Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Шайлоодогу «шайтан ыкмалар»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоочулардын добуш берүү жыйынтыктарын бурмалоонун кеңири жайылган, өтө эле олдоксон жана амалкөй түрлөрү шайлоонун жыйынтыгын аныктаган учурлар шайлоо жараяндарынын ажырагыс бир бөлүгү катары кала берүүдө.

Дүйнөдө жана Кыргызстанда анын кесепетинен кырдаал укуктук алкактан чыгып кетип, бийликти күч менен алмаштырууга алып келген окуялар да белгилүү.

Шайлоо технологиялары боюнча адистер соңку кыргыз тарыхында шайлоочулардын добуштарын эң эле жөнөкөй жана уятсыз жолдор менен уурдаган учурлардан сырткары шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен көз боёмочулуктун амалкөй ыкмаларын тизмектешти.

Адистер шайлоо технологиялары өнүккөн сайын анын жыйынтыктарын бурмалоочу усулдар да өнүгүп, санариптешкен форматка өткөнүн белгилешти. БШКнын мүчөлөрү биометриканы колдонуу шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган көз боёмочулуктун бир катар түрлөрүнө бөгөт койгону менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүшкүл бойдон калып жатканын кеп салышты.

«Майланган» мандат, майдаланган электорат

Кыргызстан эгемендик алып, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган мезгилден баштап Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти альтернативдүү негизде шайлоо системасы киргизилген.

Башында шайлоолор курч атаандаштыкта өтүп, ошол кезде мурдагы партиялык функционерлер менен жаңы демократтардын ортосунда идеялык күрөш жүргөн. Бирок кийинки шайлоолордо талапкерлер шайлоочуларды уруучулук жана жердешчилик белгилери менен бөлүп алып, өз ара жаатташтырып, ооздорун майлап алардын колдоосун алган.

Ошентип, добуштарды сатып алуу аркылуу анын жыйынтыгын бурмалаган ыкма кеңири жайыла баштаган. Ошол кездери эң таңкыс болгон ун, өсүмдүк майын, кумшекер, самын сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдарын шайлоочуларга таратып, аларга арак-шарап, керек болсо техникалык спирттен бери литрлеп куюп, добуш алгандардын алды кийин бийликтин бийик сересине көтөрүлгөн.

Шайлоолордогу саясий атаандаштык күчөгөн сайын добуштардын жең ичинен бычылган наркы көтөрүлүп, 2000-жылдары 100-200 сом турган бир добуш 10 жылдан кийин миң сомго, азыркы убакта 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин чыкканы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов добуш сатып алуу өнөкөтүнө бөгөт коюу эң эле татаал маселе бойдон калып жатканын моюнга алды:

Жеңиш Акматов.
Жеңиш Акматов.

«Добуштарды сатып алууга бөгөт коюунун жолдорун таппай жатышат. Чындыгында бул абдан татаал экен. Бул эми шайлоочулардын аң-сезиминин өсүшү менен эле токтотулбаса, аны жаңы шайлоо технологияларынын жардамы менен деле ооздуктоо оңой болчудай эмес. Буга карата жарандык активдүүлүк таасир этиши керек экен. Мурда эми добуш сатып алган эле адам жоопко тартылса, азыр жаңы мыйзамдарга ылайык, добушун саткан адамга да чара көрүлөт. Ошол эле кезде мурда мындай иштер жекече айыптоо менен каралса, азыр жалпы коомдук айыптоо катары каралат. Бул чаралар кандай иштей турганын турмуш көргөзөт. Бирок бул чаралар деле добуш сатып алууну токтотууда натыйжа бербейт. Адамдын өзүнүн жеке психологиясы өзгөрмөйүнчө, добушун саткан адам менен добуш сатып алган кишинин ортосундагы мындай көмүскө бүтүмдү аныктап, таап чыгып, жазалоо баары бир татаал. Бирок ошентсе да жазанын күчөтүлүшү туура болду. Анын кандайдыр таасири болушу мүмкүн».

Жоктордун добушу, жоболоңдуу «айланкөчөк»

Эркин байкоочулардын баамында, соңку тарыхта электораттын аң-сезимдүү бөлүгүнүн добуштарын бөлүп-жарып, уурдап, жокко чыгарган өнөкөт да күчөгөн.

Бийлик-оппозиция ажырымы кеңейип, шайлоолордо бийликти сындаган саясатчыларды өткөрбөш үчүн административдик басым кеңири колдонулган.

Байкоочулар добуштарды саноодо электр жарыгы өчүрүлүп, оппозициялык талапкерлерге берилген добуштарды уурдаш үчүн шайлоо үкөктөрү алмаштырылган фактыларды каттоого алышкан. Ал эми «өлүк жандар» ыкмасы аркылуу мурда көзү өтүп кеткен же болбосо деги эле жашоодо болбогон белгисиздердин аты-жөнү тизмеге кошулуп, «ыңгайлуу» талапкердин пайдасына алдын-ала белгиленген бюллетендер урнага жапырт түрдө ташталган учурлар катталган.

Ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү аяктап калганда запаста турган жана шайлоого келбеген шайлоочулардын бюллетендерин топтоп, кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн урнага таштаган учурлар катталган.

Ошол эле учурда «айланкөчөк» («карусель») деген амалкөй ыкма аркылуу талапкердин тарапташтары алдын-ала белгиленген шайлоо бюллетендерин шайлоочуга берип, аны урнага салдырып, ага берилген таза бюллетенди кайтарып алган соң акчасын берип турган. Адистер депутаттыкка талапкерлердин шайлоо штабынын бул «ыкмасы» бир топ чыгашалуу болгону менен добуштардын жыйынтыгын алууда «натыйжалуу» болуп келгенин мисал келтиришти.

«Жарандык платформа» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова шайлоочулардын тизмесин биометрикалык каттоонун негизинде түзүү жана автоматтык эсептөөчү шайлоо урналарын колдонуу оң натыйжа бергенин айтты:

Айнура Усупбекова.
Айнура Усупбекова.

«Азыркы убакта шайлоолордун жүрүшүндө «карусель» ойнотуу деген нерсе биротоло жоюлду. Буга добуш берүүдө «бир шайлоочу - бир добуш» деген принцип менен биометрикалык каттоо базасы боюнча түзүлгөн шайлоо тизмеси жана бюллетенди ачык автоматтык эсептөөчү урнага таштай турган технологиянын киргизилиши бюллетендерди мындай айлампа аркылуу ойнотууга бөгөт койду. Мунун өзү шайлоолордун жыйынтыгына карата ишеним жаратты. Бирок ошол эле кезде шайлоо участкаларынан сырткары жактарда шайлоочулардын добушун сатып алып, аларды ташып келүү, алардын аң-сезимине таасир этип, манипуляциялоо аркылуу шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо сыяктуу көмүскө ыкмаларды азыр деле шайлоо штабдары колдонуп келе жатышат».

Кош тизмелер менен «коштошуу»

Жаңы шайлоо технологияларын киргизүү менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалай турган айрым бир көмүскө ыкмалар маанисин жоготконун адистер шайлоого катышуу деңгээлинин төмөндөгөнү менен байланыштырышты.

Анткени 2010-жылга чейинки президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо жарандардын шайлоого катышуусу 80-90% болсо, биометрикалык каттоонун негизинде шайлоого катышкан шайлоочулардын көрсөткүчү 60-65% чейин түшкөн.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов муну шайлоо тизмесинин такталышы жана жарандардын шайлоого катышуусунун чыныгы көрсөткүчү катары белгиледи:

«Ошол үчүн бардык саясий партиялар шайлоолордо электорат менен аябай катуу иштеп, аракет кылганына карабастан соңку шайлоолорго жарандардын катышуусу 63-65% ашкан жок. Мунун өзү мурда шайлоо күнүнө чейин эле шайлоочулардын тизмелери ашкере «чоюлуп», ага жок адамдарды деле киргизип, алардын атынан кайсы бир тараптын пайдасына иштеген өнөкөткө бөгөт койду. Ошонун негизинде жанагы шайлоочуларды автобустар менен жапырт ташыган, бир эле адам бир нече ирет добуш берген же болбосо шайлоочуларды тиешелүү шайлоо округундагы ар бир шайлоо участкасына алып барып, улам-улам добуш бердирткен терс көрүнүштөрдүн алдын алууга өбөлгө түзүлдү. Ошол эле кезде бюллетендерди тутамдап урналарга салган же болбосо ошонун айынан шайлоо участкаларынын алдында топтошуп туруп алып, чыр салган учурларды токтотконго шарт түзүлдү. Мунун бардыгы жаңы шайлоо технологиясынын ишке кириши менен тарыхта калды».

Манжалар «талкалаган» добуштар

Анткен менен шайлоо технологиялары боюнча адис-эксперттер добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этүүчү шайлоо комиссияларынын ишмердигине байланышкан башка бир көмүскө ыкмаларга бөгөт коюлбай, алардын улам бир өркүндөтүлгөн түрлөрү колдонулуп келе жатканын байкашкан.

Алардын бири - «Айлакер манжа» деген ыкма. Мурдагы шайлоолордон бери кеңири колдонулуп келе жаткан бул ыкманы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуштарды саноо учурунда жеңине катылган калемсап аркылуу колдонуп, каршылаш талапкерге берилген бюллетендерди бузуп, анын добуштарын жараксыз кылып, азайтып отурат. Буюртма берген шайлоо штабы адатта участкалык шайлоо комиссиясы менен келишип алып, жалаң көп добуш алышы мүмкүн болгон талапкерге берилген бюллетендерди анын каршылашынын пайдасына бузуш үчүн атайын комиссия мүчөсүн дайындап, жалдаган көрүнүштөр орун алган.

Мындан сырткары добуштарды саноо учурунда башка бир талапкерге же партияга берилген бюллетендердин топтомун алып туруп, экинчи бир талапкердин же партиянын пайдасына кошуп жиберген учурлар да шайлоолордогу салттуу көз боёмочулуктун түрү катары таанылган. Шайлоочулар биримдигинин төрагасы Бакыт Керимбеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШК менен соттошуп, бирок утулуп калган.

Бакыт Керимбеков басып чыгарылган бюллетендердин саны менен жалпы берилген добуштардын санын салыштырып, эсептеп чыгып, андагы мүчүлүштүктөрдү таап чыкканын айтты:

Бакыт Керимбеков.
Бакыт Керимбеков.

«2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин анын расмий жыйынтыгы жарыяланган «Эркин Тоо» гезитине чыккан шайлоонун жалпы жыйынтыгы боюнча маалыматтарды мен БШКнын расмий сайтындагы ага чейинки маалыматтар менен салыштырып, эсептеп чыктым. Шайлоочулардын жалпы саны, добуш берүүгө катышкандардын жалпы саны жана жараксыз бюлллетендердин саны боюнча бир топ айырмачылыктар чыгып калды. Ошол эле эсеп боюнча төрт миңге чукул шайлоо бюллетени кайда жоголгону белгисиз болуп чыкты. Аны да такташтырып, сандар бири-бирине дал келе турган кылып коюшкан эмес экен. Демек, алар өздөрү да так санап көрүшкөн эмеспи деген ойдо калдым. Мен бул боюнча БШК менен соттошуп, сотто тиешелүү далилдерди келтирип, суроолорду берип, бирок анда мени ынандыра турган жооп ала алган жокмун».

«Санариптешкен» бурмалоо

Ал эми айрым талдоочулар шайлоолорду өткөрүүдө жаңы технологиялар колдонулуп, добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланбай калды дегенге макул эмес. Алар автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу кайсы бир партиянын пайдасына добуштарды «чегерүүгө» жардам берчү компьютердик программалар бар экенин айтып келишет. Бирок аны ырастай турган далилдер азырынча табыла элек.

Жапониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий технологиялар боюнча адис Даниел Кадырбеков атайын коддор аркылуу программаланган ыкмалар менен шайлоонун жыйынтыгына аралыктан таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, ошондуктан кол санактын жыйынтыгын көзөмөлдөө зарыл экенин белгиледи:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Ошондой айлакер программалар аркылуу ар бир онунчу же ар бир бешинчи бюллетенди «А» партиясынын же болбосо «Б» партиясынын пайдасына эсептеш үчүн ага атайын багыт бере турган коддорду иштеп чыгып, программалоо аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгына автоматташтырылган шартта таасир этип коюш татаал деле иш эмес. Анткени биздин шайлоодо колдонулуп жаткан жабдуулар жөнөкөй эле эсептөөчү техника. Аны программалоо аркылуу башкаруу кыйын деле эмес. Ошол эле кезде добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөдө ал техника жаңылып деле калышы мүмкүн. Анткени ал аппарат. Ошондуктан жаңы технология шайлоонун калыс өтүшүн толук камсыз кылат деген жаңылыштык.

Ага баары бир адам фактору таасир эте алат. Шайлоо жараянына кызыкчылыгы бар тараптар көз салып, бюллетендерди кол менен санаганга көңүл буруп, алардын ортосундагы айырмачылык эмнеден улам чыгып жатканын улам териштирип туруу зарыл. Эгерде эсептөөчү урнадагы жүз бюллетендин беш пайызы боюнча кол менен санаганда айырма чыгып калса, анда бул жерде атайын бурмалоо болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде шайлоого катышып жаткан партиялар добуштарды саноо этабында аябай кыраакы болуп, ар бир эреженин сакталышын талап кылып турганы абдан маанилүү».

Айырмачылыкты аныктоо мүмкүнчүлүгү

Анткен менен шайлоо мыйзамдарына ылайык, автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу алынган добуш берүүнүн жыйынтыгы баштапкы жыйынтык катары гана каралат. Ал эми негизги расмий жыйынтык добуштарды кол менен санагандан кийинки чыгарылат.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул тууралуу мындай деди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу добуштардын баштапкы санын аныктоо шайлоодогу адамдык фактордун таасирин азайтуу максатын көздөйт. Бирок бул жерде аталган баштапкы жыйынтык эң соңку жыйынтык катары каралбайт. Ошондуктан добуштар кол менен саналып, протоколдоштурулуп, ага бардык тараптар кол койгон соң гана расмий жыйынтык чыгарылат. Эгерде эки жактын ортосунда айырма чыгып кала турган болсо, ал айырмачылык эмнеден улам келип чыкканы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан териштирилет. Автоматташтырылган урна - аябай сезимтал жабдуу.

Мисалы, бюллетенде ашыкча коюлуп калган бир кичинекей белги же кандайдыр бир сыянын изи же калемсаптын учу тийип калса да аны жараксыз деп эсептеши мүмкүн. Ошондуктан андай бюллетендер аныкталган учурда шайлоо комиссиялары коюлган белгинин тактыгын көз менен карап чыгып, ошонун негизинде добуш берүү аркылуу ошол партиянын пайдасына же болбосо жараксыз бюллетень деп таап, аны добуш берүү аркылуу чечишет. Адатта мындай айырмачылыктын катышы абдан эле аз. Көбүнчө бул техникалык себептерден улам болушу мүмкүн. Ал эми атайын программалоо аркылуу добуштарды бурмалоо болушу мүмкүн эмес. Андай болгон учурда кол менен саноодо баары бир байкалып, аныкталып калат. Андай нерсеге шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жол бербейт. Анткени ал жерде ар бир партиянын өкүлдөрү карап турат».

Ошо эле кезде адистер автоматтык эсеп менен кол санактын жыйынтыктарын салыштыруу үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар участкалык шайлоо комиссияларында аягына чейин көзөмөл жүргүзүшү керек деп эсептешет.

Добуштарды коргоого кагылган «добулбас»

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин өкүлү Айданбек Акматов толук көзөмөл жүргүзүүдө бир партиянын мүмкүнчүлүгү чектелүү болорун, ошондуктан добуштардын уурдалышына көз салуу максатында «Таза шайлоо үчүн» альянсы түзүлүп жатканын айтты:

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Добуштарды сатып алыш үчүн тымызын түрдө азыртан эле акча таратып, паспортторду чогултуп, акчанын жарымын шайлоо күнү бере турганын айтып, убада берип жаткандар эмитен эле байкалууда. Мунун бардыгын факты катары бетин ачып, ашкерелеп, тиешелүү укук коргоо органдарына арыз берип, териштирүү ишин жүргүзүүгө ар бир партиянын эле чамасы жете бербейт. Ошондуктан биз шайлоону калыс өткөрүүгө умтулган партиялар биригип, «Таза шайлоо үчүн» альянсын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Бул уюм коомдук негизде шайлоодогу мыйзам бузууга каршы иш алып барып, добуш сатып алуу, добуштардын жыйынтыгын бурмалоо сыяктуу аракеттерди каттоого алып, ага карата чара көрүүнү талап кылып, коомчулукка жарыялап туруу милдетин өзүнө алат. Ошол эле кезде биз өз өкүлдөрүбүзгө шайлоо участкаларында мыйзам чегинде кандай көзөмөл жүргүзүү боюнча нускамаларды берип, добуштарды кол менен санап, акыркы жыйынтык чыкканга чейин отуруу абдан маанилүү экенин эскертип жатабыз. Автоматтык эсеп менен кол санактын жыйынтыгын салыштырып көрүп, протоколдорду райондук, облустук жана республикалык штабдарга тез арада жиберип, шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу зарыл. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө».

«Форма-2»: добуш топтоонун жаңы формуласы

Шайлоочулардын паспортторун чогултуп, аларды тиешелүү шайлоо дарегине которуу аркылуу добуш топтоо өнөкөтүн да шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо ыкмасы катары мүнөздөгөндөр бар.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов добуш сатып алуунун өзөгү ошол «Форма-2» аркылуу ишке аша турганын эске салды:

«Бул жерде шайлоочулардын тизмелерин улам өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген «Форма-2» деген документ аркылуу жарандардын каттоосун алмаштырып, алардын шайлоо дарегин өзгөртүүгө ыңгайлаштырылган көрүнүшкө жол берүүдөн шайлоо күнү көп чыр чыгышы күтүлөт. Биз буга чейин аны колдонууга тыюу салууну сунуш кылганбыз. Бирок анда «шайлоочу каалаган жерден добуш берүүгө укуктуу, анын бул укугун чектебешибиз керек» деген негизде ошол «Форма-2» аркылуу каттоосун өзгөртүүгө уруксат берген жобо калган. Негизи шайлоодо добуштарды бурмалай турган аракеттердин бардыгы эми ушуга байланыштуу болушу мүмкүн».

Бул маселеде саясий партиялардын шайлоо штабдары жергиликтүү шайлоо комиссиялары жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен келишип алып, иш алып барары белгиленди.

«Жарандык платформа» уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоочу бул көрүнүштөр бири-бири менен байланышта экенин айтты. Жакында Мамкаттоо шайлоого чейин жарандардын бир жерден экинчи жерге жапырт катташына бөгөт коюш үчүн «Face ID» тутумун колдонгон жаңы эрежелер киргизилгенин жарыялады.

Анда жарандар тиешелүү даректеги калкты каттоо борборуна өзү келип арыз берип, баш бармагы менен бет түзүлүшүн аныктаган биомтерикалык мүнөздөмө аркылуу шайлоо дарегин өзгөртө ала турган жаңы тартип киргизилген. Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кара-Суу районунун айылдарында катталган жарандарды жапырт түрдө каттоосун Ошко которгон учурлар байкалган. Териштирүүдө бир эле үйгө ондогон жарандар жасалма түрдө тургузулган жарандардын саны 38 миңден ашуун экени аныкталып, мындай каттоо кийин жокко чыгарылган.

Бул көрүнүштү айрым БШК мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо аракети катары мүнөздөшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG