Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Сирия: Орусиянын сунушу колдоо таппады


Идлибдеги аба сокку
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Идлибдеги аба сокку

Орусиянын сириялык козголоңчулардын эки тобун террорчул уюмдардын тизмесине кошуу сунушу БУУнун Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү тарабынан четке кагылды. Бул аралыкта Сирияда ок атышууну токтотуу шарттары утур-утур бузулууда, ал эми өкмөт менен оппозиция ортосунда токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандандыруу аракети келерки аптада кайрадан көрүлгөнү жатат.

Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинин террорчул уюмдар боюнча "кара тизмесине" сириялык козголоңчулардын “Жаиш ал-Ислам” (Ислам армиясы) жана “Ахрар ал-Шаам” топторун кошууну сунуш кылган.

Орусиялык тарап өз сунушун аталган топтордун “Ал-Каида”, “Ислам мамлекети” террордук топтору менен байланышы бардыгына негиздеген экен.

Бирок "кара тизмеге" жаңы топторду киргизүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин он беш мүчөсүнүн мунаса чечими талап кылынат. Орусия сунушуна болсо АКШ, Британия, Франция жана Украина каршы чыккан.

Батыш дипломаттарынын жүйөсүнө караганда, сириялык эки топту "кара тизмеге" кошуу ушу тапта “өтө терс натыйжа берет жана ок атышууну токтотуу, тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүү боюнча аракеттерге зыянын тийгизет”.

Буга кошумча Сирия оппозициясынын негизги агымындагы топторду обочодо калтыруу алардын турумун дагы катаалдаштырып, беш жылдык жарандык согуштун аякташы үчүн саясий чечим издөө жолунан чыгарат.

Идлибдеги Хафсаржа деген жерге абадан сокку урулгандан кийин. 9-май, 2016-жыл.
Идлибдеги Хафсаржа деген жерге абадан сокку урулгандан кийин. 9-май, 2016-жыл.

Орусия "кара тизмеге” кошууну талап кылган “ Жаиш ал-Ислам” тобу Сирия оппозициясынын Жогорку сүйлөшүү комитети деген бирикмесине мүчө жана Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан.

Ал эми “Ахрар ал-Шам” Сириядагы кубаттуу исламчыл топтордун бири, бирок оппозициялык коалицияга кошулган эмес жана “ал-Каиданын” Сириядагы канаты “ал-Нусра фронтуна” байланышы бардыгы менен белгилүү.

Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусия февралда макулдашкан планга ылайык, анын шарттары “Ислам мамлекети” тобу менен катар “ал-Нусра фронтуна” да жайылтылбашы керек.

Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинде сунушу четке кагылуусун тикелей комментарийлеген жок, бирок Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, алар жана Сирия өкмөтү азыр да “ал-Нусра фронту” менен кызматташкандарды соккуга алынуучулар катары карайт.

Бузулган макулдашуу, үмүт артылган сүйлөшүү

Сириядагы жарандык согушка башынан байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы ырастагандай, Идлиб провинциясындагы Бинниш деген шаарчанын эл жашаган кварталына 10-май күнү абадан жасалган соккудан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды.

Бинниш шаарчасы аба соккусунан кийин. 10-май, 2016-жыл.
Бинниш шаарчасы аба соккусунан кийин. 10-май, 2016-жыл.

Дагы бир нече адам жараат алган аба соккуну сириялык же орусиялык аскерий учак жасагандай.

Президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлибдеги бул аба соккусун жана ок атышууну токтотуу макулдашуусунун шарттары утур-утур бузулуп жатканын күбөлөндүргөн окуянын видеосу интернет аркылуу да тарады.

Ал эми ок атышууну токтотуу боюнча февралда жетишилген макулдашууга карабай, жакында уруш күчөп, бир нече күн ичинде эле 300дөй адамдын өмүрү кыйылган Алеппо шаарында жана анын айланасында 10-майдын түнүнөн тарта ок атышпоонун мөөнөтү дагы 48 саатка узартылды деп эсептелүүдө.

Алепподогу уруштар Дамаск өкмөтү менен оппозициячыл топтордун Женевадагы сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учураткан эле. Эми сүйлөшүүлөргө дем берүү аракетинде Сирияны колдоо боюнча эл аралык топко мүчө 17 адам келерки аптада Венада кайрадан жыйналганы жатат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри СNN телеканалы менен 10-май күнкү маегинде Сирия боюнча саясий чечимдин табылышы көп жагынан Орусияга да көз каранды экенин эскертти:

- Эгер Орусия Сириядагы саздан толугу менен чыгууну кааласа, алар саясий чечимди чындап табуусу керек. Азыр ал өздөрү көздөгөн саясий чечимге умтулууда, бирок бул ишке дайым эле жарамдуу боло бербейт. Биз муну түшүнөбүз.

Жон Керринин айтымында, Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун 17-майда Венадагы жыйынында ок атышууну токтотуу макулдашуусуна, саясий жараяндын аткарылышына, мөөнөтүнө байланышкан маселелер талкууланат.

Анын соңунан Сирия оппозициясы менен өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү жанданат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG