Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Аркадагдын алтынга көмүлгөн туугандары


Түркмөнстан. Кемал Режепов.
Түркмөнстан. Кемал Режепов.

Түркмөнстандык журналисттер бул өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын тууганынын байлыгын иликтеп чыгышты.

Президентке алыс тууган экенине карабай ченемсиз байлыкка ээ болгону айтылган адамдын аты-жөнү Кемал Режепов.

Журналисттер анын кол сааттарынын баасы эле миллиондогон долларга бааланарын аныкташты.

Түбү түркмөнстандык журналисттер Руслан Мятиев жана Байрам Шихмурадов ачык булактарга таянып жасаган кезектеги иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялашты.

Алар бул жолу түркмөн президентинин карачечекей жездесинин бир тууганынын баласынын байлыгын иликтеген.

"Таанышып алыңыздар. Бул - Кемал Режепов. Кемал Бегназарович Режепов деген ким? Караңыздар. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Анын Дурдунабат Режепова аттуу бир тууган эжеси бар. Дурдунабаттын Аннаназар Режепов аттуу күйөөсүнүн Бегназар Жажапов аттуу бир тууганы бар. Биздин иликтөөнүн бул жолку каарманы дал ушул Жажаповдун уулу - Кемал Режепов".

Журналисттердин баянына караганда, Кемал Режепов президент Бердымухамедовдун жакын тууганы болбосо да мамыктын үстүндө жашайт.

Кемал өзүнүн "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялаган маалыматтарда ал кымбат автоунааларды жана кымбат сааттарды чогултууга кызыга турганын байкоого болот. Журналисттер анын социалдык тармактарга жарыялаган сааттарынын баасын аныктап чыгышкан.

  • Richard Mille RM 011 саатынын баасы - 400 миң доллардан ашыгыраак.
  • Richard Mille RM 11-03 McLaren үлгүсүндөгү сааттын баасы 343 миң доллар.
  • Швейцариядан болгону 100 даана гана чыгарылган Ulysse Nardin Maxi Marine Diver саатынын баасы 95 миң доллар.
  • Ulysse Nardin Freak Cruiser сааты 70 миң доллар.
  • Каухар таштар менен шөкөттөлүп, Швейцарияда жасалган Audemars Piguet Royal сааты 38 миң доллар.
  • Каухар таштар менен шөкөттөлүп, Швейцариядан чыгарылган Hublot Classic Fusion саатынын баасы 63 миң доллар турат.

Аркадагдын башка туугандарындай эле Кемал да кымбат баалуу автоунааларга кызыгат. Социалдык тармактарга ченемсиз байлыгын жарыялаган Кемал Режеповдун кайсы кызматы ээлей турганы белгисиз. Журналисттер бул иликтөөсүн “Түркмөнстанда эч ким ак эмгеги менен мындай байлыкка жете албайт” деген тыянак менен бүтүрүшкөн.

Алар мындан сегиз ай мурун Бердымухамедовдун жээнинин байлыгын иликтеп чыгышкан. Ал Аркадагдын дагы бир эжеси Гүлнабад Давлетованын уулу, 28 жаштагы Ибабекир Бекдурдыев болчу.

Ал түркмөнстандыктар арасында "Гуга" деген каймана ат менен белгилүү. Иликтөөнүн жыйынтыгында Гуганын сааттарынын баасы эле 1 миллион доллардан ашык болуп чыккан.

Таң калычтуусу Гуга “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинде экинчи категориядагы жөнөкөй долбоорлоочу инженер болуп иштейт. Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 27 жылдыгында таякесинин колунан “Ата мекенин сүйгөнү үчүн” медал менен сыйланган.

Мунай менен газдын үстүндө жашаган өлкөнүн президенти Бердымухамедов маал-маал теледен чыгып коррупционерлерди сындайт.

"Мен элдин мүлкүн уурдоого жол бербейм. Элдин эсебинен баюуга эч кимге жол бербейм", - деп айткан түркмөн президенти.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматына караганда, сөз болуп жаткан жаш миллионерлер Түркмөнстандагы азык-түлүк, курулуш, кийим-кече бизнестерин көзөмөлдөшөт.

Президенттин айланасындагы чиновниктер Европадан кыймылсыз мүлк сатып алып, жээндери кенен байып жатканда жөнөкөй түркмөнстандыктар арасында таштанды талашып мушташкан, бирин-бири тоногон көрүнүштөр күч алганы айтылып келет.

Ак май жана ун үчүн сааттап кезекке турган түркмөндөр тууралуу Дүйнөлүк маалымат каражаттарында күн алыс жаңы кабарлар чыгып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG