчылыктар чечилбей жатканына нааразы болушууда.
Тажикстанда АКШ долларынын курсу көтөрүлүп, акча базарында ага суроо-талап күчөдү.
Талас облусунда топуракты жана сууну текшере турган «Кербен» аттуу менчик лаборатория 10-апрелде ишке кирди. Лаборатория дыйкандардын жерин текшерип, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн минералдык кандай заттар зарыл экендиги тууралуу кеңеш берет. Аны жергиликтүү жаш ишкер түркиялык адистердин көмөгү ме
Дагы жүктөңүз