Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бизнестин көзүн тапкан эпчил жаштар


Стартап - бизнес дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган компания.

Стартапер бизнесин жаңы инновациялык идеялар, технологиялар менен жүргүзөт. Кыргызстанда стартаперлердин жаңы мууну пайда болду. "Азаттык плюстун" бүгүнкү чыгарылышында бизнестин жаңы жолун чаап жаткан эпчил жаштар тууралуу сөз кылабыз.

Адатта бул чөйрөгө бизнесте эч кандай тажрыйбасы, таянычы жок жаштар келет. Бирок бул улан-кыздар жаштык дем-күч менен тобокелге салып, экологиялык багыттагы долбоорду ишке ашырууга бел байлашкан. Дилгирлердин долбоору карапайым калктын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган.

Бул жылы Кыргыз улуттук университетинин Максат жетектеген командасы эл аралык "Энактус" программасынын жыл сайын өткөрүлүүчү форумунда биринчи орунду ээлеп, Лондонго жолдомо алышкан.

Алар элеттиктерге багытталган жабдуу ойлоп табышкан. Азыр долбоор ишке ашып, колдонуучулардын купулуна толуп жаткан учур. Бул жабдууну бир жарым айдан ашык убакыттан бери колдонуп келаткан Бермет Шаабаева өз ою менен бөлүштү:

- Алгач келип орнотушканда иштеп кетерине ишенген эмесмин. Азыр минтип биогазга чай кайнатып, тамак бышырып жатабыз.

Кыргызстанда интернет аркылуу акча тапкан мекендештер да аз эмес. Алардын бири Чубак Бойконов – ийгиликтүү иш баштоочулардын бири. Учурда ал чет өлкөлүк инвесторлор менен иш алып барып келет. Тажрыйбасы мол иш баштоочу бизнестин кайсы түрү болбосун иш алып баруу оңой эмес экенин жашырбайт.

"Идея оригиналдуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы жашоодо кереги тийбей калса, идея бышпай калат. Долбоордун үстүндө иштеп жатканда элдин муктаждыктарын эске алып, өзүн актагандай кирешелүү бизнес ойлоп табуу жана команда менен иштешкен соң башкалардын кызыкчылыктарына да көңүл буруу керек", - деп белгилейт Чокмор.

“Тазалайф” ишканасына калаада жашап үй тазалоого эч убактысы болбогондор, конок күтүп жетишпегендер же "жалкоолугу кармагандар" кайрылышат. Батирлердин тазалыгын камсыздап, ирээтке келтирчү долбоор. Бул стартаптын башында 21 жаштагы студент Чыңгыз Эрмеков турат.

Чакан команданын ишке киришкенине бир ай гана болду. Учурда жетекчиси да, кардарлардын буйрутмаларын кабыл алган кызматкери да Чыңгыз өзү. Жаш экенине карабастан ондогон адамды иш орду менен камсыз кылууга жетишкен.

Стартап: менин биринчи миллионум
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG