Ош-Ноокат-Раззаков унаа жолундагы эски көпүрөнү бузуу учурунда бир жаранды бетон плита басып калып, набыт болду. Маркумдун жакындары кырсыкка курулуштагы коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы себеп болгонун айтышты. Ноокат районундагы жол жана көпүрөлөр катуу селден кийин оңдолуп-түзөлүп жаткан.
Кырсык
Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы баланын сөөгү 15 күндөн кийин табылды. Анын өлүмүнө шектелип беш бала камакка алынды. Алдын ала маалымат боюнча бала мушташтан каза болгону айтылууда.