Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Ошто сот токтото албаган талаштуу курулуш


Оштогу талаштуу курулуш.
Оштогу талаштуу курулуш.

Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүнүн №64 дарегине курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн салынышына ошол аймакта жашаган тургундар каршы чыгып жатышат.

«Курулуш токтотулсун» деген шаар тургундарынын арызын шаардык жана облустук сот канааттандырган. Бирок алар сот аткаруучулардын аракети жашоочуларды бүдөмүк ойго алып келгендигин айтып жатышат.

Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндөгү үйдүн курулушу 2018-жылдын сентябрь айында башталган. Көп кабаттуу үйдү курууга тийиштүү уруксат кагаздары жок туруп башталган ишке ошол аймакта жашаган шаар тургундары нааразы болуп чыгышкан. Анын себебин шаар тургуну Вера Маматова мындайча түшүндүрдү:

Вера Маматова.
Вера Маматова.

«Биз бул курулушка каршыбыз. Учурда төрт кабаты курулуп калды. Бирок бул курулуш эч кандай талаптарга жооп бербейт. Биздеги канализация, суу жана электр энергиясы 12 кабаттуу үйлөргө эсептелген эмес. Эгерде бул 12 кабаттуу үй бүтсө, мен жашаган үйдү күндүн жарыгынан толугу менен тосуп калат».

Үйдү куруп жаткан «Евро стиль» компаниясынын курулуш ишин текшерүүнү өтүнүп шаар тургундары Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгына кайрылышкан.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын курулуш бөлүмүнүн башчысы Осмонкул Курманбековдун айтымында, «Евро стиль» компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамсыз деп табылып, иш Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. Осмонкул Курманбеков бул үйдөн башка дагы Ош шаарынын аймагында тийиштүү уруксат кагаздарысыз иш алып барып жаткан 9 көп кабаттуу үйдүн иши сотко өткөрүлгөнүн кошумчалады:

Осмонкул Курманбеков.
Осмонкул Курманбеков.

«Учурда шаарда курулуп жаткан 10 көп кабаттуу үй менен соттошуп жатабыз. Эч кандай документтери болбостон курулуш иштерин баштаганы такталып, сотко өткөрүп бергенбиз. А.Масалиев проспектисинде курулуп жаткан үйдү да текшерип, сотко өткөргөнбүз. Сот курулушту токтотуп, «ал жерди баштапкы абалына келтирсин» деп чечим чыгарган. Ал чечимди сот аткаруучулар сөзсүз аткарышы керек».

2018-жылдын 5-декабрында Ош шаардык соту «Евро стиль» курулуш компаниясын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 454-беренеси («Объектилерди мыйзамсыз куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объектилерин өзгөртүү») менен күнөөлүү деп таап, «Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин №64 дарегиндеги үйдүн курулушун токтотуу жана аны баштапкы калыбына келтирүү менен мамлекеттин эсебине 200 миң сом өндүрүлсүн» деп чечим чыгарган. Бул чечимди 2019-жылдын 3-апрелинде Ош облустук соту күчүндө калтырган. Бирок сот аткаруучулар тарабынан тийиштүү аракет жүргүзүлбөй жатканын облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов мындайча түшүндүрдү:

Бекзат Осмонкулов.
Бекзат Осмонкулов.

«Бул токтом боюнча аткаруу барагы жазылып, сот аткаруучуларга келип түшкөн. Бирок сот аткаруучу аталган жердин баштапкы калыбы кандай экенин түшүндүрүп берүү жөнүндө сотко кайрылган. Ошол себептен бүгүнкү күндө чечимди аткаруу токтоп турат».

«Евро стиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов учурда көп кабаттуу үйдүн мыйзамдуулугун сот аныктаарын, бул иш азыр Жогорку сотто каралып жатканын билдирди:

«Бул жерге көп кабаттуу үй курса болот, кагаздар бизде да бар. Курулуш баштаардан мурда тийиштүү мекемелерге кат менен кайрылганбыз. Биз деле мыйзам менен иштейбиз. Азыр бул иш боюнча Жогорку сотко кайрылдык».

Ош облустук сотунун чечими.
Ош облустук сотунун чечими.

Ош шаар мэриясынан билдиргендей «Евро стиль» курулуш компаниясы соттук териштирүү аягына чыга элек болсо да курулушту токтотпой уланта берген. 21-майда шаар мэриясынын, Мамэкотехинспекциянын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү барып, «Евро стиль» компаниясынын юристинен курулушту тез арада токтотууну талап кылышкан.

Мурда дагы мэриянын буйругу менен курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, ага курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG