"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кытай парламентинин төрагасынын Гонконгго жасаган сапары демократиячыл активисттердин нааразылык акциялары менен коштолду.
Европанын түштүгүн каптаган мигранттар толкунунан адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун кирешеси беш-алты миллиард долларга жетти.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнө “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук топтор менен күрөшүүсү үчүн курал берүүнү макулдашты.
Кытайда “маданий ыңкылап” деп аталган саясий өнөктүк башталганына туура 50 жыл толду. Бирок расмий Бээжин өлкөнүн жаңы тарыхында кара так катары белгилүү окуянын жарым кылымдык мааракесин дээрлик эстеген жок.
Азери жана армян президенттери бүгүн Венада жолукканы жатат. Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүү аймакта өткөн айда абал чыңалып, ондогон адамдын өмүрү кыйылгандан кийин алгачкы ирет өтүүдө.
Бразилияда президент Дилма Руссефти импичмент аркылуу кетиришүүдө. Ыйгарым укугу токтотулган Руссеф окуяны "бийликти эңсеген оппозициянын төңкөрүшү" деп атады.
Евробиримдик менен Түркия ортосундагы ири жана маанилүү макулдашуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Брюссель менен Анкара бул үчүн бири-бирин айыптап жатышат.
АКШ Европада ракетадан коргонуу боюнча кургакта курулган алгачкы жайын ишке киргизди. НАТО менен АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасына Орусия башынан каршы чыгып келатат.
Лондондо бүгүн эл аралык антикоррупциялык саммит башталууда. Саясий, бизнес, бейөкмөт уюмдардын лидерлери чогулган саммитте коррупцияга каршы жаңы глобалдык чаралар иштелип чыкмакчы.
Сириялык козголоңчулардын президент Башар Асаддын режимине каршы эки тобун террорчул уюмдардын тизмесине кошуу боюнча Орусиянын сунушу БУУнун Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү тарабынан четке кагылды.
АКШда республикачылардын президенттикке үмүткөрлөрү арасынан жарышта жалгыз миллиардер Дональд Трамп калганы менен партиянын бир катар лидерлери анын талапкерлигин колдоодон баш тартууда.
Ушул ишемби күнү Варшавада демонстрацияга чыккан он миңдеген адам бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы менен алар башкарган өкмөттү демократияга шек келтирип, Польшанын европалык келечегин тобокелчиликке салып жатканы үчүн айыпташты.
Эмгек партиясынын азыркы жол башчысы Ким Чен Ындын бийлигин мындан ары да чыңдап, бекемдөөнү максат кылган курултайга миңдеген делегаттар келди. Бирок чакырылган чет элдик журналисттер жыйын залына киргизилген жок.
Түркияда өкмөт башчынын алмашуусунун негизги себеби катары президент менен премьер-министрдин ортосундагы пикир келишпестиктер аталууда.
АКШда акыркы праймеризден кийин Республикалык партиядан миллиардер Дональд Трамп президенттикке талапкерлик укукту алары дээрлик анык болуп калды.
Европанын футбол уюму - УЕФА кечээ Косовону өзүнүн мүчөлүгүнө кабыл алды. Бирок Косовонун көз карандысыз өлкө катары макамы айрымдарда суроо жараткандыктан бул маселе саясий талаш-тартыштар менен да коштолду.
Түркияда парламент комитети депутаттарды кол тийбестик маккамдан ажыратууну караган мыйзам долбоорду жактырды. Бирок бул жараян маселени талкуу учурунда эки ирет тең мушташ менен коштолду.
Ирандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында байистүүлөрдүн жана реформачылардын ийгилиги бекемделишин талдоочулар президент Хасан Роуханинин саясатына карата калк арасындагы колдоонун белгиси катары сыпатташууда.
Германияда өлкөнүн улутчул жана антимигрантчыл саясий партиясы жактырган шайлоо манифестинде ислам дининин бул өлкөгө тиешеси жоктугу баса белгиленет.
Кытайда чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү караган талаштуу мыйзам кабыл алынды. Бээжиндеги бийликтердин мындай кадамын Батыш өкмөттөрү, адам укугун коргоочу топтор, жергиликтүү активисттер сындашууда.
Дагы жүктөңүз