Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Ошто окуучу бычак жеп каза болду


Ош шаары
Ош шаары

Оштогу «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу бычактан алган жараатынан ооруканада каза болду. Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу башка мектептин окуучусу кармалды.

Шаардык милициянын маалыматында окуучу балдардын араздашуусу түшкө чейин он жарым чамасында мектептин короосунан сырт жакта дүкөндүн жанында болгон.

“Кыргызстандын 40 жылдыгы” мектебинин кароолчусу окуучу Самат Акматовду жаракат алгандан кийин көргөнүн билдирди. Атын атагысы келбеген кароолчу көргөн-билгенин мындайча айтып берди:

«Курсагын кармап мектептин дарбазасынан кирди. "Эмне болду?" деп чуркап бардым. Ал "мени бирөө сайып кетти" деди. Ошол учурда бир ата-эне келип калды. Мен чуркап көчөгө чыксам үч бала качып кетти. Саматты машинага салып ооруканага алып бардык».

Кыялбек Ташболотов
Кыялбек Ташболотов

Ош облус аралык балдар клиникасынын директору Кыялбек Ташболотов окуучу оор абалда келгенин, бычактан жараат алып, көп кан жоготконун маалымдады.

«Бизге келгенде эле кан басымы түшүп кеткен экен. Канды көп жоготкон. Операцияга дарыгерлердин төрт тобу катышты. Чоң бычак сайылгандыктан бөйрөккө чейин жетиптир. Ал жерден чоң тамыр кесилгендиктен канды токтото алган жокпуз. Баланын өмүрүн сактап калууга өтө аракет кылдык. Бирок сактап кала албадык. Бычактан жараат алганы анык. Бычактын изи да турат».

Кыргызстандын 40 жылдыгы мектеби
Кыргызстандын 40 жылдыгы мектеби

"Окуя болгон учурда мектептин бардык мугалимдери экзамен алып жатышкан", деп айтты мектептин директору Татьяна Хорева.

«Самат мектептин мыкты окуучусу болгондуктан бардык экзамендерден бошотулган. Ал мектеп тарапкакантип келип калганын билбей турам. Самат эч ким менен урушпаган, мектептеги жаңжалдарга да аралашпаган бала эле. Ага бычак сайган балдар биздин мектепте окубайт. Мектептин камералары да көчө тарапка багытталган эмес».

Ош шаардык милициясы окуяга шектүү катары Оштогу медреселердин биринде билим алып жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү кармашкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиргени боюнча, шектүү учурда сурак берип жатат.

«Өзүнүн айтуусунда шектүү Оштогу медреселердин биринде биринчи курста окуйт экен. Ал мектептин жанында баратып башка окуучулар менен айтыша кеткен. Ошондон кийин ал бир окуучуну учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жараатынан улам окуучу ооруканада каза болду. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат».

Бычактан алган жараатынан улам каза болгон окуучу Самат Акматовдун жакындарынын айтымында, анын апасы учурда Орусияда иштеп жүрөт. Каза болгон Самат кечээ күнү досунун үйүндө экзаменге даярдануу үчүн атасынан уруксат сурап үйдөн чыккан экен.

Мындан эки күн мурда, 28-майда Бишкекте №48 мектептин 9-классынын окуучусу ур-токмоктон каза тапкан.

Ошол эле күнү Интернетте белгисиз өспүрүмдү катар тизилген окуучулар четинен уруп жатканы тартылган тасма тараган. Тасмадагы окуучулар Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы мектептердин биринде билим алаары белгилүү болду. Окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо органдарынын маалыматында, тасмадагы 9-класстын окуучуларын уруп жаткан 11-класстын окуучусу жактырган кызын кызганып, балдарды урганын айтып берген. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG