Түрк дүйнөсүнүн таанымал ойчулу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген сейил бакта күндүз эс алып жүргөндөр аз.
Жергиликтүүлөр кечинде балдарын айкелдин тегерегинде ойнотконду адат кылып алышкан. Кыргыздын залкар уулунун айкели сейил бактын төрүндө жайгашкан.
Бирок айкел турган аянтчадагы жазуучунун ысымындагы тамгалар түшүп, каралбай калган.
Cейил бакка кызы менен келген Ахмет Көк айкелдин кароосуз калганына өкүнүч билдирди.
«Бул Малтепе аймагындагы эң чоң сейил бактардан бири. Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы бул паркка берилгендин өзү эле сыймык. Күн алыс кызым менен келип, эс алып кетебиз. Бирок айкел тургузулганына аз болсо да, анын кароосуз калганы көрүнүп турат. Усталар айкелдин алдындагы жазууларды улам келип оңдоп кетишет, бирок кайра эле талкаланып калат. Муну биздин эле тартипсиз жаштар кылып жатат деп ойлом. Анткени эртең менен келгенде тамгалар талкаланып түшүп калганын көрүп калабыз».
Стамбулдагы Чыңгыз Айтматов атындагы парк жана анын айкели 2017-жылы жазуучунун туулган күнүндө ачылган.
Ачылышка Кыргызстандан келген расмий өкүлдөр, Малтепе мэриясынын кызматкерлери жана айкелдин автору Синан Эйнуллаев, кыргызстандыктар, коноктор катышкан. Скульптор жазуучунун төрт жарым метрлик айкелин эки жарым айда бүтүргөн. Бирок чебер атактуу адамдын айкелинин кароосуз калганына зээни кейип турганын жашырбайт.
«Мен айкелди орнотуп жатканда жазуусун мэриянын тийиштүү кызматкерлери жакшынакай жабыштырышкан. Менин оюмча бул жерге келген жаштар кыларга иши жоктугунан ошол жазууларды талкалап ойнойт окшойт. Бул жерден өткөндө айкелди карап өтөм. Азырынча айкелдин өзүндө маселе жок. Бирок айкелге көрк берип турган жазуулар улам сынып жок болгону зээнди кейитет. Ушуга чейин үч-төрт жолу жаңыдан жабыштырышты, бирок кайра эле талкаланып жок болот. Мындан улам биринчи көргөн кишиге, албетте, айкел кароосуз калгандай көрүнөт».
Айтматов атындагы сейил бак Малтепе мэриясына караштуу. Мэриянын Парк жана эс алуучу жайлар департаментинин жетекчиси Бехчет Өзгө суроо узаттык.
«Биз айкелдин тамгаларын бешинчи жолу тагып жатабыз. Улам түшкөн сайын усталарыбыз айнектен атайын тамгаларды кестирип келип, жабыштырып турат. Бирок сейил бакта кароолчу жоктугунан кечинде тентек балдар чогулуп, талкалап кетишет. Күнүнө тегерек чети тазаланып турат. Бирок бүлдүргүчтөрдү кармай албай жатабыз. Улам эле айкелдин жазууларын кайра жабыштыруу бизге да материалдык чыгым болуп жатат».
Өздүн белгилешинче, айкелге жабыштырылган тамгалар кымбат баалуу айнектен жасалып, атайын лазер менен кесилет. Ар бир жолу жаңы тамгаларды чаптоого 2,5 миң лира (же 450 доллар) кетет.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков шаардагы Айтматовдун айкелинин абалы тууралуу жергиликтүү органдарга расмий кат жөнөткөнүн айтты.
«Бул маселе боюнча консулдук Малтепе мэриясына кат жөнөткөнбүз. Анда мэрияны айкелдин түшүп калган тамгалары боюнча көмөктөшүүгө чакырганбыз. Ал эми сейил бакты кайтаруу тууралуу маселеде мэриянын штатында азырынча кароолчу же коопсуздук кызматкеринин орду жок экен. Улам жаңы чапталган тамгаларды көрүп, жергиликтүүлөрдүн ою да өзгөрөт деген үмүтүбүз бар».
Стамбулдун Малтепе районунда жеке демөөрчүлөрдүн каражатына орнотулган Чыңгыз Айтматовдун айкелинин бийиктиги беш метр. Анын бооруна жазуучунун чыгармаларынын түркчө аталышы жазылган.
Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» тизмесине кирген.
2018-жылды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей окуучуларга билим берет.