Оштун тургуну Абдулла Мадрахимов үйүндө маасы тигет. Ал тиккен бут кийимди атайын издеп келип, алып кеткендер бар. Өтүкчү кыргыз өкмөтү тери ийлей турган цех ачып, кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтсө деген тилегин айтты.
Пандемияга байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин жоктугунан Ысык-Көлдөгү мейманкана бизнеси артка кетти. Кышкы туризмге ылайыкташкан ишкерлер да мурдагыдай эл жоктугун, бир нече мейманкана жабылууга мажбур болуп жатканын айтышууда. 80 миң калк жашаган Каракол шаарында эле 80ден ашык мейманкана ба
Уюмга Марат Шаршекеевдин кайрадан шайланышына бир катар ишкерлер нааразы болуп жатышат.
Кыргызстандагы экономиканын абалы, бажыдагы коррупция, бизнеске криминалдын таасири жөнүндө суроолорго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жооп берди.
Кыргыз өкмөтү Ат-Башыдагы Кытай менен чектеш аймакка бажы-логистикалык комплекс куруу боюнча аракет көрүп жатат.
Өкмөттүн малды сыртка сатууга тыюу салган чечими фермерлер тарабынан сынга алынып, алар чек аранын ачылышын талап кылып жатат. Анткени бодо мал 7-8 миң сомго чейин арзандап кеткени айтылууда. Аткаруу бийлигинин мындай кадамына эттин кымбаттап кетиши себеп болгон. Бир ай мурун 490 сомго сатылып жатка
Коронавирус пандемиясынан улам “Дордой” базарындагы соода солгундады. Буга базардан чогулган салыктын көлөмү далил. Мисалы, “Дордойдогу” ишкерлер 2019-жылы 414 млн. 585 миң сомду мамлекеттин казынасына төккөн.
Кыргызстандык ишкана вируска каршы дезинфекциялоочу терминал жасап чыкты. Компания өкүлдөрү белгилегендей, дезинфекциялоочу пост бир мүнөттүн ичинде вирусту 95% чейин жок кылат. Чет өлкөдө жасалган терминалдардан баасы кеминде эки жарым эсе арзан.
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынын тургундары балык чарбасы менен алектенип келет. Аталган айыл райондон 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул жерде эки жылдан бери эс алуу базасы иштеп жатат. Тоо коюнунда, булак суусуна багылган балык үчүн жайкысын атайын келгендер арбын.
Дагы жүктөңүз