"Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan") деп аталган көргөзмөдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүк, кийим-кечеден тартып, жеңил жана оор техникага чейин кардарларга сунушталды. "Ата мекендик өндүрүшчүлөр" ассоциациясы уюштурган көргөзмөгө токсондон ашуун компания катышты.