Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Ошто сөгүнгөн милиционер иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде милиция кызматкерлери менен айдоочунун ортосундагы келишпестик тартылган видео 16-май күнү Интернет булактарына чыкты.

Анда милиция кызматкери айчоочуну жана жүргүнчүлөрдү сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Тасма Интернет булактарына чыккандан бир күндөн кийин шаардык милиция оозу бош кызматкерин «уставды бузду» деген жүйө менен жумуштан алганын маалымдады. Бирок активисттер менен юристтер жаза «өтө эле жумшак» болуп калганын айтышууда.

Окуя 16-майга караган түнү болгон. Жол чырактан өткөн жүк ташуучу автоунааны (портер) жол кайгуул кызматкери токтотуп, «жол эрежесин буздуң» деп айып салууга аракет кылгандан улам талаш чыккан.

Өздөрү деле «Эмне кылабыз?» деп, түшүнбөй калышты.

Айдоочу менен милиция кызматкеринин талашын тасмага тартып жаткан жүргүнчүлөрдүн бири өзүнүн коопсуздугу үчүн атын ачыкка чыгарууну каалаган жок. Анын айтымында, жол кайгуул кызматкери эреже бузууну далилдей албай, ар кандай себептерди издей баштаган.

«Биз «орозодо ызы-чуу кылбай жакшына кетип калалы, биз эч нерсе кылбадык го» десем, ошол жерде аскер кийимчен киши келип сөгө баштады, - дейт ал. - «Жылгыла, ал жакка, бул жакка» деп... «Далил көрсөткүлө, биз деле айыппул төлөгөнгө макулбуз» десек деле көрсөтпөй, «протокол түзөм, силер кызыл жарыкка өттүңөр» деди. Анан «арткы номериңердин жарыгы жок экен, ошого түзөм» деп баштады. Макул болдук. Ал «ЖККга баш ийген жок» деп да кошуп коюптур. Анан атайын топ келди. Аларды дагы эки сааттай күттүк. Видеодо көрүнгөндөй өздөрү деле «Эмне кылабыз?» деп, түшүнбөй калышты».

Милициянын айдоочуларды сөгүп жаткан видео 16-май күнү Интернетке чыгар замат кызуу талкууга түштү. Бир күн өткөн соң шаардык милиция кызматкерди иштен алганын жарыялады.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын жана жүрүм-турум эрежелерин бузуп, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин наамына шек келтирип, анын бетине көө сүрттү деп айтса болот. Ал ээлеген кызматынан бошотулду. Аны менен бирге болгон Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн кызматкерине карата да жумуштан четтетиш үчүн сунуш киргизилди», - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Сыдыков жумуштан четтетилген милиция кызматкери кайра кызматка кайтып келүүгө, башка бөлүмгө ишке кирип кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар-жок экенин така кесе айта алган жок.

Ал эми юрист Максат Жорокулов уставды бузганы үчүн иштен кеткен кызматкер кайра милицияга ишке кире албай турганын билдирди. Ошондой эле юристтин айтымында, сөгүнгөн милицияга карата көрүлгөн чара жеңил болуп калган. Анткени кызматкерди жумуштан алган чечим коомчулуктун нааразылыгынын алдын алыш үчүн чыгарылгандай.

Максат Жорокулов.
Максат Жорокулов.

«Анын аракетинде Жоруктар кодексиндеги «Бейбаштык» беренесинин белгилери бар, - деди ал. - Эгерде укук коргоо органдарына карата катардагы жаран ушундай эле иш кылган болсо, Жазык кодексиндеги «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоп коюшу мүмкүн эле. Субъектиси бар, коомдук жай, анын аракети видеого фиксация болуп жатат. Бүт аракеттеринде далилдер да жетиштүү. Ал билип туруп атайылап жасап жатат. Ошондуктан сөзсүз түрдө жогорудагы берене менен жазаласа болмок».

«Кадимки көрүнүш»

Буга чейин коомдук тармактарда сөгүнгөн милициянын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну, элден кечирим суратууну талап кылган жана анын иштен алынганына ишенбеген билдирүүлөр жарыяланган.

Активист Медербек Абдыманапов милиция карапайым элдин укуктарын коргоонун ордуна аларга тескерисинче басым кылганы кадимки көрүнүшкө айланып баратканын айтууда:

Медербек Абдыманапов.
Медербек Абдыманапов.

«Ошол бир эле окуя бүт Кыргызстандагы абалды көрсөтөт. Башка жактарда деле так ушундай. Айрыкча кечинде алыскы райондордо ЖККнын кызматкерлери өздөрүн башкача сезип алышат. Бул нерсе баарына үлгү болушу керек. Алардын көзүн ачыш керек. Аларга бардык нерсени кылууга мүмкүн эмес. Аларды да ордуна келтирип коё турган коомдук тартип бар, коомдун көзөмөлдөөчүлөрү, активдүү жарандар бар. Алар андай нерсеге жол бербейт».

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери да күн сайын жарандардын орой мамилесине кабылып, сөгүш угуп жатканын айтышат. Маселен, бир ай мурун эле «күйөөм УКМКда иштейт» деген аял көчмө постто турган милицияны сөккөн видеосу Интернетке тараган. Мындан тышкары, кыргыз элин бүт бойдон мазактаган кыз тууралуу тасма коомчулукту нааразы кылган.

Былтыр өлкөдө милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен тартип сакчыларына карата коррупциянын 27, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун 22 жана алдамчылыктын эки фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Ошондой эле 30дан ашуун жетекчи эскертүү алып, тартип жазасына тартылган. Ал эми коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчиликтерди кетирген беш жетекчи кызматтан бошотулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG