"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүү жасап, “мурдагы заманды эңсеп, митингге чыккандар болсо катуу чара көрүлөрүн” эскертти. Бул коомчулукта түрдүүчө чечмеленүүдө.
“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпромуна” сатылганына он жыл болду. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо сыяктуу маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.
Казакстандын өкмөтү Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштады.
Орусиянын күчтөрү соңку суткада Украинанын аймактарына «Шахед» дрондору, зениттик жана канаттуу ракеталар менен 31 ирет сокку урду. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Омполду иштетүүдө экологияга коркунуч жоктугун айтты. Казакстанда союз учурунда коюлган дагы бир нече конуштардын аттары өзгөртүлөт.
Кыргызстанда Кызыл-Омпол уран кенин казуу демилгеси талкууда. Бийлик кен казынага ири киреше алып келерин айтса, жергиликтүүлөрдү экология маселеси кооптондурууда. Орусияда абакта табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын сөөгү туугандарына бериле элек.
«Азаттык» Кызыл-Омпол кенинде кандай баалуу элементтер бар экенине кызыкты.
Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөргө жылуулук жакшы жетпей жатат. Тиешелүү органдар жылуулук берүү күн сууктагандан улам азайганын, басым кайра жогорулай турганын билдирди. Израил дүйнөлүк коомчулуктун Газадагы операцияны токтотуу талаптарына карабастан чабуулдарын улантууда.
Орус аскерлери Авдеевкадагы ири химиялык заводду толугу менен көзөмөлүнө алганын билдирди. Орусияда түрмөдө каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантат.
Бишкектин Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, жабыркаган беш адамдын экөөнүн абалы оор. Израил армиясы Хан-Юнистеги операциясын жыйынтыктап, Рафах шаарында улантат. Бишкекте сот журналист-операторлор Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди жана Сапарбек Акунбековду шаардык камакта калтырды.
Быйыл 28-январда президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине толук үч жыл болду. Ал 2021-жылы 10-январда шайлоодон утуп чыгып, 28-январда инаугурациясы өткөн. Саясий жарышка Жапаров менен кошо дагы 17 киши катышып, бирөө шайлоого аз калганда талапкерликтен баш тарткан.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Екатеринбургда мигранттарга жасалган рейд маалында адамдын кадыр-баркына шек келтирген ыкмалардын колдонулушу боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды.
Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Атайын кызмат аны чек арадан мыйзамсыз өткөн жана коңшу Өзбекстандагы кримтөбөл "Салимбай байбачага" жардам сурап, кат жазган деп айыптады. Эл өкүлү өзү кайда экени белгисиз.
Жазуучу Олжобай Шакирдин сотунда анын социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берди. Газа тилкесинде согуш башталган үч айда 79 журналисттин өмүрү кыйылды. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан саясатчы Бектур Асанов ооруканага которула элек.
Бишкектин башкы аянтында Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди. Ош мэриясы экс-бажычы, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун үйүнүн муниципалдык жерге мыйзамсыз курган тосмосун бузду. Орус армиясы Украинага “Кинжал” ракетасы менен сокку урду. Белгород облусунда 300дөй киши эвакуацияланды.
Финансы министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көбөйүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, муну ички карыздарга басым жасалганына байланыштырды.
Жаңы жыл түнүндө Санкт-Петербургда үч миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Анын көбүнүн документтеринде мүчүлүштүктөр аныкталып, бир тобу Орусиядан депортациялана турганы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз