Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:23

Ооганстан: Элүүдөгү молдо алты жашар кызга үйлөндү


Ооганстан: алты жашар кызга үйлөнгөн молдо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Алты жашар кызга үйлөнгөн молдо

Алты жашар кызга үйлөндү деген айып менен Ооганстандын борбордук провинциясындагы Гор айылынын 50 жаштагы молдосу соттолууда. Молдого адам уурдоо жана жашы жете элек кызды никеге мажбурлоо деген айыптар тагылган.

Бул окуя секелек кыздар менен нике кыюу көрүнүшүнө дагы бир жолу коомчулуктун көңүлүн бурду.

Сот имаратындагы отургучтардын биринен-бирине секирип, кимди-ким, эмне үчүн соттоп жатканы менен иши жок, өзү менен өзү ойноп жүргөн секелек кыз алты жашта. Ошол секелек кызды аялдыкка алганы үчүн Ооганстандын Гор айылынын молдосу Саид Мухаммад Карим соттолууда.

Элүүдөгү молдо Саид Мухаммад Каримдин айтышынча, ага өзүнүн диний шакирти кызын белекке берген. Бирок секелектин ата-энеси молдо Каримдин сөзүн төгүндөп, кыз июнда уурдалганын билдиришти. «Азаттык» радиосу секелектин атын ачыкка чыгарбайт.

27-июнда ооган полициясы тарабынан Гор айылынан кармалып келген молдо Карим шарият мыйзамына таянып, секелек кызга үйлөнгөнүн айтат.

- Кызды мага ата-энеси белекке беришкен. Мен аны багып чоңойтуу үчүн никелеп алдым. Алар мага кызын белек кылышып, «аны кайда алып кетүү өзүңүздүн эркиңизде дешти». Мен ага камкордук кылсын деп кызды өзүмдүн жээниме бердим. Бирок ал бир аптадан кийин кызды кайра алып келип берди. Нике ыйык рамазан айында 30-40 кишинин катышуусунда кыйылган. Нике тойго кыздын ата-энеси да катышкан, - дейт Ооганстандын Фируз Кох шаарындагы түрмөдө жаткан Карим молдо.

Секелек кыздын Герат провинциясында турган атасы - энеси молдо Сайид Мухаммад Каримдин айткандарын караманча калп деп чыгышты. Алар тескерисинче молдонун үстүнөн кызды уурдаганы үчүн полицияга арыз жазышканын айтышты.

Каримдин белгилешинче, секелек менен анын ортосунда жыныстык байланыш болгон эмес. Анын бул сөзүн жергиликтүү оорукананын догдуру Нашафарин Шихаб да ырастады.

- Кызды эки акушердин катышуусунда текшердик. Кароо учурунда кызга физикалык зыян тийбегени аныкталды.

Гор провинциясынын аялдар иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Масум Анвар бул никени жапайычылык деп атап, окуя боюнча тергөө тыкыр жүрөрүн билдирди.

- Кыз уурдалганбы, сатылганбы же молдонун никелүү аялы болгонбу? Бул суроолордун тегерегинде иликтөө иштери жүрүп жатат. Биз бул окуяны тыкыр иликтеп, чындыкты аныктоого бардык аракетибизди жумшайбыз.

Адам укуктары боюнча Ооганстандагы көз карандысыз комиссиянын маалыматында өлкөдө жашы жете электерди никелөө өсүп жатат. Бул уюмдун жетекчиси Сима Самар балдар арасындагы никенин өсүүсүнө диний ишенимден башка да себептер бар дейт.

- Айрым аймактарда коопсуздук жок. Элдин көбү жакыр жашайт. Мындай үй-бүлөлөр өз кыздарынан эртерек арылууну көздөп, кыздарын секелек кезинен эле бирөөлөргө башын байлап, же биротоло никелеп салышат.

Өлкөдөгү Балдарды коргоо бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, 50 жаштагы ооган аялдарынын 15%ы 15 жашка чейин турмушка чыкса, ал эми 50%ы 18 жашка чейин никеге турушкан.

Ооганстандагы диний жана социалдык үрп адаттар боюнча кыздарга никеленбей туруп, жат эркек менен жашоого уруксат берилбейт. А балдарды асырап алуу көрүнүшү бул өлкөдө өтө сейрек кездешет.

Ооган мыйзамдары жарандардын никеге туруусуна 16 жаштан баштап жол берет. Бирок Ооганстан Баш мыйзамы шарият шарттарынан толук арыла элек. Маселен, ооган Конситуциясында «Эч бир мыйзам ыйык Ислам дининин жоболоруна жана түшүнүктөрүнө каршы келбеши керек» деп жазылган. Мындан сырткары, Конституция боюнча элге нике кыюунун мамлекеттик жана диний жолунун каалаганын тандап улууга жол берилген. Мындан улам нике маселесинде Баш мыйзамдан шарият жоболору жогору турат.

Ооганстанда «кыздар секелек куракта турмушка чыкса болот, бирок келиндер физиологиялык жактан жетилмейинче жыныстык байланыштан баш тарта туруу укугуна ээ» деп чечмеленген шарият эрежеси тараган.

Светтик же диний жашоо жолуна түшө албай келаткан Ооганстандагы либералдык жана демократиялык баалуулуктарды жактаган айрым саясатчылар Конституциянын дал ушул беренесин эскирген жана легитимдүү күчкө ээ эмес деп айтып келишет.

Элүү жаштагы молдосу алты жашар кызга үйлөнгөн Гор айылында 16-июлда Захра аттуу кош бойлуу келин өрттөлгөн. Төрт айлык боюнда бар Захра 14 гана жашта болчу. Захранын ата-энеси кызы кордолуп кайын журту тарабынан өрттөп өлтүрүлгөн десе, кайын журту Захра өзүн-өзү өрттөгөн дешүүдө.

Ооганстанда никеге мажбурлоонун айынан айрым кыздар өз өмүрлөрүнө кол салууга чейин барышат.

XS
SM
MD
LG