Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Атууга кеткен Абдрахман Булатов


37 жашында атылып кеткен мамлекеттик ишмер Абдрахман Булатов.
37 жашында атылып кеткен мамлекеттик ишмер Абдрахман Булатов.

Абдрахман Булатов кедей-дыйкан катарынан акылы, аракети менен суурулуп чыккан алгачкы муун партиялык кызматкерлерден болчу. 1938-жылы ноябрда атылып, сөөгү 1991-жылы «Ата-Бейитке» коюлган.

Кырчын өмүрлөрдүн кыйылышы

Сталиндик репрессияга туш келген алгачкы муун кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү 35 менен 40 жаштын ортосундагы, кадыресе тажрыйба топтоп, жаңы коомду курууга жан дили менен киришкен азаматтар болчу. Каргадай бала кезинде катаал Үркүнгө туш келип, эл башына түшкөн опсуз алааматтан аман калып, тууган жерине кайтып келип, бул жердеги толгон-токой азаптардан кийин билим алып, акылынын, зиректигинин аркасы менен ишке аралашып, ошо кездердеги кыска мөөнөттүү курстардан окуп, жаңыга куштар болуп, кызмат тепкичтеринен ыкчам көтөрүлүп, анан сталиндик кандуу кыргындын капшабына туш келип атылып кетишкен. Бүтүндөй бир муундун башына келген ушул алааматтан Абдырахман Булатов да четте калган эмес, ал 37 жашында атылган.

Кыргызстандын саясий документтер архивинде Абдрахман Булатовдун 1937-жылдын 13-июнунда өз колу менен толтурган өмүр баяны сакталып калган. Ошондо жазылгандарга караганда Абдрахман Булатов 1901-жылы Балыкчы районундагы Чырпыкты айыл кеңешине караштуу Тору-Айгыр айылында Миңжылкы деген кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасынын абдан эле кедей экенин белгилеш үчүнбү, толтурган анкетасында Абдрахман Булатов атасынын бир аты, бир ую, анан азыноолак майда жандыктары болгонун келтирген. 3 гектирге жакын жери да болгон.

Жетишпеген турмуштун айынан атасы балдарын жакындарына берип, кол арага жараганын иштетип, кедейликтин азабын аябай тартыптыр. Ошондон Абдрахман жакын тууганы Өмүралы Айтбаевдин колунда калып, 1918-жылы бакма атасынан ажырагандан кийин агасы Муңайтпастын колуна келип, каргадай бала кезинен катаал турмуштун азабын көп тарткан. Атасы Миңжылкы болуштун жигити болуп, кийин жатакчылыкка, дыйканчылыкка өтүп, жетишпес турмуштун азабын тартып жүрүп 1924-жылы каза болгон. Ал эми бир тууган инисине баш-көз болгон агасы совет заманында «Фрунзе» атындагы колхоздо иштеп тиричилигин өткөргөн.

1916-жылкы көтөрүлүштө Миңжылкынын үй-бүлөсү да Кытайга качып, Кулжада Абдрахман байлардын малын багып күн өткөргөн. Бир жылдан кийин жерине кайтканда Жетисуунун Жаркентинде кулактарга малай болгон. Ал жерде орус-тузем мектебинен азыраак окуп сабатын ачып, казак жеринде үч жылга жакын туруп калышкан. 1920-жылы жазында туулган жерине кайтып келип, сабаты ачылып калган жигит айылында милициянын жардамчысы болуп иштеген.

1922-жылы билимдүү жаштарды кызыл аскерлер өз катарына алганда Абдрахман Булатов аз убакыт кызыл аскерлердин катарында кызмат өтөгөн. Бирок да Түркстан полкунун 2-батальонунда аскердик мөөнөтүн өтөп атканда катуу ооруп калып, аскерден бошотулган. Айылына келгенде аз убакыт Караколдогу «Кошчу» союзунун катчысы, андан комсомолдук жумушка которулуп, 1923-жылы Абдрахман Булатовду Москвага Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине окууга жөнөтүшкөн. Бирок ал жерден оорунун айынан окуусун таштап, туулган жерине кайтууга мажбур болгон. Ошондон кийин аз убакыт айылда дарыланып, анан Караколдогу качкындар маселесин тейлеген комитетте кеңсе башчысынын милдетин аткарган. Эки жылдан кийин обком аны Кыргызстандын түштүгүнө партиялык ишке жөнөткөн. 1925-жылдын майынан тартып жарым жыл ашуун партиянын Ош окружкомунун бөлүм башчысы болуп иштеген. 1926-жылдын августунан 1929-жылдын августуна чейин кайра эле Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине кирип, анын даярдоо бөлүмүн, ага улай эки негизги курсун аяктаган.

Москвадан окуусун бүтүп келген адисти кайра эле партиянын Ош округдук комитетинин башчысы кылып жөнөтүшкөн. Обкомдун аппаратында Абдрахман Булатов пахта секторунун башчысына дайындалган.

Ал кезде улуттук кадрларды бир жерден экинчи жерге кызматка дайындоо, жаңы жерде ашып барса эки жылдай иштөө кадыресе көрүнүштөрдөн болгон. Москвада отурган жогорку партиялык төбөлдөр, бул жерге жетекчиликке жөнөтүлгөн борбордон келген чоңдор жергиликтүү кадрларга анча ишенбей, непадам жергиликтүү өкүлдөр узакка иштеп калышса уруулук, жердешчилик, туугандык аркылуу жакындашып, иштин ойронун чыгарат деп эсептешкен. Ошол себептүү жетекчи кадрларды тез-тез алмаштырып, орун которуштуруп турушкан. Мындай «кадрдык жүрүштөрдөн» иш аксап, жергиликтүү жагдай-шартты жакшы биле элек жетекчилердин көбү эмне иш кыларын билбей, белгиленген пландар аткарылбай, экономика аксаганы жогору жакта отургандарды ойлонткон эмес.

Москвадагы партиялык кадрларды даярдоочу окууну аяктап келген Абдрахман Булатов жарым жылдан ашуун обкомдо бөлүм башчы, анан 1930-жылдын январынан 1932-жылдын июнуна чейин партиянын Өзгөн райкомунун катчысы, андан 1932-жылдын башына дейре кайра мурдагы ордуна обком аппаратынын пахта секторунун башчылыгына дайындалып, 1933-жылдын февралынан кийинки жылдын февралына чейин партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин катчысы, анан ошол эле обкомдун чечими менен кайрадан Ошко ишке которулган. Бул ирет төрт айга жакын Оштун Араван-Буура райондук аткаруу комитетинин башчысы, анан 1934-жылдын майынан 1937-жылдын апрелине чейин партиянын Базар-Коргон райондук комитетинин катчысы болуп иштеген. Калабалуу 1937-жылдын апрелинен тартып партиянын Ош райондук комитетинин катчысы болуп, ушул жерден камакка алынып, бир жылдан кийин атылып кеткен.

Ошол өзү толтурган анкетасында Булатов бир да жолу жоопко тартылбаганын, оппозициялык же улутчул топторго кошулбаганын, бир гана 1934-жылы Кыргыз обкому тарабынан элден мал-мүлк жыйноону убагында аткара албаганын, музоолорду уй сарайы жок эле чогултуп келгени үчүн сөгүш алганын, бирок ал кийин ошол эле обком тарабынан партиялык документтерди алмаштыруу учурунда алынып салынганын атайын белгилеген. Абдрахман Булатовдун өз колу менен толтурган кыскача өмүр баянынан каргадай бала кезинен жалаң иш, окуу, билим алуу менен алек болуп келатканын, тапшырылган жумуштардын бир да бирөөнөн баш тартпай, партия төбөлдөрү кайсы жакка чектесе ошол жерде аянбай иштегенин байкоого болот. Ошентип иш менен алпурушуп жүргөн азамат кантип асманында кара булут айланып, кандуу жазалоонун - саясий репрессиянын суук илеби босогосуна жылып киргенин байкабай деле калса керек. Репрессиянын өзгөчө күчөгөн 1937-1938-жылкы алааматына туш келген партиялык кызматкердин кыскача өмүр таржымалы ушундай.

Жок кылуунун жол-жобосу качан түзүлгөн?

Абдрахман Булатовдун аты репрессия курмандыктарынын Чоң-Ташта жашырылган жери табылгандан кийин ачык айтыла баштады. Ага чейин партиялык катаал жазага туш келип, атылып кеткен кайрандардын арасында билинбей унутулуп бараткан. Тарыхтын кайсы бир учурда ачыкка чыгып калчу мына ушул акыйкатынын арты менен совет бийлиги тушунда басым-кысымга туш келип, куугунтукка алынып жок кылынган миңдеген курмандыктардын аты аталып, жок эле дегенде алардын эмнеге жана кандайча жок кылынганы айтыла баштады.

Массалык саясий кыргындын укуктук негизи совет бийлиги менен кошо келген, кедей, караңгы өлкөдө коммунизмди курууга каршы чыккан, ага ишенбегендерди эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоо 1920-жылдары негизделген. 1922-жылдын 1-июнунда РСФСРдин жаңы Кылмыш-жаза кодекси кабыл алынган. Бир жыл иштеп-иштебей ага «эл душмандарын» табууга, жазалоого арналган алымча-кошумчалар киргизиле баштаган. Бул иштин башында жаңы мамлекеттин жетекчиси Владимир Ульянов-Лениндин өзү турган.

Совет бийлигинин айныксыз душмандарына каршы колдонулчу 57-берене улам-улам жаңыланып, жаза күчөтүлгөн. Башында совет бийлигин кулатууга аракет кылгандар гана катаал жазага тартылса, кийин ага «совет бийлигин ичтен ыдыратуу жана алсыратуу» деген сөз кошулган. Буга жаңы бийликке ачык каршы чыккандар эле эмес, ага жан дили менен кызмат кылгандарды деле эч тартынбай кошууга жол ачылган. «Эл душмандарынын» жыл сайын көбөйүп, анын жыйынтыгы миллиондордун жок кылынышына алып келгени дал ушул беренедеги жаңы алымча-кошумчанын натыйжасы болчу. Репрессияны күчөтүүгө умтулган бийлик кийин «пролетар революциясынын саясий жана чарбалык жетишкендиктерине кол салган, ошондой аракет кылган» деген аныктаманы кошуп, бул жашырын «душмандарды» каалаганча табууга негиз түзгөн.

Революция жетишкендигинин коргоочусу РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренеси болчу – эл душманын атууга кесип, артында калган дүйнө-мүлкүн толук тартып алуу мына ушул берене аркылуу ишке ашчу. Репрессия курмандыктарынын азабына, кайгысына, арманына жык толгон мына ушул берене миллиондорду жок кылды, коммунизм курчу системанын жексур жүзүн дүйнө алдында адырайтып ачып берди.

Репрессия кандай ыраатта жүргөнүн мына бул статистикалык маалыматтан деле билсе болот. 1933-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын мүчөлөрүнүн саны 19,3 миң адамды түзсө, 1938-жылы ал 6029га азайган. Башкача айтканда, үч жыл ичинде Компартиянын мүчөлөрү 5 эсе азайган. Партиянын катарынан чыгаруунун артынан камак менен кандуу жаза келери ал кезде элдин баарына дайын болчу. Абдрахман Булатов партиянын Ош шаардык комитетинин катчысы болуп шайланган 1937-жылдын ортосунан 1938-жылдын июнуна чейин «эл душмандарын» жазалоо жетер чегине жетип калган.

1938-жылдын 27-июнунан 1-июлга чейин ал кездеги борбор шаар Фрунзеде Коммунисттик партиянын катарын «эл душмандарынан» тазалоо ишинин жыйынтыгына арналган чоң жыйын өткөн. Москвадан Кыргызстан Компартиясынын жетекчиси, ошол эле учурда Фрунзе шаардык комитетин башкарууга жиберилген А.В. Вагов ошол жыйында баяндама жасап, республикада жашынып алган «жалданма фашисттердин уюгу» табылып, партиянын катарынан «троцкийчилерди, бухаринчилерди, контрреволюциячыл улутчулдарды, дагы башка эл душмандарын» табуу улантылып жатканын белгилеген. А.В. Вагов партиянын шаардык комитетинин бюро мүчөлөрү, мүчөлүккө талапкерлердин 28и «эл душманы» экени аныкталганын, шаардык комитеттин бюро мүчөлөрүнүн тең жарымы – тогуз кишинин бешөө совет бийлигине каршы чыккандар, котур ташы койнунда катылгандар экенин билдирген. Шардык партия комитети 162 коммунистти, 33 партияга кирчү талапкерлерди катарынан чыгарган.

Күн сайын уланган узак чогулушта партиянын катарында жүрүп совет бийлигине каршы иштеген «эл душмандарынын» аты аталып, аларды эң оор жазага - атууга өкүм кылуу жөнүндө талап жаңырган. М. Аммосов, М. Белоцкий, Б. Исакеев, К. Көлбаев, С. Кулматов, Ж. Садаев, дагы башка жетекчилердин кылмыштуу иштерин жаап-жашырып келгендер, аларды колдогондор жазаланышы керек экендиги айтылган. Кандуу жазалоо массалык түргө өтүп, жооптуу, жөн кызматтарда иштеген же карапайым адамдарды алып барып камап, узак мөөнөткө сүргүнгө айдоо, абакка жабуу же атып салуу жөн-жай иштердин бирине айланып, күн сайын 100-150, кээде андан да көп адамдарды жашырын жерлерге алып барып атып салууга же сөөгүн жашырууга кол күчү жетишпей, «кызыл кыргын» мамлекеттик масштабдуу ишке айланган.

«Өкүм чыгарылгандан кийин айыптуулардын колу-бутун байлап, ооздоруна чүпүрөк тыгып, көмкөрөсүнөн аңдын четине жаткырышчу. Анан опер алардын ар биринин жанына келип желкесине атчу. Тапанчаны улам октоп турчу. Бул көбүнчө түндөсү жасалчу, жарадар болуп өлбөй калгандарды аңга түртүп, жаны чыга электе алардын үстүнө топурак тартып көөмп салышчу».

Бул тарых илимдеринин кандидаты Павел Дятленконун «Кыргызстанда репрессияланган жарандарды актоо (1954 – 1999-жылдар)» деген китебинен келтирилген үзүндү.

Абдрахман Булатовду НКВДнын Фрунзедеги имаратынын жертөлөсүндө Октябрь революциясынын 21 жылдыгына тушташ 5-8-ноябрда атышып, сөөктү үстү жабык жүк машинелерге салып коопсуздук кызматынын эс алуучу жайы болуп эсептелген Чоң-Таштагы мурдагы кыш заводунун чуңкуруна алып барып жашырышканы арадан жарым кылымдан ашуун убакыттан кийин билинди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG