Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Анталиядагы кыргыздар акысын ала элек


Анталиядагы кыргыз мигранттары.
Анталиядагы кыргыз мигранттары.

Түркиянын Анталия шаарына иштегени барган 17 кыргызстандык айлык акысын ала албай жүрөт. Алар Бишкектен жеке менчик агенттик аркылуу келип, сезон бүткөнүнө байланыштуу кайра Кыргызстанга кайтмакчы болушкан. Бирок иш берүүчү эмгек келишиминде жазылган учак билеттерин алып бере элек.

22 жаштагы Тилек Анталиянын Гөйнүк аймагына жайкы туристтик сезондо иштегени келген.

Ал 14-октябрда эмгек визасы аяктап, кайра Кыргызстанга кайтмакчы болгон. Бирок Тилек өзү иштеген "Avantgarde" мейманканасы кыргызстандык эмгек мигранттарынын айлыгын жана учак билеттерин кармап жатканын айтты:

- Иштен чыккан 17 киши Кыргызстанга учушу керек болчу. Биз мейманкананын ээси менен сүйлөштүк. "Үч күн ичинде беребиз" деп сөз берип, бирок айлыгыбызды ала элекпиз. Келишим боюнча айдын биринен үчүнө чейин айлык алышыбыз керек болчу. Бирок биринчи айлыгыбызды эки ай дегенде алдык.

Анталиядагы кыргыз мигранттары.
Анталиядагы кыргыз мигранттары.

Иштен чыккан Тилек 14-октябрда Кыргызстанга кетиш үчүн Анталиянын аэропортуна барганда мейманкана алган учак билети жараксыз экенин көргөн:

- Акыр-аягында "17 кишиге билет алынды" деп мейманкана бизге айтты. Баарыбыз аэропортко барып, каттоодон өтүп жатсак "билетиңер жараксыз" дешти. Дароо "Пегасус" фирмасына барсак, "билетиңер резервация кылынган, бирок сатылып алынган эмес" дешти. Айлыгыбыз аз келгенсип, эми билети жок калдык.

Быйыл Тилек менен бирге 46 кыргызстандык мигрант Анталиядагы беш жылдыздуу "Avantgarde" мейманканасына иштегени келген. Сөз болуп жаткан Анталиядагы "Avantgarde" мейманканасынын администрациясы "жумушчулардын маселеси чечилди" деп билдирди:

- Биз жумушчуларыбызды көчөгө кууп чыккан жокпуз. Жатаканасы, тамагы бар. Бул жумада билеттерин жана айлык акысын беребиз. Мурдагы алынган билеттердин жараксыз болгонун биз да эми билдик. Анткени "Пегасус" фирмасында жаңылыштык кетиптир. Мейманканада иштеген дагы 17 кыргызстандык персоналыбыз бар. Аларга да эмки жумада айлыгын берип жөнөтөлү деп турабыз.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматында 75 жеке менчик агенттик расмий каттоодон өткөн. Алардын дээрлик баары жарандарды Түркияга ишке жөнөтөт. Алардын бири, "Фиеста" жеке менчик агенттиги кыргызстандыктарды дал ушул "Avantgarde" мейманканасына жөнөткөн. Агенттиктин директору Канат Чинботоевдин айтымында, жайкы сезондо Түркиянын туристтик аймактарына иштегени келип, айлыгын ала албай калган же иш шартына канааттанбаган кыргызстандыктар чанда кездешет.

- Биз негизи келишимди алты айга түзөбүз, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок "Avantgarde" отелиндеги мигранттар төрт айда эле "кетебиз" дешти. Бирок мен "айлык акыңарды алмайынча кетпегиле" дегем. Ар бир айдын 15инде айлыктары банктын картасына которулат. Кээ бирлери ошол карточканы да активация кылышпаптыр. Азыр эми баары менен байланыштабыз. Анталияда жатаканага жаткырдык. Кыргызстандагы ата-энелерине жагдайы тууралуу кабар бердик.

Ал эми Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов акыркы күндөрү Түркиядан Кыргызстанга учкан каттамдар үзгүлтүккө учурап, бул көрүнүш мекенине кайтып бараткан эмгек мигранттарына дагы терс таасирин тийгизип жатканын билдирди:

Шерболот Обозов.
Шерболот Обозов.

- Азыр учактардын каттамдары да кечигип, улам кийинки жүргүнчүлөр кыйналып жатышат. Анталиядан 13-октябрда уча турган мигранттар араң 17-октябрда уча турган болушту. Мындай көрүнүштөргө ызы-чуу салып, маселе жаратуунун кажети жок. Каттоосу болбогон агенттиктерди текшеришсин. Бишкекте нөл отчет менен иштеген фирмалар бар, ошолор текшерилип, жабылсын. Лицензиялар толугу менен текшерилсин демекчимин.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун өкүлү Азиз Аданов иштен чыккан мигранттардын окуясы боюнча маалымат берди:

- "Фейсбукта" жазылган сөздөргө кошулбайм. Эч ким көчөдө калган жок. Азыр баары мейманкананын жатаканасында. Жетекчилик айдын аягына чейин төлөмдөр толугу менен төлөнөрүн билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Бул сан жайкы туристтик сезондо 30 миңге жетет. Туристтик сезондо келген кыргызстандыктар негизинен мейманканаларда, дүкөндөрдө жана тейлөө кызматтарында иштейт.

Дээрлик бардык келишимдерде эмгек акы лира менен өлчөнөт. Ал эми Түркиядагы минималдык айлык 1600 лирадан жогору болбойт. Ушул тапта доллар кымбаттагандыктан айлык акы орточо эсеп менен 270 долларды түзүп, эмгек мигранттарын түйшүккө салып турган чагы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG