«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Чет өлкөдө жашаган түркмөнстандыктар топтолуп, түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларын өткөрүштү. Ал арада азык-түлүк тартыштыгына кабылган Түркмөнстанда эгин талааларын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайтара баштады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тил саясатын сынга алды. Буга Ташкент «тил саясаты - ар бир өлкөнүн өзгөчө укугу» деп жооп берди.
Украинада суррогат энеден төрөлгөн 50дөй ымыркайды чет өлкөлөрдөгү ата-энелери карантиндин айынан алып кете албай атышат.
15-майда Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч.
Өлкөдө коронавирус жок деп жарыялаган түркмөн президенти жакындарынын саламаттыгына катуу кам көрүп жатканы маалым болду. Нан тартыштыгынан улам жер-жерлерде аткаминерлерге наразылыгын ачык айткан окуялар каттала баштады.
Дүйшөмбүдө белгисиз бирөөлөр таанымал журналистти сабап кетишти. Абдулло Гурбатини өзүнө кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Тажик милициясы журналист расмий арыз менен кайрылса токтоосуз чара көрүлө турганын билдирди.
Анжиян шаарындагы кандуу окуяга 15 жыл толду. Өзбек бийлиги билдиргендей, ал каргашада 187 адам каза болгон. Айрым байкоолорго караганда, миңден ашуун адам өлгөн.
11-майдан тартып казак-орус чек арасына өзбекстандык мигранттар да топтоло баштады. Алар Казакстан менен Өзбекстандын бийлигине кайрылып, мекенине жетүүгө жол ачып берүүнү суранышууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө коронавируска каршы күрөшкө 14 миллиард доллардан ашык акча жумшаганын билдирди. Бирок бул күрөшкө сарпталган суммага казакстандыктар таң кылып бүтө албай жатышат.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы коронавируска байланыштуу эл арасына дүрбөлөң салгандар жазаланарын эскертти. Коңшу өлкөнүн интернет айдыңында коронавирустан каза болгондор "бийлик айткан расмий сандан көп" деген маалымат тарай баштады.
Адистер муну "вандализм аракети" катары айыпташууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы Тажикстанга жана Түркмөнстанга атайын визит менен бара турганын 23-апрелде жарыяланган. Уюм бул өлкөлөрдөгү коронавируска байланыштуу чыныгы абалды иликтемек болгон.
Өзбекстанда кайрымдуулуктан түшкөн каражатты бир колго топтоо максатында президенттин буйругу менен «Вакф» фонду түзүлгөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын иликтөөсү жеке жарандар менен мекемелерден каражат түшкөн фонддун иши күмөндүү экенин көрсөттү.
Сардаба суу сактагычындагы кырсыкты иликтөө үчүн кылмыш иши козголду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күнөөлүүлөр ээлеген кызматына карабай жазаланарын айтты.
Өзбекстанда 1-майда Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып, андан ташыган суу Казакстандын Түркстан облусунун он айылын каптады.
Орусияда үч дарыгер табышмактуу жагдайда өзүнө өзү кол салды. Медициналык факультеттердин жогорку курсунун студенттери ооруканага практикага баруудан баш тартышты. Өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп баратат.
Пандемия учурунда Өзбекстанда мал уурдоо күчөдү. Бийлик элге акысыз азык-түлүк таратуу үчүн ишкерлерди кайрымдуулук кылууга мажбурлай баштады. Ошол эле учурда ташкенттик мугалимдер социалдык тармактарда бийликти мактоо өнөктүгүнө тартылып жатат.
Казакстанда сегиз жыл мурда тартылган “Патруль” аттуу сериал тажикстандыктарды экинчи жолу ачуулантты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жиберди.
Тажикстандын №1 ооруканасында карантинде жаткандардын ичинен 11 адам каза болду.
Тажикстандын парламентин президенттин кызы башкарабы же уулу башкарабы деген суроонун тегерегиндеги талкуу акыры аягына чыкты. Эмомали Рахмондун 32 жаштагы уулу парламентке төрага болуп шайланды.
Дагы жүктөңүз