Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Эксперттер Тажикстанды талиптер менен кызматташууга чакырды


Тажик-ооган чегинде турган тажик чек арачысы
Тажик-ооган чегинде турган тажик чек арачысы

Орусиялык «Валдай» талкуу клубу Тажикистанды Ооганстандагы куралдуу топтор менен иштешүүгө чакырды. Алар Тажикстан бул жол менен өз коопсуздугун коргоп калат деп ишендиришүүдө. "Валдай" клубу мындай билдирүүсүн «Ооганстандагы жаңы кризистик этап жана Тажикстандагы коопсуздук» деген отчетунда жарыялашты.

Ооган президенти Ашраф Гани менен аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулланын ортосундагы кайым айтышы күн сайын күч алып баратат. Адистер болсо ооган бийлигиндеги эки лидердин ыркы кетсе, өлкө жаңы кризиске такалышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

«Ооганстандагы жаңы кризис» аттуу отчет тажикстандык аналитиктер Акбаршо жана Косимшо Искандаровдор менен кошо Москавдагы эл аралык мамилелер институтунун окутуучусу Иван Сафранчук тарабынан даярдалган.

Анда «Эгерде ооган саясатындагы кризис борбордук бийликти шал кылса, тажик бийлиги Ооганстандагы өкмөткө каршы күрөшүп келе жаткан талаа командирлери менен ымалага келиши керек» деп айтылат.

Авторлордун пикиринде, Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен бардык облустары акыркы жылдары "Талибандын" көзөмөлүнө өтүп кеткен. Маселен, 2015-жылы өкмөткө каршы куралдуу топтор Ооганстандын 24 райондук борборун өздөрүнө каратып алган. Анын он бири Тажикстан менен чек аралаш райондор.

Маселен, Бадахшан, Тахор, Кундуз, Герат провинцияларында талиптердин таасири артып баратат. Бир гана Балх жана Герат провинцияларынын борборлору Балхтын губернатору Ата Мухаммед Нуранын аракетинен улам талиптерге өтпөй, сакталып турат.

Тажик бийликтери байма-бай чек арадагы коопсуздукту көзөмөлдөп алууга дарамети бар экенин айтса, адистер чыныгы коркунуч келгенде Дүйшөмбү Ооганстан менен чек арасын коргой албай калышы мүмкүн экенин эскертип келишет.

Акбаршо Искандаровдун айтымында, Ооганстандын Тажикстан менен чек аралаш райондорунун эли Тажикстан чек арасына коопсуздук жаратпай койгонго жарамдуу жалгыз күч.

- Ооганстандын түндүгү болгон Бадахшандан Гератка чейинки бардык провинцияларда тажик жана өзбек тилдүү элдер жашайт. Эгерде Тажикстан алар менен кызматташса, ооган бийлигин көндүрүп, аларды өзүн-өзү коргоого жарамдуу кылып куралдандырууга ооган бийлигин көндүрсө, чек арадагы эл бир эле өздөрүн эмес, тажик чек арасындагы коопсуздукту камсыздаганга да жөндөмдүү.

Искандаровдун пикиринде, Тажикистан ооган өкмөтүнө каршы күрөшүп жүргөн талаа командирлери менен кошо азыр Балх провинциясын башкарып, талибандардын өздөрүнө каршы күрөшүп келаткан Ата Мухаммад Нур менен да кызматташуу керек.

Орусиялык аналитиктердин мындай билдирүүсү ооган президенти Ашраф Гани менен аткаруучу өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулланын ортосундагы пикир келишпестик күчөп турган учурда жарыяланды.

XS
SM
MD
LG