Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Уурдалган акчаны Лондондо каттырбоо аргасы


Лондондо бүгүн эл аралык антикоррупциялык саммит башталууда. Саясий, бизнес, бейөкмөт уюмдардын лидерлери чогулуучу саммитте коррупцияга каршы жаңы глобалдык чаралар иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Бул эл аралык жыйын офшордук компаниялардын жүзүн ачкан “Панама документтери” дүйнө коомчулугуна шардана болгондон кийин өтүп жатат.

Лондон саммитине дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн тышкары, эл аралык каржы институттары, бизнес, бейөкмөт, спорт жана кайрымдуулук уюмдары катышканы жатат:

- Биз Лондонго чогулган өлкөлөрдүн өкмөттөрү саммитте үч пункттан турган планды макулдашуусун каалайт элек. Биринчиден, биз алар коррупцияны алдын алуу боюнча чараларга барат деп үмүттөнөбүз. Бул нерсе компанияларга ээлик кылуудагы, өкмөттөгү, контракттардагы, акча агымдарындагы ачык -айкындуулукту камсыздоо аркылуу гана ишке ашат. Биз күткөн экинчи нерсе - коррупцияга аралашкан жеке адамдардын, компаниялардын жазалануусу. Эгер юридикалык, бухгалтердик компаниялар, банкттар коррупцияга катышса, алар жазаланып, жабылышы керек. Биз көздөгөн үчүнчү нерсе - коррупция тууралуу коркпостон маалымат берген жарандардын корголушу, - деди “Азаттык” менен маегинде дүйнөдөгү коррупцияны иликтеп келе жаткан Transparency International уюмунун өкүлү Маги Мөрпи (Maggie Murphy).

"Панама гейттин" жаңырыгы

Transparency International буга чейин эле өкмөттөрдү акчанын изин, дүйнө-мүлктүн чыныгы ээлерин жашырган офшордук компаниялардын жана алардын бенефициардык менчик ээлеринин глобалдык деңгээлдеги ачык реестрин түзүүгө чакырган эле.

Мындай чакырык көп учурда арам акчаны адалдоо үчүн колдонулган офшордук компаниялардын жүзүн ачкан “Панама документтери” жарыялангандан кийин жасалган болчу.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00
Түз линк

210 миңден ашуун фирманын ээлерин шардана кылган документтер дүйнөнүн акыркы жылдары жигердүү өнүгүп келаткан офшордук аймактарынын бири - Панамада соңку 40 жылга жакын убакыттан бери мына ушул кызматты көрсөткөн Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын маалыматтык базасынан алынган.

Офшорго тиешеси барлар арасында азыркы жана мурдагы мамлекет башчылардын кеминде 12синин, 140тай саясатчы менен коомдук ишмерлердин, алардын туугандарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары аталган эле.

“Франс Пресс” агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, ошол ээлери ким экени ачыкталган 210 миңден ашуун компаниянын 113 миңден ашууну Британиянын карамагындагы British Virgin аралдарында катталган.

Андыктан, коррупцияга каршы активисттер саммиттин конок ээси Британиянын өзүнөн да конкреттүү чаралар талап кылынарына көңүл бурушууда:

- Биз алар кыймылсыз мүлк базарын коррупциялашкан адамдар үчүн Улуу Британиядан мүлк сатып алуу оңой болбогондой кылып тазалайт деп үмүттөнөбүз, - деди “Азаттыкка” Transparency International уюмунун өкүлү Маги Мөрпи.

Уюмдун эсебинде, Британияда 2004-2014-жылдардын коррупциялык деген шек менен наркы 260 миллион доллардык мүлк боюнча иликтөө жүргөн. Бирок, бул Transparency International уюмунун пикиринде, "айсбергдин учу” гана.

Африканын "уурдалган акчасын" Лондондо каттырбоо

Премьер-министр Дэвид Кэмерон саммитти утурлай президенттери ага келе жаткан Нигерия менен Ооганстанды “жомоктогудай коррупциялашкан” өлкөлөр деп атаган эле.

Премьердин бул сөздөрүнө Нигерия президенти Мухаммаду Бухари Британия алардын уурдалган активдерин кайтаруусу керектигин айтып жооп берди.

Бул маселе шаршемби күнү британ парламентинде көтөрүлгөндө Дэвид Кэмерон өзү төмөнкүлөргө токтолду:

- Саммитти Лондондо өткөрүүнүн мааниси - чара көрүү өнүккөн да, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн да талап кылынып жатканында. Биз жасай турган кадамдарын бири Британияда мүлк алган чет элдик компаниялар анын акыркы ээси ким экендигин ачыктоосу. Биздин ишенимибизде бул Африка өлкөлөрүнүн уурдалган акчаларынын Лондондо катылбай турганын кепилдөөнүн бир жолу болот.

Маалыматтарга караганда, Британия Евробиримдиктин жана Чоң жыйырманын өлкөлөрүнөн алгачкы болуп аларда катталган компаниялардын акыркы же бенефициардык ээлерин көргөзгөн коомдук реестрди келерки айда ишке киргизет деп күтүлүүдө.

Бирок, коррупцияга каршы активисттер расмий Лондон ушундай эле чарага барууга офшордук компаниялар катталган океан аралдарындагы аймактарын да мажбурлашы керектигин айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG