«Азаттык» үналгысы менен «Эсимде» мултимедиа борборунун биргелешкен долбоору. Элмира Ногойбаеванын согуш туткуну тууралуу баяны.
Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.
Юсуф Булатовдун кыска өмүр жолу катарлаштарынан анча деле айырмаланбайт.
1938-ж. сталиндик жазалоочулар жазыксыз жерден мерт кылган Жусуп Кангелди уулу (1900–1938) тууралуу Г.Абдалиеванын блогу.
Тарыхчы Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (1948––1991) тууралуу чакан эскерүү.
Абдрахман Булатов кедей-дыйкан катарынан акылы, аракети менен суурулуп чыккан алгачкы муун партиялык кызматкерлерден болчу. 1938-жылы ноябрда атылып, сөөгү 1991-жылы «Ата-Бейитке» коюлган.
1962-жылы Фрунзе шаарында СССР Жогорку сотунун көчмө коллегиясында «трикотажчылар же цехчилер иши» каралып, жыйырмадан ашуун адам атууга, башкалары узак мөөнөткө абакка кесилген.
Социализмдин “тап душманы” Айымбет уулу Тиллебайдын тагдыры өтө кайгылуу аяктаган. Ал уулу менен тоо арасында баш калкалап жүргөн жеринде НКВДга кызматташып кеткен жакын тууганынын колунан мерт болгон.
Алымбек датканын неберелери Кадырбек Камчыбеков менен Жамшитбек Карабеков Кыргызстанда социализмдин орун-очок алышына жан аябай кызмат кылып, 1937-жылы атылып кеткен.
Бөрүбай Кененсариев (Кененсарин) - алгачкы муундагы кыргыз акындарынын бири. Анын ата-теги совет бийлигине жакпай, абагына түшүп, басым-кысымдан тажаганда чыгармачылык ишин таштап, жөн-жай турмуш кечирүүгө өткөн. Ошентип таланттуу кыргыз акындарынын бири көркөм чыгармачылыктан четтеген.
Советтик даңазалуу конструктор СП.Королёв да сталиндик запкыны көргөн.
Шарип Көкөнов - алгачкы муундагы кыргыз жазуучуларынын бири. Чыгармачылык баралы келип турганда куугунтукка кабылып, абактан чыккандан кийин кара жанынын кайгайы менен болуп, көркөм чыгармачылыкка кайрылган эмес.
Дагы жүктөңүз