Күрттөрдүн таламын талашкан жана оппозициядагы Элдик демократиялык партия аталган мыйзам долбоор биринчи кезекте аларга каршы багытталганын билдирүүдө.
Түркияда парламент депутаттарын иммунитеттен же кол тийбестик маккамдан ажыратууну караган мыйзам долбоорун бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы сунуш кылган эле.
Ал сунуш толук укуктук күчкө ээ болуш үчүн өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү да талап кылынат. Андыктан, азыркы чаралар бул жараяндын башталышы гана.
Маселени парламенттин тиешелүү комитети өткөн жумада алгач карап баштаганда да мушташ чыккан болчу. Ушундай эле окуя дүйшөмбү күнү мыйзам комитетте добушка салынар алдында да кайталанды.
Алгач бийликтеги АК партия менен оппозициядагы жана күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиянын депутаттары ортосунда жөнөкөй кайым –айтышуудан башталган жаңжал жакалашууга, акыркы келип зал ичинде бири-экинчисин башка-көзгө койгулоосуна чейин өсүп жетти.
Парламентте азчылыкты түзгөн жана күрттөрдүн таламын талашкан партиянын өкүлдөрү талаштуу мыйзам долбоору биринчи кезекте аларга каршы багытталган деп ырастоодо:
- Алар Элдик - демократиялык партиянын депутаттарын трибунадан айткан ар бир сөзү үчүн бандиттик мыйзамды колдонуу менен жазалоого аракеттенишүүдө. Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын 150-200 депутатынын Элдик-демократиялык партиянын беш - алты депутатын, анын ичинде аял депутаттарды сабаганы Түркиядагы демократиянын тарыхы үчүн абдан өкүнүчтүү көрүнүш, - деди Элдик-демократиялык партиянын депутаты Идрис Балакен.
Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу маселеси президент Режеп Тайып Эрдоган өткөн айда Элдик-демократиялык партияны күрт козголоңчулардын тыюу салынган топторунун куралы болуп жатат деп айыптагандан кийин көтөрүлгөн.
Өлкөдө террордук жардыруулардын саны көбөйгөн учурда көтөрүлгөн бул демилгени премьер-министр Ахмед Давуоглы да кубаттаган:
- Конституциябызга ылайык коомдук тартипти сактоого жоопкер болгон аскерлерибиз, полицейлер, коопсуздук күчтөрүбүз террорго каршы күрөшүп жаткан бул өлкөдө киши өлтүргүчтөр, баш кесерлер деп аталышы кайра эле биздин Конституциябызга, ички тартиптерибизге каршы келет, - дейт бийликтеги АК партиянын депутаты, парламенттеги конституциялык комиссиянын төрага орун басары Ресат Петек.
Былтыр июлда түрк өкмөтү менен Күрт жумушчу партиясы-ПККнын ортосунда ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан кийин Түркиянын негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгышында кан төгүү менен коштолгон кыянатчылыктар күчөгөн эле.
Элдик- демократиялык партия жанкечтилердин Түркиянын ар кайсы аймактарындагы жардырууларын айыптоо менен ошол эле учурда коопсуздук күчтөрүнүн күрттөр жашаган аймактарда өткөргөн куралдуу операцияларды такай сындап келет.
Бийликтер болсо алардын сынын террорду колдоо катары кабыл алышат.
Өзү Элдик-демократиялык партия (HDP) азыр түрк парламентинде депутаттардын саны жагынан төрт саясий күчтүн үчүнчүсү, 59 депутаты бар.
Жергиликтүү Daily Sabah басылмасынын жазганына караганда, парламенттеги башкаруучу АК партиядан башка оппозициядагы Республикалык элдик партия (CHP) жана Улуттук кыймыл партиялары (MHP) депутаттардан иммунитет алынышын колдогон.
Аталган басылма келтирген маалыматтар боюнча быйылкы жылдын март айынын соңуна карата түрк парламентинде кол тийбестиги алынышы мүмкүн деген депутаттардын саны АК партиядан 22, Республикалык-элдик партиядан 43, Элдик-демократиялык партиядан 41, Улуттук кыймыл партиясынан 6. Аларга карата ар кандай кылмыш иштери козголгон.