Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

Көп кырдуу таланттын көңүлүн калтырган ыдык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шарип Көкөнов - алгачкы муундагы кыргыз жазуучуларынын бири. Чыгармачылык баралы келип турганда куугунтукка кабылып, абактан чыккандан кийин кара жанынын кайгайы менен болуп, көркөм чыгармачылыкка кайрылган эмес.

Алгачкы саамалыктар

Кыйла жылдар бою кыргыз совет адабиятынын баштоочулары катары Аалы Токомбаев баш болгон үркөрдөй жазуучулардын аты аталып, ага чейин басма бетинде бир да чыгарма жарыяланбагандай, Улуу өктөбүрдүн шарапаты менен 1924-жылдын 7-ноябрынан тартып жазма адабиятыбыздын алгачкы үлгүсү «Эркин тоо» гезитине жарыяланып, ошондон тамыр алып көктөп, бутактап чыккандай сыпатталчу. Улуттук көркөм сөз өнөрүнүн социализм заманына чейин, анын алгачкы жылдары чыккан чыгармалар, кыргыз совет адабиятынын башында турган жаш жазуучулардын бир тобу тууралуу маалыматтар 1970-жылдардан бери азыноолак айтылып, социализм тарыхый тактыдан кулап түшкөндөн кийин айкын-ачык жарыялана баштады. Адабият тарыхынын кыйла жылдар эске алынбай, үстүртөн сыпатталып келген 1920-1930-жылдары ушу азыр деле толук изилденип, так илимий баасын ала элек.

Ошондон ушу кезге чейин көпчүлүк кыргыз окурмандарына Жумадыл Түлөкабылов, Орозакун Лепесов (Элебесов болуш керек), Зина Лепесова, Байсерке Калпаков, Исамүдүн Кудайбергенов, Мадабай Байчериков, Абдысамат Акунбаев, Иманалы Максүтов, К. Баязыков, К. Мажиковдун жана башка авторлордун аты белгисиз. Булардын айрымдарынын артында калтырган адабий мурасы гезит-журналдарда, жыйнактарда калып кетти, калгандары айрым бир изилдөө, эскерүүлөрдө гана аты аталбаса, унутта калып баратат.

Шарип Көкөновдун, Бөрүбай Кененсариевдин, Сатыбалды Нааматовдун, Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевдин жаш кезинде жазгандары жарыяланып, айрымдарынын аты коюлуп, канча жылдар катылып келген адабий мурасы окурманга жетти. Тарыхтын ушинтип кечигип болсо да акыйкатты калыбына келтирип койчу калыстыгы болот экен.

Шарип Көкөнов тууралуу маалыматтар аябай эле аз. 1884-жылы Чүйдүн Ысык-Атасында төрөлгөнү, 1951-жылы сүзөктөгөн дарттан оңоло албай көз жумганы, кезинде айтылуу «Эркин тоо» гезитин жетектегени, ал жерде жаштарга арналган «Тоо жаштары» гезит тиркемесин чыгарганы, 1928-жылдан тартып ал кадимки «Ленинчил жаш» гезити катары өзүнчө басылмага айланганы, мезгилдүү басма сөздө арбын жарыяланганы белгилүү. Шарип Көкөнов журналисттик кызматынан тышкары, катарлаштарынан кем калбаган мыкты акын, кара сөзчү, драматург катары таанылып, 1920-30-жылдары активдеги авторлордун катарына кошулуп калган. Жазуучу өз учуру үчүн актуалдуу темаларды, социализмдин кыргыз жерине жайылышын чагылдырып, жаңы коом турмуштун бардык тарабында ийгиликтерге жетишип, жеңиш менен ийгиликтүү баратканын жар салуудан тажаган эмес.

«Жели сонун советтин»

Арадан көп өтпөй, социалисттик турмуш жарчысына айып коюлуп, камакка алынган. Азыр эми коюлган күнөөсү таң калуудан башкага жарабас, а бирок Шарип Көкөновго «Касым Тыныстановдун тарапкери, анын аракетин колдогон, буржуазиячыл улутчулдардын, «эл душманы» болуп кеткен тыныстановчулардын жазгандарын жарыялаган» деген күнөө коюшкан. Ошол кезде «Касым Тыныстановдун шакирти, жактоочусу» деп кыргыздын кыйла инсандары түрмөгө кесилип, куугунтукка алынган. Шарип Көкөнов ошондой тагдырга туш келген.

Шарип Көкөновдун бир да чыгармасынан социализм идеясына кайчы келген, кайсы бир жеринде контекст арасына билгизбей илип салган жат идеяны табыш мүмкүн эмес. Автор социализмдин кыргыз жерине алып келген жаңылыгын «Жамбулак айылы саясы окууга бет бурду», «Эмгекчи көзүн ачты» сындуу макалаларында козгогон. Жаңы коом менен кошо келген өзгөрүүлөрдү Шарип Көкөнов жалаң эле кабар, макала, жанытма, фельетон кыйытмаларында эмес, көркөм чыгармаларында да чагылдырган. Бул ыңгайда анын 1934-жылы чыккан «Жеңиш жемиши» китебин бөлүп көрсөтсө жарашат. Саны жана сапаты жагынан Шарип Көкөновдун ошол кездеги жазгандары катары суйдаң кыргыз жазуучуларынын биринен да көркөмдүк деңгээли жагынан төмөн турбайт.

Ал эми Шарип Көкөновдун драмачылык өнөрү өзгөчө көңүл бурууга, талдоого татыктуу. 1930-жылдардагы калемгерлер арасынан Шарип Көкөнов Касым Тыныстановдун демилгеси менен башталган айтылуу «Академия кечелеринин» авторлорунун бири болгон. Өткөн заман менен жаңы коомдун айырмасын көрүүчүлөргө түшүнүктүү тилде баяндап берчү «Академия кечелерине» Шарип Көкөнов «Ак Мөөр», «Акчоро ханым» пьесалары менен катышкан.

Касым Тыныстанов кыргыз маданий турмушундагы жаңылыктарга жакын болчу. «Академия кечелеринин» алдына койгон максаты деле айкын-ачык эле. Кыргыз көрүүчүлөрүнө эски феодалдык турмуштун азап-тозогун, феодалдык коомдун калдыктары менен соода капитализми жаңыдан баш бага баштаган орус колониалдык доорун сүрөттөп, анан социализмдин Ала-Тоо жериндеги шаң-салтанатын даңктоо жаңы долбоордун негизги максаты болчу. А бирок андан опсуз чоң идеялык каталарды таап, эски заманды жеберине жеткире сындаган чыгармадан «эскини көксөө, даңктоо» деген опсуз чоң айыпты таап чыгышкан.

Шарип Көкөнов ошол кездеги бир топ эл шайырларын, атап айтканда, Карамолдо Орозовду, Мураталы Күрөңкеевди, Молдобасан Мусулманкуловду, Алымкул Үсөнбаевди, Калык Акиевди мына ушул ишке тартууга аракет кылган. Аларга театр өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, аны акындар поэзиясына, элдик музыкага жакындатууга бел байлаган. Улуу таланттарга театр актерунун өнөр сырын үйрөтүп, аларды ири маданий долбоорго кошкусу келген.

Булардан тышкары Шарип Көкөнов «Болот капкан жана шум түлкү» пьесасын, «Тап жолунда» драмасын жазган. Драмада кыргыз жериндеги өзгөрүүлөр, эскинин жаңыга жол бербей каршылык көрсөтүүсү, тап күрөшүнүн кандай жүрүп жатканы көрсөтүлгөн. Чыгарма үч бөлүктөн турат, 19 каарман катышат. Шарип Көкөнов «Тап жолунда» драмасы Ташкен шаарында 1928-жылдын декабрында бүткөнүн белгилеген.

Драмада Алымкул деген бай билим алган баласын эмдигиче болушка катчы болууга жарабай жатканын айтып, элдин балдары жакшы кызматтарды ээлеп иштеп атканына нааразы болот. Атасынын айтканына Сыйдаалы деле макул, жакшы эле аракет кылганына карабай, кедейлер аны «байдын баласы» деп кызматка жолотпой жатышканына билимдүү жаш жигит нааразы.

Драманын финалында кедейлердин арасына кирип алган тап душмандардын бети ачылып, жашырган мүлкү билинип, баары камакка алынат. Көрсө мурдагы бай-манаптар ар кандай жолдор менен кедейлердин арасына кирип кетишкен экен. Чыгармада алар мурдагы кадырын, таасирин сактап калыш үчүн болгон аракетин жасап жатышканы баяндалат, каршы тарап андайга жол бербей бекем турушу керек экендиги эскертилет. Көркөм чыгармага караганда идеологиялык үгүт-насаатка кыйла жакын мындай чыгармалар социализм жаңыдан канат жайып жаткан кезде көп жазылган.

Шарип Көкөнов совет бийлигине, анын жүргүзгөн саясатына айныксыз ишенгени үчүн:

Тукабадай кулпунган,

Бели сонун советтин.

Белден соккон атыр жел,

Жели сонун советтин, - деп жазбагандыр. Кедей-кембагал, жарды-жалчыга жылуу ырай менен карап, алардын таламын талашып, буга чейин дегеле кезикпеген колунда жок адамдарга бийлик тизгинин берип, алардын жапырт сабатын ачууга киришкен системаны ким эле жаман көрсүн? Мына ушул ыкчам жаңылануу менен кошо келген тап күрөшү, опсуз өлүү дүйнөнү ээлеп алган бай-манаптарды, бий-болуштарды камакка алып, көбүн жер котортуп айдап жиберишин деле айрымдар жактыруу менен кабыл алган. Анткен менен андай өкүмзордук бара-бара кедей катарынан чыккан, билим алып жаңы заманга аянбай кызмат кылгандарга ооп, аларды «эл душманы» катары камап, атып-асып жок кыла башташы ансыз да зордук-зомбулуктан жүрөкзаада болуп калган көпчүлүктүн үшүн алып, баары бири экинчисинен чочулап, коом коркунучка батып калган. «Биздин адабияттын жүрөгү ошол отузунчу жылдары түшкөн экен, ойлосом», - деп жазган кийин белгилүү акын Төлөн Шамшиев. «Эл душмандарын» издеп табуу, жок кылуу, сүргүнгө айдоо, абакка отургузуу бирде күчөп, кайта басаңдап, совет мамлекетинин күнү бүткөнгө чейин улантылып келди. Шарип Көкөнов советтик сурактын кандай болгонун «Эмгек жортуулчулары» повестинде минтип сүрөттөп берген:

«Суракта душмандардын биринин сөзү бирине каршы келип, биринин мойнуна албаган күнөөсүн экинчисинин сөзү ырастагандай болуп олтурду. Маселе ачык болгондуктан сурактын тартиби ылдам, шыр өтүп жатты. Бирок жүз чамалуу ревалүтса душмандарын бир күндө сурап бүтүрүүгө мүмкүндүк болбоду. Ушул тартип менен суралып олтуруп, эртеси кечке чейин созулду».

Колхоз түзүлүшүнө тымызын каршы чыккандар акыры бети ачылып, катаал жазага кириптер болуп, ал эми аны курууга жан-дилин берген эмгекчилер мамлекеттик сый-урматка бөлөнүп, кубанган колхозчулар пахта планын толтуруп, ага улай шахтага барып көмүр казып алууга жардамга жөнөшөт. «Эмгек жортуулчулары» 1932-жылы жазылган. Жазуучу ошол кезде эле «революция душмандары, троцкийчилер совет бийлигине карата душмандык аракеттерин токтотпой, каршылык көрсөтүп жатканын, бирок ага карабастан сталиндик колхозчулар жеңиштерге жетип жатышканын» көрсөткөн. Повесттин финалында түшүм майрамын белгилеген колхозчулар чоң жыйын куруп, колхоз душмандарын жеңип, сталиндик багытты бекем карманган Кылычтын жеңишке жетиши, анын жолун жолдоочулар арбып баратканы белгиленген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG