"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Түркияда президент жана премьер-министр өлкөнүн жаңы Башмыйзамында секуляризм принциби сакталат деп ырасташты. Мунун алдында парламент спикеринин аталган жобону Конституциядан алуу чакырыгы нааразылык жараткан эле.
Ооган талиптеринин Катардагы саясий кеңсеси Пакистанга жиберген делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу жолдорун издөө үчүн барганын четке какты.
АКШ президенти Барак Обама менен немис канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрүндө Батыштын Орусияга каршы санкциялары ал Минск тынчтык келишими боюнча милдеттемелерин аткармайынча күчүндө кала берери дагы бир жолу ырасталды.
АКШ жана араб өлкөлөрү ИМ тобуна каршы күрөштөгү кызматташтыкты улантат жана аймактагы башка жаңжалдарды жумшартуунун үстүндө бирге иштейт. Бул тууралуу Сауд Аравиядагы саммитте айтылды.
Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин акыркы эки жыл ичиндеги алгачкы отуруму өттү. Бирок анын соңунан эки ортодогу пикир келишпестиктердин тереңдиги кайрадан ырасталды.
Европаны мусулман мигранттар капташына каршы демонстрациялары менен белгилүү болгон бул кыймылдын жол башчысын немис бийликтери чет элдиктерге каршы кастыкты козуткан, качкындардын ар-намысына шек келтирген деп айыптоодо.
Орусияда Тергөө комитетинин башчысы саясий нааразылыкка, башкача ойлонгондорго, интернетке каршы жаңы чараларды колдонуу чакырыгы менен чыкты.
Украинада Орусиянын эки жараны он төрт жылдан абакка кесилlи. Расмий Киев орус аскер кызматчылары деп санаган, Москва четке каккан бул эки жаран эми Орусиянын түрмөсүндө отурган украиналык аскерий учкуч Надежда Савченкого алмаштырылуусу мүмкүнбү?
Ирак менен Сириянын аймактарын көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” террордук тобунун кирешеси кеминде үчтөн бирге азайды. Мындай тыянакты АКШда жайгашкан иликтөө уюмдун соңку эсептери көргөздү.
Ооганстанда "Талибан" кыймылы “жазгы чабуулга” өткөнүн жарыялады. Мунун алдында Кабул менен Вашингтондун 9-апрелдеги сүйлөшүүлөрүнүн соңунда "Талибанга" тынчтык жараянга катышуу чакырыгы кайрадан жасалган эле.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган немис куудулуна каршы Германиянын прокуратурасына арыз жолдоду. Түрк лидери германиялык куудулду теледен окулган сатиралык ыры үчүн айыптоодо.
Дүйнөлүк коомчулукка шардана болгон “Панама документтеринин” мааниси канчалык жана ал байлыкты, бизнестин ээсин жашырган офшордук компаниялардын ачык-айкындуулугун мындан ары камсыздоого канчалык салым кошо алат ?
Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама салыктан качууну глобалдык көйгөй деп атап, офшордук компанияларга, салык башпаанегин бергендерге, жасалма фирмаларга каршы эл аралык чараларды күчөтүүгө чакырды.
Евробиримдик Түркияга мигранттарды депортациялоо жараянын баштады. Алардын алгачкы тобу Грециядан Түркияга кечээ жеткирилди. Бул иш Брюссель Европаны көздөй бет алган качкындар агымын токтотуу аргасында Анкара менен өткөн айда түзгөн талаштуу макулдашуунун негизинде аткарылып жатат. Адам укугун коргоочулар депортация жараянын сынга алууда.
Саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндамада эски совет аймагынан айрым президенттердин ысымдары аталган.
Акыры кезде бийлик менен оппозициянын кайым айтышуусунун, айыптоолорунун мазмуну "саясий элитанын" сапаты мурдагыдан да кеткенин көргөзүүдө.
Вашингтондо эртең өзөктүк коопсуздук боюнча саммит башталганы турат. Бирок дүйнөнүн өзөктүк куралы бар ири державаларынын бири - Орусия бул глобалдык жыйынды бойкоттоону чечти.
Кремль аты аталбаган чет өлкөлүк өкмөттөрдү жана медиа уюмдарды Орусиянын алдыдагы парламенттик шайлоосуна кийлигишүүнү көздөөдө деп айыптады.
Лахор шаарындагы ири теракт үчүн "Талибан" менен байланышкан топ жоопкерчилик алып, христиандарды атайлап бутага алышканын билдирди. Жекшембинин кечиндеги жардыруудан жетимиштей кишинин өмүрү кыйылып, 300дөй адам жаракат алды.
Чек ара талаштарын эки тарап өз ара такыр макулдаша албай койгондо муну жөнгө салуунун кандай укуктук механизмдери бар?
Дагы жүктөңүз