Нарындык дыйкандар көп жылдан бери жакшы түшүм ала албай убара. Бул көйгөйдү чечүү максатында үрөн чарба өкүлдөрү чогулуп жыйын курушту. Дыйкандарга адистер үрөндү жакшыртууну, жер семирткичтерди пайдалануунун сырларын айтып беришти.
Совет доорунда Кыргызстандын башкы байлыгы болгон уяң жүндүү ак койдун тукумун көбөйтүүнү Кочкорлук Уларбек Абдырасулов колго алды. Азыр анын короосундагы койдун саны миңден ашып калды. Ал өндүрүшкө жүнү абдан зарыл ак койду асыроо тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп турат.
Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу айдоочулар жана соодагерлер бийликке карата нааразылыктарын билдирүүдө. Соодагерлер Кытай визасын ала албай товарсыз калып, насыялары төлөнбөй жатканын айтса, айдоочулар кыргыз-кытай чек арасынан өтүүдөгү кыйынчылыктар чечилбей жатканына нааразы болушууда.
Тажикстанда АКШ долларынын курсу көтөрүлүп, акча базарында ага суроо-талап күчөдү.
Талас облусунда топуракты жана сууну текшере турган «Кербен» аттуу менчик лаборатория 10-апрелде ишке кирди. Лаборатория дыйкандардын жерин текшерип, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн минералдык кандай заттар зарыл экендиги тууралуу кеңеш берет. Аны жергиликтүү жаш ишкер түркиялык адистердин көмөгү ме
Жогорку Кеңеште депутат тарабынан электр энергияга болгон тарифтерди кайра кароо маселеси көтөрүлдү. Кышы бою эл арасында акылдуу эсептегичтерге нааразы болгондордун аягы суюлбай, өкмөт менен араздашканга чейин баргандар болду. Энергетикадагы реформалар эл күткөндөй натыйжа берип жатабы, коррупциялы
Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Акылбек Сагынбековдун чарбасында учурда ондон ашык өзгөчө пародадагы уйлар бар. Ар бир уй күнүгө 20 литрден ашык сүт берет. Сагынбеков бул уйларды өткөн жылы тоолуу Алтай жергесининен алып келген.
Таластагы Жерүй кенинин инфраструктуралык курулушу апрель айында башталат.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Өкмөт жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салмай болду.
Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылынын тургуну Максат Ашырбаев кадимки сайдагы таштан конок үй салды. Эми ал чет өлкөлүк туристтерди таш үйгө тосууга даяр.
25-мартта Казакстандын Жамбыл облусунда Талас облусунун күндөрү өтүп, анын алкагында «Айыл чарба продукцияларынын» жармаңкеси уюштурулду. Көргөзмөгө Таластан 50дөн ашык дыйкан катышып, колдо бар оокаттарын сатыкка койду. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча жармаңкеге 17 миллион
Дагы жүктөңүз