Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

Кыргызстан менен Ооганстан экономика, салык саясаты боюнча кызматташат


Ноуреддин Азизи жана Бакыт Сыдыков.
Ноуреддин Азизи жана Бакыт Сыдыков.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун чакыруусу менен өлкөгө Ооганстандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучусу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди.

13-августта тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашып, кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Ноуреддин Азизи ушул эле күнү Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков менен да жолугушту. Салык кызматынын өкүлдөрү делегацияга Кыргызстанда колдонулуп жаткан салык системасы, ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган санариптик технологиялар тууралуу маалымат берди.

‏Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткен соң кайрадан өз колуна алган.

2024-жылы Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террордук уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG