Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт материалдарында каталар байма-бай кездеше баштады.
Казакстан кыргызстандыктарга чек арадан өтүүдө Бишкектин кадамына тете жеңилдик бере элек.
Коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келген дарыгерлер кайра иштерине кайта албай жатышат.
Тагдыр тамашасы, катаал жазасы десең да жарашат, качанкы бир унутта калып кеткен айыбың капыс жерден кармап, абийириңдин ашмалтайын чыгарат. Өкүнгөнгө кеч. Ишенбек Жунушевдин «Ачылбаган сыр» аңгемесинен калкып чыккан ой ушундай.
Технологиялар өнүккөн сайын добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоонун да жаңы ыкмалары чыгууда.
Бишкекте «Workout Open Fest - 2020» деген аталышта көчө гимнастикасы боюнча мелдеш өттү. Бул баш калаада карантин чаралары жумшартылгандан кийинки ачык асман алдында өткөн алгачкы мелдештердин бири.
Кытай Өзбекстанды карай жаңы транспорт коридорун жүргүзүп жаткан чакта, Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран багытындагы темир жолдун курулушу инвестициянын жоктугунан ара жолдо турат.
Милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы келишпестик тартылган видеонун жыйынтыгы чыкты.
Украинада суррогат энеден төрөлгөн 50дөй ымыркайды чет өлкөлөрдөгү ата-энелери карантиндин айынан алып кете албай атышат.
15-майда Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч.
Сүт өндүрүүчүлөр, саан уй кармаган фермалар «сүт заводдору бааны атайын көтөрбөй жатат» деп нааразы болуп жаткан чагы.
Кыргыз өкмөтү коррупция боюнча журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган компаниядан жардам алды.
Дагы жүктөңүз