"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Стамбул шаарынын 51 жаштагы тургуну Канбер Бозан чакан азык-түлүк дүкөнүн иштет. Ал акыркы төрт жылдан бери дүкөнүнүн бир бурчуна аңгеме китептерди тизип, окуучуларга акысыз таратып келет. Өспүрүмдөр китепти окуп чыгып, дүкөнчү Канбер Бозанга кайталап айтып беришсе, бул үчүн таттуу алышат.
Жыйырмадан ашык жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурган Тажыгүл Күнтүз Түркияда жашаган кыргыз сүрөтчү. Ал чыгармаларында кыргыз аялдарынын образын тартат. Анын сүрөттөрү зер буюмдар жана курак менен кооздолуп, бул ыкма аны башка сүрөтчүлөрдөн айырмалап турат.
6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда көп кабаттуу үй кулады. Түрк бийлиги кеминде үч киши каза таап, 10дон ашуун адам ооруканага түшкөнүн билдирди.
Түркиянын жогорку окуу жайларында 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык эки миңдей студент бар. Учурда Түркиядагы университеттер кышкы эс алууга тарагандыктан студенттердин айрымдары эс алса, башкалары иштешет.
Былтыр Түркиядан Кыргызстанга он бештей "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын начарлыгынан каза болгон. Баарына кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.
Түркияда өлкөгө импорттоло турган дан азыктарына жана төө буурчакка бажы төлөмдөрү жоюлду.
Түркия Кытайдан качып келген уйгур улутундагы жарандарды кайра артка кайтарбаган жалгыз өлкө. Бейрасмий маалымат боюнча 2018-жылы Түркияда 300 миңге жакын уйгур улутундагылар каттоодон өткөн.
Халит Мерт Түркияда кыргызстандыктарга жардамын аябаган боордоштордун бири. Анталиялык ыктыярчы жигиттин үй бүлөлүк чакан бизнеси бар. Бирок ал жашоосунда муктаждарга кол сунуп, жардам бергенден ырахат алат. Анталия шаарындагы кыргыз мекендештер дагы анын эшигин каккан учурлар арбын.
1977-жылы түрк кинорежиссерлору тарткан тасмада башкы ролду ойногондон кийин Түркан Шорай кино дүйнөсүнө аттын кашкасындай таанылган. Андан кийин Кыргызстанга келип, Чыңгыз Айтматовго да жолуккан.
Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Кайыргүл Казыбекованын жеке көргөзмөсү өтүп жатат.
10-ноябрда Түркия Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына бул өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилерин расмий билдирди. Буга чейин Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн жарандары Түркияда 30 күн визасыз жүрө алчу.
Жыл сайын орточо эсеп менен 450 түрк аял Америка Кошмо Штаттарына барып көз жарат. Алар АКШдагы "төрөт туризмине" 16 миллион доллар коротот. Түрк энелер ымыркайларына АКШ жарандыгын алып берүү үчүн ушундай чечим кабыл алышканын айтышат.
Стамбул шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Түрк адабият фонду" жана "ТҮРКСОЙ" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган маданий кече өттү. Иш-чарада Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, айрым адабиятчылар жазуучунун түрк адабиятына кошкон салымы жөнүндө кеп курушту.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөдө 20 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштешет. Бул сан өткөн жылга салыштармалуу эки эсе көп.
Түркияда жылына орто эсеп менен 30 миң тоннага жакын түрк кофеси сатылат. Аты түрк болгону менен кофенин данеги өлкөгө толугу менен импорттолот. Кылымдар бою уланып келген кофе ичүү салты түрк калкынын жашоосуна терең сиңгени менен, чыныгы түрк кофесин даярдаган адамдар азайып баратат.
2011-жылы 23-октябрда Түркиянын Ван аймагында 7,2 баллдык зилзала болуп, 644 адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын арасында вандык төрт кыргыз да каза болгон. Кырсык болгондон кийин 15 сааттан соң тирүү табылган Касым Каракаш башынан өткөндөрүн "Азаттыкка" айтып берди.
Түркияда балдарын мектепке, жеке бала бакчага берген мигранттардын саны көбөйдү.
Түркиянын Анталия шаарына иштегени барган кыргызстандык 17 жаран айлык акысын ала албай жүрөт.
47 жаштагы Чолпон Раманкулова учурда Түркиянын Анталия шаарында акыйкаттык издеп келет. Ал быйыл июль айында Бишкектен ортомчу фирма аркылуу Анталиянын Белдиби аймагындагы мейманканага иштегени келип ооруп калган. Ооруканада Чолпонго оор операция жасалган.
Түркия боюнча жалпысынан 300 миңге жакын коомдук уюм иштейт. Алардын 52син Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандар ачкан. Учурда өлкөдө расмий катталып иштеп жаткан үч кыргыз коому бар.
Дагы жүктөңүз