«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Тажикстанда ушул күздө президенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу ар түрдүү божомолдор көбөйдү.
Коронавирус илдети менен Борбор Азия өлкөлөрү ар кандай ыкмалар менен күрөшүүдө.
Өзбекстанда Сардаба кырсыгынын кесепеттерин жоюуга салым кошпогон фермерлер жеринен ажырап калышы мүмкүн экени тууралуу эскертүү алышты. Жергиликтүү жетекчилер «Ормон опуза» кылбаса ишкерлер кайрымдуулук кылбайт деп эсептешет.
Орусияда тажикстандык мигранттар түрмөдөн чыгары менен убактылуу кармоочу жайга камалды.
Иликтөөдө түркмөн президентинин тууганынын кол сааттарынын баасы эле миллиондогон доллар экени айтылат.
Казак коомчулугу экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дариганын яхтадагы ыр-бийин талкууга алды.
Мирзиёевдин "Өзбекстанда саякаттап жүрүп, COVID-19 жугузуп алган туристке 3 миң доллар төлөнөт" деген буйругу кызуу талкууга түштү.
Казакстандын мурунку президентинин кызы Дарига Назарбаева жана анын уулу Лондондогу мүлкүн сотто коргоп калышты. Апелляциялык сот Британиянын кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин арызын четке какты.
Казакстанда бийликтин “Нур Отан” партиясынын дарегине такай сын айтып келген жарандык активист Алнур Ильяшов үч жылга кесилди.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска кабылды. Түркмөнстандагы ооруканалар өпкөсү ооругандарга толду. Тажикстанда коронавируска чалдыккан догдурлардын саны 1700дөн ашты. Өзбекстанда илдеттин айынан "кызыл зоналардын" тизмеси улам узарып жатат.
Өзбекстандын борборунда курулушта иштеп жаткан Сохтун тургандары маянанын аздыгына нааразылык билдиришти.
Өзбек коомчулугунда президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Ойбек Турсунов акцияларды кайсы капиталга алды деген суроо жаралды.
Кытай Өзбекстанды карай жаңы транспорт коридорун жүргүзүп жаткан чакта, Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран багытындагы темир жолдун курулушу инвестициянын жоктугунан ара жолдо турат.
Америкалык изилдөөчү Сара Кэмерондун китебинин казаксчага которулушу тууралуу сереп.
6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сох чатагы чыккан Фергана облусуна келди. Жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылындагы окуяга да токтолду.
200дөй тажикстандык мигрант эки айдан бери Казакстандын түштүгүндөгү чакан автобекетти байырлап турат. Алар айланасы таштандыга толгон аянтчада жашоого аргасыз.
Казакстандагы уюмдар Кытайдагы саясий лагерлерге камалгандардын бир бөлүгү паспортун ала албай жатканын билдиришти.
Казакстандын Орол шаарындагы соодагерлер базарды ачууну талап кылып, эбегейсиз зыянга учураганын айтып чыгышты. Ал арада Тажикстандагы "Хулбуктун" соодагерлери базар ачык болсо да "соода солгун" экенине капа.
2020-жылдын июлунан баштап Өзбекстанда газ колдонуучуларга акылдуу эсептегичтер орнотула баштамакчы. Бул долбоор жарым миллиард долларга бааланды.
Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева кызы Саида Мирзиёева менен бирге Сардаба кырсыгынан жабыркаган райондорду кыдырды.
Дагы жүктөңүз