Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:27

Starlink компаниясы Казакстанда интернет таратуу ишин баштады

Kazakhstan – Rural school is connected to Starlink, high-speed satellite internet. Zhalangash village of Tarbagatay district in East Kazakhstan region 18 October 2024. Photo courtesy by Serik Turlybekov

Эл аралык Starlink компаниясы 13-августта Казакстанда спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратуу ишин баштаганын өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, мындан ары Казакстандын жашоочулары SpaceXтин спутниктик түйүнү аркылуу жогорку ылдамдыктагы жана стабилдүү интернет тутумуна кошула алышат.

12-июнда Казакстандын өкмөтү менен кол койгон макулдашууга ылайык, Starlink компаниясы бул мамлекеттин бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өндүрүш боюнча министрлиги билдиргендей, бул жаңылык - аймагы кенен өлкөнүн алыскы шаар-кыштактарына интернетти жайылтып, ал жактарда жашаган элдин санариптик кызматтардан пайдалануу мүмкунчүлүгүн кеңейтет.

Шерине

XS
SM
MD
LG