«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ошто үйлөнүү тойлор Бабур атындагы өзбек драма театрында өтө башташы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Маданий чордондун тойканага айланышын театр жетекчилиги кошумча акча табуу максаты деп түшүндүрдү. Бирок коомчулук маданият ордосунда арак-шарап ичилишине каршы. Кененирек кабарчыбыз Ыдырыс Исаков
Ошто үйлөнүү тойлор Бабур атындагы өзбек драма театрында өтө башташы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Казакстандык укук коргоочулар казак чек арачылары кыргыз мигранттарын атайылап кылмышка түртүп жатканын айтып чыкты.
Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги абактардагы муктаждыктар үчүн бөлүнгөн каражаттардын 70% дарегине жетпей калганын ачыкка чыгарды. Бул арада аталган кызматтын жаңы жетекчиси түрмөдөгүлөрдү ишке тартууга аракеттенип жатканын маалымдады.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук аянттагы айт намазы учурундагы куттуктоо сөзүндө президенттин саясатын сындагандарды "Кудай жазаласын" деди. Андан айырмаланып, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандарга ыраазычылыгын айтты.
Москвада басмаканадан чыккан өрттө каза болгон 14 кыз-келиндин сөөгү Кыргызстанга алып келинди.
Орусиянын "Газпром" компаниясы Тажикстан сунуштаган Сарыкамыш жана Шохамбар мунай кендерин изилдөөдөн жана өндүрүүдөн баш тартты. Негизи Тажикстанда нефтинин ири запасы бар делген менен аны өндүрүү өтө кымбатка турары айтылып келет.
Орусиялык «Валдай» талкуу клубу Тажикистанды Ооганстандагы куралдуу топтор менен иштешүүгө чакырды. Алар Тажикстан бул жол менен өз коопсуздугун коргоп калат деп ишендиришүүдө. "Валдай" клубу мындай билдирүүсүн «Ооганстандагы жаңы кризистик этап жана Тажикстандагы коопсуздук» деген отчетунда жарыялашты.
Казак президентинин “Нур Отан” партиясына сыртынан мүчө болгон жаран мүчөлүк акысын кайтарып берүүнү талап кылууда. Көрсө, партияга мүчө болбосо да анын айлык маянасынан мүчөлүк акы кармалып келатыптыр. Негизи эле Казак президенти түптөгөн “Нур Отан” партиясы мүчөлүк акылардын эсебинен 2014-жылы 43 миллион доллар киреше тапкан.
Ооган президенти Ашраф Гани менен башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын ортосундагы тиреш күчөдү. Бири-бирине баш ийбеген эки лидердин 13-августта күтүлгөн жолугушуусу болбой калды.
Рио-де-Жанейродогу олимпиадада топтолгон медалдардын саны боюнча Казакстан бир күндө 30-орундан 11-орунга көтөрүлдү. 10-август күнү Дмитрий Баландин жана Нижат Рахимов аттуу спортчулар Казакстандын капчыгына алгачкы эки алтынды салып беришти.
Казакстан кара куурайдан кагаз жана медициналык каражаттарды өндүрүүгө батыл кирише баштады. Азырынча өлкөнүн төрт облусуна кара куурай эгүү тууралуу жергиликтүү бийликтерге тапшырма берилди. Бул демилгени казак президентинин кызы Дарига Назарбаева ишке ашырууда.
Өзбекстандын Анжиян облусунун акиминин буйругу менен буудай жана пахтанын планын толтурбаган фермерлердин үй-мүлкү мамлекеттин менчигине алынууда.
Тажикстандын тургуну уулун Сирияга бараткан жолдон кайтарып келип, укук коргоо органдарына тапшырып берди. Эки айлык тергөөдөн кийин жихад жолунан кайткан жигит эркиндикке чыкты.
Казакстандын түштүгүндөгү Эралиев айыл округундагы жаңжал тажик бала өспүрүм кызды зордуктады деген имиштен улам от алган.
Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары аты аталып жүргөн Салим Абдувалиев Өзбекстандын Күрөш ассоциациясынын атынан 18-сентябрда өтө турган Орусиянын парламенттик шайлоолоруна кийлигишүүдө.
Алты жашар кызга үйлөндү деген айып менен Ооганстандын борбордук провинциясындагы Гор айылынын 50 жаштагы молдосу соттолууда. Молдого адам уурдоо жана жашы жете элек кызды никеге мажбурлоо деген айыптар тагылган.
Тажикстан бул сезондо Кыргызстанга электр энергиясын сатуудан баш тартты. Кошуна өлкөнүн энергетика министри буга бир нече жүйөнү келтирди.
Казакстанда мамлекеттик чиновниктер айлык маяналарын ачыкка чыгарууда. Ал маалыматтарга караганда, казак аткаминерлеринин расмий жол менен тапкан жылдык кирешеси 23 миң долларга жетет.
Тажикстандын укук коргоо органдары Дүйшөмбүдө бала уурдоого адистешкен кылмыштуу топту кармашты. Алар азыркыга чейин дайыны чыкпай келаткан бир нече баланын жоголушуна да шектелүүдө. Бул уюшкан топтун курамында дарыгерлер да бар.
Дагы жүктөңүз