"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
18 жашында Ата Мекендик согушка аттанган Мамажан Токтосунов Кара-Суу районунун Маданият айылындагы көзү тирүү жалгыз ардагер. Ал быйыл 95 жашка чыкты.
Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталды.
Мандалактарын сатуудан киреше табууну көздөгөн ишкер Голланд сортундагы жоогазынды бир нече жыл мурун Москвадан алдырган. Ишкердин жоогазын айдыңына кабарчыбыз Медер Ниязалиев барып, тасмага түшүрүп келген.
Кара-Суу районунун Эркин айылынын тургуну Сайфидин Сыдыков эски советтик оор жүк тарткан автоунаалардын жана айыл чарба техникаларынын тетиктеринен чоң трактор курап чыкты. Бир жарым жылда куралган трактор алгачкы ирет эгин талаасына чыгып жер айдады.
Өзгөндүн Кайнар айылында автоунаа жүргөнгө ылайыктуу жол жок болгондуктан, айылдыктар өз күчү менен жол курууга киришти. Эч кандай техникасыз, жалаң темир казык, барскан менен тоонун боорунан жол салууга киришкен эл өкмөттөн деле жардам сурабаптыр.
Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында тирешүү чыккан. Азыр аймакта элдин маанайы кандай?
Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта ал жерде ок атылып, Тажикстан тараптан эки киши каза тапканы кабарланган.
Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга туш болгон Ак-Сай айылынын тургундары Нооруз майрамын мектеп аянтында белгилешти.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Өзгөн районундагы Кайнар айылынын 1-класстан 4-класска чейин билим алып жаткан 12 окуучусу бир класста окушат. Айыл тургундары 2000-жылы өз каражатына ашар жолу менен курган мектепте 56 жаштагы жалгыз мугалим сабак берет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы болгон жер титирөөдө жарака кеткен мек
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Баткендиктер Тажикстандан кирген азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып чыгышты. Облус аймагындагы соода жайларда кошуна өлкөдөн алынып келинген эт жана сүт азыктары, өсүмдүк майы сатылат. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары бул товарлардын сапаты көзөмөлгө алынбай жатат деген ойдо.
Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда ойногондон бери Оштогу Асыл Момунов атындагы Футбол академиясына балдарын жетелеп келген ата-энелер көбөйдү.
Ош шаарында жүз килограммдан ашуун сымапты алып жүргөндөр кармалды.
Азия кубогунда чейрек финалга жеткен Кыргызстандын курамасында ойногон футболчулар Мустафа Юсупов жана Муролимжон Ахмедов спорттук карьерасын Кадамжайдан башташкан. Бүткүл Союзга белгилүү болгон “Мелиоратор” сыяктуу футбол командасы ойноп, машыккан стадиондо азыр “Исфайрам” футбол клубу жаш жеткинче
Кара-Суу районундагы ооруканага баласына кызамык жуккан элүүдөн ашык ата-эне кайрылды.
Кыргызстандык Назгүл Жаманкулова Германияда жашап, иштегенине он беш жыл болду. Ал дары-дармектерге лицензия берүүчү Parexel аттуу Берлинде жайгашкан дүйнөлүк ири компанияда инженер болуп иштейт. Немис элинин ичинде кызын кыргыз элинин каада-салты менен тарбиялап жаткан Назгүл Кыргызстанга качандыр
Ош шаарында 33 бейтап жеңилдетилген тартипте гемодиализ алуудан баш тартып жатышат.
Ош шаарындагы Батыш базарынын ордуна аллея куруу тууралуу буйрук 8-январда күчүнө кирет.
Оштогу көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө эки кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
Дагы жүктөңүз