Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Украина: Карын энелердин камалган балдары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада суррогат энеден төрөлгөн 50дөй ымыркайды чет өлкөлөрдөгү ата-энелери карантиндин айынан алып кете албай атышат.

Суррогат энелер менен чет өлкөлүк ата-энелерге ортомчу болгон жеке менчик клиника ымыркайларды ата-энесине тапшырууга жардам берүүнү бийликтен суранууда.

Киев шаары. Тикен зым менен корголгон бийик дубал. Анын ичинде «Венеция» отели жайгашкан. Бул жеке менчик төрөтканага таандык. Бир бөлмөдө бир эле учурда 46 ымыркайдын ыйлаганы угулат. Айрым бөбөктөрдүн кийимине аты-жөнү жазылган. Булардын баарын жергиликтүү суррогат энелер чет өлкөлүк ата-энелер үчүн төрөгөн. Азыр аларды чет-өлкөлөрдө үй-бүлөлөрү күтүп жатышат.

Рафа Аирес - Испаниянын жараны. Ал суррогат эне төрөгөн балдардын биринин атасы. Аирес баласын алып кетиш үчүн келип, карантинге чейин кайра кеткенге үлгүрбөй калган. Азыр ушул эле отелде бала менен кошо жашап жатат.

«Мен бул жакка өзүм келдим, - дейт ал. - Анткени аялым жумушунан бошой албайт. Күн сайын аялыма видео аркылуу чалам. Бир-бир жарым саат сүйлөшөбүз. Азырынча аялым баланы көрүп турушу үчүн менин колумдан ушул гана келет. Бул өтө оор».

Мындагы ымыркайлардын көбүнүн ата-энеси жанында эмес. Бирок медицина кызматкерлеринин бири бардык балдар көзөмөлдө экенин айтты:

«Бизге деле оор. Ошондой болсо да балдарды жакшы караганга аракет кылып атабыз. Биз ата-энелерине балдарын видео аркылуу көрсөтүп турабыз».

Балдарын ала албай күтүп жаткандардын арасында Италиянын, Франциянын, АКШнын жана Англиянын жарандары бар. Клиниканын юристи Денис Германдын айтымында, айрым балдар мында ата-энесин күтүп жатканына үч ай болду.

«Ар бир балада ата-энеси салып жиберген, же «сатып бер» деп суранган оюнчугу бар. Айрым ата-энелер өз тилдеринде жомокторду айтып, үнүн жиберишет. Үнүн балдарга угузууну суранышат», - дейт ал.

Юристтин айтымында, Украинада суррогат энеден төрөлгөн бөбөктөрдү ата-энесине бере албай отурган мындан башка да клиникалар бар. Бул клиника жакынкы айларда дагы 50 баланын төрөлүшүн күтүп жатат. Ар ортодо клиникага Украинанын омбудсмени Людмила Денисова текшерүү менен келди. Акыйкатчы Украинада карантиндин айынан канча бала ата-энесине жетпей, камалып турганы белгисиз экенин айтты:

«Айрым ата-энелер чартердик каттамдарды күтүп атышат. Чартердик каттам учуп келип, кимдир-бирөөнү алып кетиши үчүн Тышкы иштер министрлиги уруксат бериши керек. Ошондуктан биз алгач уруксат жасатабыз. Анан ата-энелер келишет, балдарын алып кетишет».

Денисованын айтымында, чет өлкөлүк ата-энелер жакынкы апталарда балдарын алып кете алышат. Андан соң Украинада суррогат энеликтин мыйзамдуулугу боюнча маселе каралат. Суррогат энеликке Украинада расмий тыюу салынган эмес. Бирок бул ишкердикти тескей турган мыйзам да жок.

«Суррогат эне» деген түшүнүк кыргыздар арасында «карын эне» деген сөз менен белгилүү. Суррогат энелик – үч кишинин катышуусу менен ишке ашкан бала төрөтүү ыкмасы. Балага ата болгусу келген эркектин уругу менен эне болчу аялдын тукум клеткасы жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган түйүлдүк башка аялдын (суррогат эненин) жатынына салынат да, ал аял баланы тогуз ай бою көтөрүп, төрөп берет. Адатта ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын пайдаланышат.

Кыргызстанда башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2015-жылы «Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери» деген аталыш менен кабыл алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG