Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Ооганстанга берилген жардам жана жемкорлук: 25 млн долларлык имарат тоокканага айланган


Мазари-Шарифте советтик армиядан калган эски машиненин үстүндө ойноп жаткан балдар.
Мазари-Шарифте советтик армиядан калган эски машиненин үстүндө ойноп жаткан балдар.

АКШнын Ооганстандагы миссиясы жана ага байланыштуу көйгөйлөрдү иликтеген SIGAR агенттиги акыркы баяндамасын Конгресске сунуштады. 68-отчетто узак жылдар бою ири сумма максатсыз коротулганы, коррупциянын кеңири жайылганы жана Батыш өлкөлөрүнүн саясатынын олуттуу кемчиликтери сындалган.

Өкмөттүк агенттик өзүнүн 68-акыркы отчетун 30-июлда, башкача айтканда талибдердин Кабулдагы бийликке кайтып келгенине 4 жылга чукулдаганда Конгресске сунуш кылды.

2008-жылы негизделген ал мекеме квартал сайын баяндамасын чыгарып келди.

Документте 20 жылдан бери эбегейсиз каражат кумга сиңген суудай болуп максатсыз коротулганы, “паракорлук кеңири жайылганы” белгиленет.

99 беттен турган баяндамада Ооганстандын Батыш колдогон өкмөтүнө айрым учурларда АКШ сунуш кылган долбоорлордун кереги да жок болгону айтылат.

“Алсак, SIGAR аныктагандай, Ооганстандын чек ара полициясына таандык беш жайдагы имараттардын көбү ээн калган же болбосо максатына ылайык колдонулган эмес, жалпысынан 25 миллион доллар сарпталган андай имараттардын бири тоокканага айландырылган”, - деп айтылат отчетто.

“SIGAR баяндамаларын чыгарбай калса, бул чоң жоготуу болот”, - деген пикири менен бөлүштү Лондондогу Коргонуу изилдөөлөрү боюнча падышалык институтунун улук илимий кызматкери Орзала Немат.

“Тилекке каршы, ресурстарды максатсыз пайдалануу көз жаздымда калтыра албаган факт. Муну далилдеген, таяна турган жок дегенде бир ишенимдүү булактын болгону жакшы”.

Ооганстан, 2024-жыл. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ай сайын 8500 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүктү Ооганстандын алыскы аймактарына жеткирип турган.
Ооганстан, 2024-жыл. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ай сайын 8500 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүктү Ооганстандын алыскы аймактарына жеткирип турган.

Ал эми Ооганстан боюнча эксперт Томас Руттиг “Азаттыкка” айтып бергендей, “Буга чейинки отчеттордон мунун бардыгы кайда алып баратканын баамдаса болот эле”:

“Саясатчылар буга көңүл кош мамиле кылып, контингент 2021-жылы Ооганстандан чыгып кеткиче бардыгы жакшы деп айтып келишти. SIGAR жарыялаган докладдар Ооганстандагы миссия кайсы жеринен ката кетирилгени катталган өзүнчө архив болуп калды. Донорлор, өзгөчө АКШнын өкмөтү бул багытта чара көрсө жакшы болмок”, - деп кошумчалады эксперт.

Баяндамада Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар Ооганстанды акчага шыкап, муну менен коррупцияга өбөлгө түзгөнү, америкалык аткаминерлер “коопсуздукка жана саясий максаттарга артыкчылык берип”, аны көз жаздымда калтырып койгону айтылат.

2000-2006-жылдары БУУнун, Еврошаркеттин жана Германиянын Ооганстандагы миссияларында иштеп кеткен Руттиг мындай тыянакка кошулат:

“Паракорлук олуттуу көйгөй экенин бардыгы түшүнчү, бирок бул саясий стратегияга каршы келгени үчүн экинчи планга жылып калган. Коопсуздук жеңди”.

Трамптын Ооганстан саясаты

SIGAR өз отчетунда Ооганстандагы миссияга гана көз чаптырбастан, Трамп администрациясынын ал өлкөгө берилген жардамды кыскартуу чечими кандай гуманитардык кесепеттерге алып келерине да токтолгон.

Документте айтылгандай, Мамлекеттик департамент конкреттүү программалар эмне себептен жоюлуп жатканын түшүндүргөн жок.

“Мамлекеттик департаменттин калк, качкындар жана миграция маселелери боюнча бюросу аларга кээ бир гранттардын кыскартылышы тууралуу айтылбаганын жана чечим кабыл алуу жараянына катышпаганын билдирди”, - деп айтылат баяндамада.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу АКШнын тышкы саясий мекемесине кайрылып, отчеттун ушул жана башка бир катар жерлерин комментарийлеп берүүнү өтүндү.

SIGAR кабарлагандай, апрелде Вашингтон “Ооганстандагы ишмердикке байланышкан чет элдик жардамга берилген гранттардын баарын токтоткон”.

Анын алдында, январда президент Трамп чет жактарга берилген жардамды кайра карап чыгуу жөнүндөгү буйрукка кол койгон. Расмий Вашингтон программалардын айрымдары “америкалык кызыкчылыктарга коошпогонун, көп учурда атүгүл өлкөнүн баалуулуктарына каршы келерин” билдириген.

Ошондон кийин бир нече күндүн ичинде Ак үй АКШ өкмөтүнүн чет өлкөлөргө жардам берүүнү тескеген негизги агенттиги – ЮСАИДди (USAID) таркатуу боюнча чараларды көрө баштады.

“АКШ Ооганстандагы иштерге багытталган каржылоону азайткандан бери кээ бир адамдар кыйын абалда калды. Аярлуу топтордун мындан аркы тагдыры кандай болорун билбейм”, - деп айтат бир кездери агенттиктин адам аткезчилигинин курмандыктарына башкалка берүү долбоорунда иштеген Немат.

SIGAR ЮСАИД ишмердигин кыскартканы “Талибан” активдерди, аскердик унааны тартып алууга аракеттенгени тууралуу карама-каршы маалыматтар түшүп жатканын белгиледи.

«ЮСАИД талибдердин чалгын кызматынын оор куралданган бөлүктөрү долбоорлорду ишке ашырган өнөктөштөрдүн комплекстерине бир нече жолу кирип барып, жабдууларды, акчаны жана долбоорлоо документтерин алып кеткен учурларды каттаган”, - деп билдирген SIGAR агенттиктин кызматкерлери кармалып, суракка тартылганын кошумчалады.

Бирок, бул SIGAR белгилегендей, Вашингтондун расмий маалыматына каршы келет.

“Курал-жаракты кайтаруу башкармалыгы алардын өнөктөштөрү талибдер акча каражатты, кызматкерлердин жеке маалыматтарын талап кылганын кабарлаган эмес. Буга чейин айтылгандай, Чет өлкөлөргө жардам берүү мекемеси бул кварталда SIGAR узаткан суроолорго жооп берүүдөн баш тартты”, - деп айтылат андан ары баяндамада.

Бул сезимтал маселе, эмне дегенде президент Трамп “Талибандан” америкалык аскерлер 2021-жылы таштап кеткен техниканы кайтарып берүүнү талап кылган.

“Эмне себептен Ооганстан аскердик техника сатуу боюнча дүйнөдөгү алдынкы өлкөлөрдүн бири экенин билесңерби? Алар биз калтырып кеткен жабдууларды сатууда. Биз аскердик техникабызды кайтарууну каалайбыз”, - деп айткан Трамп январда.

SIGAR ушул сентябрда өз ишин токтотмокчу. Ага чейин дагы бир доклад даярдалат. Бул ирет Ооганстан, Газа жана Сирияда алган сабактарды гуманитардык миссиялар демократиялык эмес өлкөлөрдө туш болгон кырдаалда кантип пайдаланса болору талданат.

Шерине

XS
SM
MD
LG