Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Жерүй алтын кени кайрадан иштетилет. Ага арналган расмий иш-чара 25-апрелде болду. Иш-чарага кенди иштетүү укугун алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясынын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын башкы директору Михаил Шубин, Энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Бекмолдо айылынын депутаттары менен тургундары катышты.
Жерүйдүн иши жанданды

1

2

3
Энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев жол куруу иштерине 60ка жакын жергиликтүү тургун тартылганын билдирди.

4
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн депутаты Назир Турдалиев ишке алынгандардын арасында жергиликтүү тургундардын саны аз экенине элдин бушайман болуп жатканын билдирди.

5

6
Кенди иштетүү толук ишке киришкенде кеминде миңден кем эмес жумушчу орун түзүлүп, анын 90 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөөрү мурда кабарланган.

7

8

9
Геологиялык алдын ала иликтөөлөр бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар деп эсептешкен.

10

11
Жерүй алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турат. Аны иштетүүгө уруксат берген лицензия 2015-жылы өткөрүлгөн аукциондо 100 миллион долларга сатылган.

12

13