Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Түркия: корголбогон кыргыз мигранттары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

47 жаштагы Чолпон Раманкулова учурда Түркиянын Анталия шаарында акыйкаттык издеп келет. Ал быйыл июль айында Бишкектен ортомчу фирма аркылуу Анталиянын Белдиби аймагындагы мейманканага иштегени келип ооруп калган. Ооруканада Чолпонго оор операция жасалган.

13-июлда Түркиянын Анталия шаарына иштегени келген Чолпон Раманкулова учурда Анталия шаарында мекендештеринин батиринде баш калкалап жүрөт. Анткени ооруканадан чыккандан кийин мейманканадагы жумушунан да кол жууган.

Чолпон мейманканада иштеген оор жумушу ден соолугунан ажыраганына себепкер болгонун айтты.

- Мен Анталияга келгенде мейманканада кызматкер болуп иштей баштадым. Күнүнө 30 бөлмө жыйнайм. Муздак сууну агызып коюп, оор химиялык заттар менен жууп жүрдүм. Оор шкафтарды, керебеттерди көтөртүп, астын жуудурат. Ошентип жүрүп бутума сыз өткөнбү, айтор баса албай ооруп калдым. "Өзүң оорукчал болсоң эмне келесиң?" деген сөздөрдү уктум. Ооруп калайын деп келген жокмун да!

16-сентябрда оорусу күчөгөн Чолпонду мейманкананын кызматкерлери Анталиянын шаардык ооруканасына алып барышкан. Ага "бөйрөгүндө жана жатынында инфекция бар" деген диагноз коюлган. Дароо операция жасалып, жатыны алынган.

- Ооруканада бир жума дарылашты, - деди Чолпон. - Бирок эч кандай натыйжа чыкпагандыктан "операция кылууга туура келет" дешти. Кудайга шүгүр, эки балам бар. Мен да жатынымды, аны менен кошо болгон тукум улоочу органдарымдын баары алынды. Ооруканада эмгек визасынын камсыздандыруусу менен акысыз дарыландым.

Чолпон Раманкулова 4-октябрда Анталиянын шаардык ооруканасынан чыккан. Бирок өзү иштеген мейманканага кайтып барганда аны жумуштан чыгарып коюшкан. Бишкекте макулдашылган 430 доллардык айлык акы эмес, эки эсе аз айлык акыга иштөөгө мажбур болгон Чолпон учурда Кыргызстанга кетчү билетке акча топтоп жатат. Чолпон аны Бишкектен Анталияга жөнөткөн фирманын өкүлдөрү менен байланыша албай жатканына кейийт.

Чолпон Раманкулова менен кошо Анталияга 12 кыргызстандык жаран иштегени келген. Алардын айрымдары жумуштан жана жатаканадан чыгарылган. Окуянын чоо-жайын билүү максатында Кыргызстандагы "Эзекия" жеке агенттигинин өкүлү менен байланышканыбызда, Чолпон Раманкулованын учак билети алынаарын жана камсыздандыруу төлөмү Түркиянын Социалдык фонду тарабынан төлөнөөрүн билдиришти.

Ал эми Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациянын жетекчиси Шерболот Обозов Анталияга кеткен мигранттардын абалы тууралуу түшүндүрмө берди:

- Быйыл Түркияга сезондук ишке кеткен кыргызстандыктардын абалы анча жакшы эмес. Анткени доллардын кымбатташы албетте, мигранттарга терс таасирин тийгизди. Ал эми операция болгондорго колдоо көрсөтүп келебиз. Жакында эле бир кыз сокур ичегисин алдырып операция болду. Төлөмдөрдүн баарын иш берген мейманкана төлөдү. Мындай күтүүсүз жагдайларда дароо жардам бергенге аракет кылабыз.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматында 75 жеке агенттик расмий каттоодон өткөн. Алардын дээрлик баары жарандарды Түркияга ишке жөнөтүшөт. Ал эми Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясында сексенден ашуун фирма катталган.

2018-жылы Түркиянын Миграция департаментинде 20 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн. Бул сан жайкы туристтик сезондо 30 миңге жетет.

Туристтик сезондо келген кыргызстандыктар негизинен мейманканаларда, дүкөндөрдө жана тейлөө кызматтарында иштешет. Дээрлик бардык келишимдерде эмгек акы лира менен өлчөнөт. Ал эми Түркиядагы минималдык айлык 1600 лирадан жогору болбойт. Ушул тапта доллар кымбаттагандыктан айлык акы орточо эсеп менен 270 долларды түзүп, эмгек мигранттарын түйшүккө салып турган чагы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG