"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
2017-жылы Стамбул шаарынын Малтепе аймагындагы сейил бактардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилип, айкели тургузулган. Бирок андан бери айкелдин тегерек чети каралбай, айкел тургузулган таштын бетине чапталган жазуудагы тамгалар түшүп калган.
27-июнда Стамбул шаарында 34 жаштагы тажик жараны Фируза Ахмедова мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланды.
Түркиянын Стамбул шаарында окуп жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар 19-июнда Кыргызстандын бул өлкөдөгү жаңы дайындалган элчиси жана консулдуктун кызматкерлери менен жолугушту.
Акыркы жылдары Түндүк Кипрге барган кыргызстандык студенттер менен мигранттар көбөйүп жатат. Жогорку окуу жайларында билим алган студенттер менен катар тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар да арбын.
Түркиянын Мармарис шаарындагы мейманканалардын бирине жумушка келген кыргызстандыктар ишсиз калышты.
Түркиянын мыйзамына ылайык, жардамга муктаж жарандар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана элден каражат чогултуп, акчалай көмөк ала алышат. Бул мыйзамды бузгандар 117 доллардын тегерегинде айыппул төлөөгө милдеттүү.
Түркиялык Берна Эргүн аутист балдары бар энелерге моралдык колдоо көрсөтүү максатында жарандык активист катары иштеп келет. Анткени ал уулу Мырзаны өзү окутуп, музыка дүйнөсүнө жетелеп кирген.
Түркиянын Улуттук коргоо университетинде ондогон кыргызстандык студент билим алат. Атайын аскердик тартип менен билим алган жигиттер бул университетте аскердик учкуч жана инженер кесиптерине ээ болушат.
Түркияда окуп-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын арасында кесипкөй спорт менен машыккандар көбөйдү.
Кыргызстандык 11 дарыгер Түркиянын ооруканаларында тажрыйба алмашып жатышат. Кыргызстандын булуң-бурчунан келген дарыгерлер түрк кесиптештери менен оор операцияларга кирип, бейтаптарды караганга жардам беришет.
Кыргызстандык сүрөтчүлөр тобу Стамбул шаарынын тарыхый, кооз жерлерин кыдырып сүрөткө тартып жүрүшөт. Бир айдан кийин алар сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, андан түшкөн каражатты башка өлкөлөрдөгү кооз жерлерди тартууга жумшашат.
Түркияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар көбөйүүдө.
31-мартта Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык мигранттар менен башкы консулдуктун өкүлдөрү жолугушту. Анда Стамбулдагы башкы консулдуктун иши сынга алынып, бир катар маселелер каралды.
Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студент Нурсултан Кеңешов өзү жазган сценарийдин негизинде «Ойгон» аттуу көркөм фильм тартууга даярдык көрүүдө.
Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык Гүлзат Сарыташ өзгөчө кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал үч өлчөмдүү сүрөттөрдү жасап, аларды баалуу таштар менен кооздойт. Бул өнөр менен жолдошу каза болгондон кийин алектене баштаган. Аз убакыт болсо да анын тарткан сүрөттөрү киреше алып келе баштады.
Стамбулдагы рейдде мыйзамсыз жүргөн деп табылган 400дөн ашык кишинин арасында кыргызстандыктар бар-жогу аныктала элек. Бирок бул текшерүүлөр кыргызстандык мигранттарды ыңгайсыз абалда калтырды.
Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандыктар флешмоб уюштурушту.
Түркиянын Анталия аймагындагы мейманканаларга 2019-жылы 50 миллиондон ашык турист келери күтүлүүдө. Жергиликтүү серепчилер мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл мигранттарга талап көбөйөрүн айтышууда.
Түркияда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Бакыт Байдалиев дүйнөдөгү атагы чыккан киностудияларга оюн-зоок атракциондорун сатат. Ал жаңы технологиялардын тилин таап, колдонуучуларга атайын виртуалдык дүйнөдө кызыктуу оюндарды сунат экен. Ошондой эле Бакыт Байдалиевдин симуляторлору ондогон сыйл
Түркиялык серепчилердин айтымында, өлкөдө акыркы он жылда миңдеген кыз-келиндер сойкулукка мажбурланган. Булардын дээрлик баары Борбор Азиядан келгендер экени айтылат.
Дагы жүктөңүз