"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча сот жараяны 1-июлда Ош шаардык сотунда уланды. Келерки сот 9-июлга белгиленди.
"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Кыргызстандын калкын таза суу менен толук камсыздоонун бүгүнкү абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сөз болот.
Өзгөндүн Дөң-Булак айылында жергиликтүү эл союздан калган эски чайхананы өз демилгеси менен бала бакчага айландырышты. 60 орундуу бала бакча 21-июнь күнү наристелерге эшигин ачты.
Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сотто чыккан жаңжалда шектүүнүн «токмок жедик» деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты. Экинчи тарап муну прокурордун өлүмү боюнча сотту создуктуруу аракети деп баалоодо.
Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча өтүп жаткан сотто мушташ чыгып, шектүүнүн “токмок жедик” деген жакындары экинчи тараптын үстүнөн милицияга даттанышты. Экинчи тарап муну прокурордун өлүмү боюнча сотту создуктуруу аракети деп баалоодо.
Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча Ош шаардык сотунда каралып жаткан иш үзгүлтүккө учурады.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь окуяларына быйыл тогуз жыл болду. Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда маркумдарды эскерүү иш-чаралары өттү.
Өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь окуяларына тогуз жыл болду.
Мыйзамсыз деп табылган көп кабаттуу үйдү ээси өзү сүрдүрүп, жерди мурдагы калыбына келтирмей болду.
Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин №64 дарегинде салынып жаткан үйдү 4-июнда мэрия атайын техниканын жардамы менен сүрдүрө баштады. Көп кабаттуу үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясы «үйдү өзүбүз бузабыз» деп шаардын тийиштүү кызматтарына тилкат жазып берди.
Оштогу «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу бычактан алган жараатынан ооруканада каза болду. Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу башка мектептин окуучусу кармалды.
Ошто касапкана ээлери иш ташташты. Алар буга акыркы убакта коюлуп жаткан талаптар негизсиз жана оор экенин жүйө келтиришүүдө.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Сот аткаруучулар талаштуу имарат боюнча сот чечимин аткара элек.
Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машина «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат.
Ош шаарында өткөн поэзия кечеси Азербайжан эл акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата, Түрксой уюмунун алкагында өткөрүлдү.
Максат айылы Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш төмөнкү аймагында жайгашкан. Айыл 1992-1996-жылдары негизделип, өкмөт тарабынан 60 турак үй курулган. Ага Лейлек районунун аймагынан көп балалуу үй-бүлөлөр келип отурукташкан.
Өзгөндө камалган блогер Бауржан Кадырбеков 18-майда эркиндикке чыкты.
Баткенде Тажикстан менен чектеш аймактарда суусуз, адыр жерлерди өздөштүрүүдө тамчылатып суугаруу ыкмасы жайылтыла баштады. Баткен районунун Көк-Таш айылында көп жылдардан бери какырап турган таштуу дөңсөөгө бак тигип жатышат.
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
Дагы жүктөңүз